Аймак

ПРЕЗИДЕНТ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВГО ЖАНА БИР КАТАР ЖЕТЕКЧИЛЕРГЕ СӨГҮШ ЖАРЫЯЛАДЫ

ПРЕЗИДЕНТ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВГО ЖАНА БИР КАТАР ЖЕТЕКЧИЛЕРГЕ СӨГҮШ ЖАРЫЯЛАДЫ

 3 Бардыгы /

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан орто мектептердин мугалимдери үчүн сапатсыз ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы бир катар жетекчилерге сөгүш берилди.

Сөгуш алгандар:

– Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров;

– Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов;

– Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;

– Билим берүү жана илим министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева;

– Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары – тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы Жипариса Рысбекова;

– Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Медербек Омурбеков. 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17