Аймак

ООГАН-ТАЛАА АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ АЙМАКТЫК ООРУКАНАНЫН ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

ООГАН-ТАЛАА АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ АЙМАКТЫК ООРУКАНАНЫН ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

 3 Бардыгы /

Бүгүн 15-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун онлайн катышуусу менен  Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагынын Ооган-Талаа айылында жаңы аймактык оорукананын имаратынын ачылуу аземи өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, район акими Мирлан Карагулов жана жергиликтүү айыл тургундары катышты.

Оорукананын курулушу 2018-жылдын октябрь айында башталган. Жалпы 40 орундуу медициналык мекеме республикалык бюджеттен каржыланып, ага 113 млн. 641 миң сом акча каражаты жумшалган.

Белгилей кетсек, Арстанбап-Ата айыл аймагынын Ооган-Талаа айылында 8 миң 582 калк жашайт.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17