Аймак

ТИЛЕК ТЕКЕБАЕВ НООКЕНДЕГИ “БҮРГӨНДҮ” ЧЕК АРА ТОЗОТУНА КЫЗМАТТЫК АТТАРДЫ ТАПШЫРДЫ

ТИЛЕК ТЕКЕБАЕВ НООКЕНДЕГИ “БҮРГӨНДҮ” ЧЕК АРА ТОЗОТУНА КЫЗМАТТЫК АТТАРДЫ ТАПШЫРДЫ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 26-декабрда  Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Ноокен районунун “Бүргөндү” чек ара тозотуна, райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен алынган беш баш кызматтык аттарды тапшырды.

Аны менен катар райондук өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн 2 млн 574 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 189 сом акча каражаты жумшалып курулган чек ара тозотунун ашканасы ишке берилди.

Ыйгарым укуктуу өкүл чек ара кызматкерлеринин мекенди коргоодогу эрдигин белгилеп, аларды ар тараптуу колдоо, тармактын материалдык-техникалык базасын чыңдоо алкагындагы жумуштарга токтолду. Ошондой эле жоокерлерге бекем ден соолук жана кайраттуулук каалады.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17