Өлкө аймактары менен кубаттуу
ӨРТТӨН САК БОЛУҢУЗДАР!
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
1 Бардыгы / Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда дээрлик үч Жалпы дарыгерлер практикалык борбору (ЖДПБ), мындайча айтканда, аймактык оорукана бар. А булар жалпы жонунан 243 720 калкты медициналык жактан үзгүлтүксүз гана тейлеп келатышат. Кабарчыбыз Өзгөн ЖДПБсын катарынан кыдырып, аз халатчандардын түмөн түйшүгү менен жеринде ганап таанышып кайтты. Сагынбек АСАНОВ, Өзгөн Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун балдар бөлүмүнүн […]
2 Бардыгы / Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда дээрлик үч Жалпы дарыгерлер практикалык борбору (ЖДПБ), мындайча айтканда, аймактык оорукана бар. А булар жалпы жонунан 243 720 калкты медициналык жактан үзгүлтүксүз гана тейлеп келатышат. Кабарчыбыз Өзгөн ЖДПБсын катарынан кыдырып, аз халатчандардын түмөн түйшүгү менен жеринде ганап таанышып кайтты. Сагынбек АСАНОВ, Өзгөн Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун балдар бөлүмүнүн […]
ӨЗГӨНДҮК ДАРЫГЕРЛЕР КАЛК САЛАМАТЧЫЛЫГЫНДА КҮЗӨТТӨ КЫРААКЫ ТУРУШАТ
10.12.2024 / Автор anarkan_kg3 Бардыгы /
Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда дээрлик үч Жалпы дарыгерлер практикалык борбору (ЖДПБ), мындайча айтканда, аймактык оорукана бар. А булар жалпы жонунан 243 720 калкты медициналык жактан үзгүлтүксүз гана тейлеп келатышат. Кабарчыбыз Өзгөн ЖДПБсын катарынан кыдырып, аз халатчандардын түмөн түйшүгү менен жеринде ганап таанышып кайтты.
Сагынбек АСАНОВ, Өзгөн Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун балдар бөлүмүнүн башчысы:
– Биздин бөлүмүбүз 40 орунга гана ылайыкташтырылган. Бирок, ушул тапта оорулар эки эсе көбөйбөдүбү. Анткени, соңку тапта жергебизде грипп жана пневмания илдеттери ыраса активдешти. Мунун дагы кейиштүүсү: ата-энелер гөр тиричиликтин айынан сырт жактарга миграцияга агылып, жапжаш апалар сегиз айлык баласын деле кемпир-чалдарга аргасыздан таштап кетип жатышат. Ошону үчүн эмчек эмбеген жана эне сүтү менен азыктанбаган бөбөктөрдүн иммунитети дагы абдан басаңдады.
Төрөбек ЖУНУСБАЕВ, Өзгөн Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы: – Ачыгын эле айтайынчы,ымыркайларга эне мээрими жана дагы апа сүтүдээрлик жтишпейт. Кашайып кыз-келиндерибиз каллориясы күчтүү (кубаттуу) тамак-аштар менен жетиштүү деңгээлде оокаттанбай калышпадыбы…
Шарапат АБДРЕШОВА, Өзгөн Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун аялдар бөлүмүнүн башчысы:
– Биздин бөлүмүбүз 25 гана орундуу. Сыркоолор абдан көбөйгөндө, чындыгында, орун дагы таппай кыйналабыз. Стресске түшкөндөр абдан арбын. Ан бул балакеттен арылуу – сакаюу узак убакытты гана талап кылат.
Жылдызбек ДҮЙШӨЕВ, Өзгөн Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун терапия бөлүмүнүн башчысы:
– Биз ар бир сыркоого өтө астейдил гана мамиле кылабыз. Чөгөргөн көңүлүн көтөргөнгө аракетибиз абдан күч! Анткени, жылмаюу – өмүрдү чындап узартат, эй!
Замирбек ДОСОНОВ, Өзгөн Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун кан куюу бөлүмүнүн башчысы:
– Мен өзү хиргурмун. Бул ооруканада 20 жылдан бери үзгүлтүкүз эмгектенем. Адам өмүрү – кымбат жана кайталангыс! Ошону үчүн кан куюу дагы өтө этияттыкты жана чеберчиликти гана талап кылат. Жаңылышканга дегеле мүмкүн эмес!
Уулкан ЖОРОБАЕВА, Өзгөн Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы:
– Заманыбызга жараша калк арасында жугуштуу оорулардын жапжаңы түрү дагы улам көбөйүп гана баратат. Бирок, биз булардын эпидемияга айланып, анан дагы тез таралып, калк саламатчылыгына олуттуу коркунуч туудурбасы үчүн адепки аракететтерибизди бүт жасап жатабыз.
Акжигит АСАНОВ, Өзгөн Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун чоңдорду жандандыруу бөлүмүнүн башчысы:
– Бизге сыркоолор таптакыр айласы куруганда гана кайрылышат. Ошону үчүг аларды кайрадан жандандырып, акыры сакайтып, кишилердин катарына кошууга биздин далалатыбыз абдан күч! Булардын көпчүлүгү куландан соот сакайып үйүнө кайтышат.
Айгүл НИЗАМОВА, Өзгөн Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун төрөт бөлүмүнүн башчысы: – Өзгөн районунда 243 720 калк жашайт. Булардын 120 717си – аялдар. Ал эми төрөт жашындагылар 53 625ти чапчыйт. Өзгөн Жалпы дарыгерлер практикалык борбору булардын 32 121ине такай гана кызмат көрсөтүп гана келатат. Арабызда 7 дарыгер, 23 акушерка, 7 медайым, 14 санитаркабыз аийирдүү иштешет. Бөлүмүбүз 60 орундуу. Жыл сайын биздин төрөт бөлүмүбүздө 2500-300 чакты айымдар төрөп турушат. Ошого жараша материалдык-техникалык базабыз дагы бүт заманбап.
Гүлбаркан КУРМАНКУЛОВА, Өзгөн Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директорунун орун басары:
– Өзгөн Жалпы дарыгерлер практикалык борбору Өзгөн районунун 243 720 калкын ырааттуу тейлеп келатат. Дасыккан дарыгерлерибиз бар. А медайымдарыбыз дагы күнү-түнү калк саламатчылыгынын кызматында. Материалдык-техникалык базабыз жыл өткөн сайын заман талабына жараша улам чыңдалып гана баратат. Мында биздин директорубуз Бермет Алайбековна Мамасадыкованын дагы мээнети абдан чоң! Биз жетекчибиздин талапчылдыгынан жана адискөйлүгүнөн дайым үлгү алып келатабыз.
Баса, Ош облусунун Өзгөн районунда үч (Өзгөн, Мырза-Аки, Куршаб) ЖДПБсы (Жалпы дарыгерлер практикалык борбору) бар. А булардын алдыңкы сабында көч баштап биз жогоруда учкай кеп кылган Өзгөн Жалпы дарыгерлер практикалык борбору (ЖДПБсы) баратат. Адам саламатчылыгы үчүн такай кам көрүп, күнү-түннү күзөттө турушкан ак халатчандарга түйшүгү түмөн жумушунда ийгиликтерди гана каалайбыз!
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Өзгөн району
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
10.12.2024 / Автор anarkan_kg ЖКККББ: БАШАЛАМАН СООДА-САТЫК ЖҮРГҮЗГӨНДӨРГӨ 657 МИҢ СОМ АЙЫП САЛЫНДЫ
-
10.12.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨНДҮК ДАРЫГЕРЛЕР КАЛК САЛАМАТЧЫЛЫГЫНДА КҮЗӨТТӨ КЫРААКЫ ТУРУШАТ
-
-
15.12.2023 / Автор anarkan_kg МАМЛЕКЕТТИК ИПОТЕКАЛЫК КОМПАНИЯ БАШТАПКЫ ТӨЛӨМҮ ЖОК ТУРАК ЖАЙ БЕРЕТ
-
-
Маек
Жумабай ТОКТОСУНОВ: “КАРА-КУЛЖА СУГАТ СУУГА ЗАР ЭМЕС!”
Жашырып не. Азык-түлүк коопсуздугун толук кандуу камсыз кылууда суу чарба…
-
22.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.