Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК КЛИНИКАЛЫК ООРУКАНАСЫНА ЖАНА БАЛДАР ООРУКАНАСЫНА ТЕЗ ЖАРДАМ УНААЛАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК КЛИНИКАЛЫК ООРУКАНАСЫНА ЖАНА БАЛДАР ООРУКАНАСЫНА ТЕЗ ЖАРДАМ УНААЛАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 5-декабрда Жалал-Абад облустук клиникалык оорканасына жана облустук балдар ооруканасына бирден тез жардам унаасы тапшырылды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, унааларды тапшыруу аземине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков жана дарыгерлер катышты.

Шаар мэри аталган тез жардам унаалары ооруканалардын иштөө сапатын жакшыртып, дарыгерлердин ишин бир топ жеңилдетээрин белгиледи. Ошондой эле, ооруканалардагы тез жардам унааларынын тартыштыгын чечүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевге жана Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге терең ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жана облустук балдар ооруканасынын жетекчилиги тез жардам унааларына муктаждык күч экендиги боюнча буга чейин шаар бийлигине жана Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевге кайрылышкан.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17