Аймак

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК ЖАНА БАЛДАР АРАСЫНДАГЫ КЫЛМЫШТУУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН БОЛУП ӨТТҮ

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК ЖАНА БАЛДАР АРАСЫНДАГЫ КЫЛМЫШТУУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН БОЛУП ӨТТҮ

 3 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан уюштурулган үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана балдар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу маселелери боюнча кеңири жыйын болуп өттү.

КРдин Башкы прокуратурасы билдиргендей, иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк, Акыйкатчы институту, мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле прокуратуранын кызматкерлери катышты.

Жыйынга катышкан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана балдар арасындагы кылмыштуулук көйгөйлөрү коомдун өзгөчө көңүлүн талап кылаарын баса белгилешип,ар бир учурду терең изилдөө менен анын келип чыгуу себептерин аныктап, алдын алууга багытталган чараларды жүргүзүү абзел экендигине жана үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун жана балдар арасындагы кылмыштуулукту азайтуунун негизги факторлоруна токтолушту.

Коомдун келечегине терс таасирин тийгизген үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун жайылышы жана балдар арасындагы кылмыштуулуктун өсүүсү сыяктуу олуттуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн комплекстүү мамилени талап кылган чаралар талкууланды. Талкуунун жыйынтыгында бул маселелерди алдын алуу жана жоюу боюнча конкреттүү сунуштарды камтыган тийиштүү резолюция кабыл алынды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17