Аймак

ОБЛУС БАШЧЫ “АЗИЯ БАЛДАРЫ” ЭЛ АРАЛЫК КОМИТЕТИНИН ПРЕЗИДЕНТИ ВЛАДИМИР МАКСИМОВ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

ОБЛУС БАШЧЫ “АЗИЯ БАЛДАРЫ” ЭЛ АРАЛЫК КОМИТЕТИНИН ПРЕЗИДЕНТИ ВЛАДИМИР МАКСИМОВ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 26-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Бишкек шаарында “Азия балдары” эл аралык комитетинин президенти Владимир Максимов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар балдар жана жаштар арасында спортту өнүктүрүү боюнча комитет менен өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Облус башчысы Тилек Текебаев, Жалал-Абад спорт демилгелерин жигердүү өнүктүргөн жаштардын шаары экенин белгиледи. Ошондой эле облустун аймагында балдар спортун жайытуу, ага карата түзүлүп жаткан шарттарга токтолду.

Өкүл “Азия балдары” эл аралык комитети менен бирге Жалал-Абад облусунун аймагындагы балдар жана өспүрүмдөр спортун колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар экенин билдирди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17