Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА 12 ГЕКТАР ЖЕРГЕ ОЮН-ЗООК ПАРКЫН УЮШТУРУУ ПЛАНДАЛЫП, АГА СЫНАК ЖАРЫЯЛАНДЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДА 12 ГЕКТАР ЖЕРГЕ ОЮН-ЗООК ПАРКЫН УЮШТУРУУ ПЛАНДАЛЫП, АГА СЫНАК ЖАРЫЯЛАНДЫ

 3 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарынын мэриясы Аюп-Тоо учаскасында жайгашкан (12 га) муниципалдык жер тилкесине заманбап оюн-зоок паркын уюштуруу үчүн эскиздик долбоор даярдоого конкурс жарыялайт.

Конкурстун шарттары:

– 12 га жер тилкесине заманбап оюн-зоок паркын долбоорлоо;

– Долбоорду топографиялык съемкага ылайык жүргүзүү;

Долбоорлор 2024-жыл, 20-декабрь күнү, саат 17:00 гө чейин кабыл алынат.

Байге фонду 500 миң сомду түзөт (анын ичинен 1 орунга 400 миң сом жана 2 орун 100 миң сом).

Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын курулуш, транспорт жана коммуникация секторуна же төмөндөгү телефон номерлерге кайрылсаңыздар болот.

Оюн-зоок паркынын жайгашкан жеринин географиялык узундугу жана кеңдиги:

– Кеңдик – 40°55’22.14″С

– Узундук – 73° 1’10.47″В

Суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:

– Kurulush-meriya@mail.ru

– тел: +996555522121

– тел: 0(3722) 5-36-39

Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маалымат борбору

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17