Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
10 Бардыгы / Бүгүн, 15-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунун жашоочулары менен жолугушту. Анда Мамлекет башчысы акыркы жылдардагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү жаатындагы жетишкендиктерин белгилеп өттү. Айрыкча быйыл азыркы эгемен Кыргызстан башат алган Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында бир топ объектилер ишке киргизилди. Өлкө башчы бүгүн […]
11 Бардыгы / Бүгүн, 15-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунун жашоочулары менен жолугушту. Анда Мамлекет башчысы акыркы жылдардагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү жаатындагы жетишкендиктерин белгилеп өттү. Айрыкча быйыл азыркы эгемен Кыргызстан башат алган Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында бир топ объектилер ишке киргизилди. Өлкө башчы бүгүн […]
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНУН ЖАШООЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
15.11.2024 / Автор anarkan_kg

12 Бардыгы /
Бүгүн, 15-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунун жашоочулары менен жолугушту.
Анда Мамлекет башчысы акыркы жылдардагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү жаатындагы жетишкендиктерин белгилеп өттү. Айрыкча быйыл азыркы эгемен Кыргызстан башат алган Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында бир топ объектилер ишке киргизилди.
Өлкө башчы бүгүн болсо эксклавда жашап кыргызстандыктарды Кара-Суу районуна – Жаңы-Барак айылына көчүрүп, түптөлгөн жаңы конушту өрүлүктөп келгенин айтты. Ал акыркы жылдары өлкөдө бардык тармактарда алгылыктуу жумуштар жасалып, калктын жашоо-шартын жакшыртуу багытында сезилээрлик жылыштар байкалып жатканын белгиледи.
“Бул аракеттерден Тогуз-Торо району дагы куру эмес деп ойлойм. Тогуз жолдун тоому саналган, үч облус менен чектешкен Тогуз-Торо районунда да социалдык-экономикалык, инфратүзүмдүк, маданий иштер жүрүп жатат. Айыл чарбасы, өнөр жай, кайра иштетүү жаатында да иш-аракеттер жасалууда. Кышы катуу бул өрөөнгө зарыл болгон “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү жолунун курулушу 2025-жылдын жай айларында толук аяктайт деп турабыз”, – деди Президент.
Мамлекет башчысы ошондой эле жакынкы убакта башталуучу “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу да план боюнча мына ушул аймактан өтөрүн айта кетти. Бул ири долбоордун ишке ашуусу менен туңгуюктагы Тогуз-Торо району өлкөнүн транзиттик потенциалы чоң аймактардын бирине айланат.
Садыр Жапаров бул райондо социалдык-экономикалык мааниси чоң жолдор салынып, ал эми райондогу ички жолдорго асфальт төшөө ыраат-ырааты менен жүргүзүлүп жатканына токтолду.
Тогуз-Торо районундагы Союз мезгилинен бери каралбай калган “Казарман” аэропорту толук реконструкциядан өткөрүлгөнү – каттам тармагына байланыштуу дагы бир кубана турган көрүнүш. Президент анын ишке берилүүсү менен жашоочулардын жол азабы жеңилдеп, элдин эки жакка каттоосу бир топ жакшырат деген ишенимин билдирди.
Садыр Жапаров мамлекет өлкө боюнча сугат суусуна өзгөчө көңүл буруп, каналдарды тазалоо, суу чыкпаган жерлерге суу чыгаруу, БСР, БДРлерди куруу иштерин колго алып жатканын белгиледи.
“Мен жергиликтүү бийликтин көмөгү астында, эң башкысы мына сиздердин – район жашоочуларынын биримдигинин арты менен ашар уюштурулуп, узундугу 9 чакырымдан ашуун “Доржу” каналын реконструкциядан өткөрүлгөндүгүнө абдан кубандым. Биримдиктин, ынтымактын, бир максатты көздөөнүн натыйжасында райондогу 456 гектар жерге сугат суусу жетип олтурат”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.
Андан соң Мамлекет башчысы кызыккан суроолорун бериш үчүн жергиликтүү тургундарга сөз берди. Жергиликтүү тургундар негизинен бала бакчаларды ачуу, таза суу менен камсыздоо, туруктуу интернет байланышы, ички жолдорду жакшыртуу жана башка социалдык маселелерди көтөрүп, алар боюнча Садыр Жапаров Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевге тиешелүү тапшырмаларды берди.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
06.09.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна КАДАМЖАЙДА 41 ТУРАК ЖАЙ СЕЛ КОРКУНУЧУНАН КОРГОЛУУДА
-
16.09.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ОШ ШААРЫНДА ЫНТЫМАК ЖУМАЛЫГЫ БАШТАЛДЫ
-
24.09.2024 / Автор anarkan_kg ЖОЛ ТАРТИБИН БУЗГАНДАР АКЧАЛАЙ АЙЫПКА ЖЫГЫЛЫШТЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.