Аймак

МЭР ШААРДАГЫ БАЛА БАКЧАЛАРДЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНЕ ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

МЭР ШААРДАГЫ БАЛА БАКЧАЛАРДЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНЕ ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

 3 Бардыгы /

Кечээ, 4-декабрь күнү Жала-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков бала бакчалардын жетекчилерине жыйын өткөрүп, ишине шалаакы мамиле кылган кызматкерлерге чара көрүлө тургандыгын эскертти.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,

жыйынга мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Чыңгыз Айтимбетов катышты.

Жыйында калаа башчы акыркы учурларда бала бакчаларда орун алган окуяларга тынчсыздануусун билдирип, мындай көрүнүштөр шаардагы бала бакчаларда орун албашы керектигин эскертти. Ошондой эле, тийиштүү жетекчилерге бул багытта бала бакчаларда эмгектенген кызматкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, терс көрүнүштөрдүн алдын алуу тапшырмасы коюлду. Эрнисбек Ормоков мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде өз ишин сүйгөн, кесипкөй инсандар иштеши зарылдыгын кошумчалап, бардык бала бакчаларды көзөмөл камералары менен камсыздоо тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпы 29 бала бакча бар.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17