Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
4 Бардыгы / Кечээ, 9-январда, Жалал–Абад облусуна болгон иш сапардын алкагында Сузак жана Ноокен райондорунан III Элдик курултайга катышкан делегаттар тарабынан айыл чарба тармагына тиешелүү маселелерди жеринде чечүү боюнча жолугушуулар болуп өттү. Жолугушууга Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, район акимдери, айыл өкмөт башчылары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин […]
5 Бардыгы / Кечээ, 9-январда, Жалал–Абад облусуна болгон иш сапардын алкагында Сузак жана Ноокен райондорунан III Элдик курултайга катышкан делегаттар тарабынан айыл чарба тармагына тиешелүү маселелерди жеринде чечүү боюнча жолугушуулар болуп өттү. Жолугушууга Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, район акимдери, айыл өкмөт башчылары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин […]
АЙЫЛ ЧАРБА ПРОДУКЦИЯЛАРЫН КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ЦЕХТЕРДИ КУРУУ ПЛАНДАЛУУДА
10.01.2025 / Автор anarkan_kg6 Бардыгы /
Кечээ, 9-январда, Жалал–Абад облусуна болгон иш сапардын алкагында Сузак жана Ноокен райондорунан III Элдик курултайга катышкан делегаттар тарабынан айыл чарба тармагына тиешелүү маселелерди жеринде чечүү боюнча жолугушуулар болуп өттү.
Жолугушууга Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, район акимдери, айыл өкмөт башчылары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин райондордогу түзүмдөрүнүн жетекчилери жана курултай делегаттары катышты.
Жалпысынан курултайда Сузак районуна боюнча айыл чарбага тиешелүү 10 суроо көтөрүлгөн, алардын ичинен таза сууга байланыштуу 3, ирригацияга 4, жайыт жана мал чарба боюнча 1, кайра иштетүү жана логистика боюнча 2 маселе көтөрүлгөн. Ал эми Ноокен району боюнча жалпы 13 маселе көтөрүлгөн, анын ичинен таза сууга байланыштуу 10, ирригацияга тиешелүү 1, жайыт жана мал чарбасы боюнча 1, минералдык жер семирткичтер боюнча 1 маселе айтылган.
Атап айтканда, Сузак району боюнча Жыгач-Коргон, Орто-Сай, Көк-Арт, Курманбек айыл аймактарына суу сактагыч жана дамба куруу, Таран-Базар, Кара-Чолок, Жерге-Тал, Жалгыз-Жаңгак, Жоон-Күнгөй, Мундуз айылдарында таза суу маселесин чечүү, С. Атабеков айыл аймагынын 3170 гектар сугат жерин суу менен камсыздоо максатында КДО каналынын сыйымдуулугун көбөйтүү белгиленген.
Ошондой эле Саймалуу-Таш улуттук жаратылыш паркындагы 7000 гектар корголуучу аймакты сактап, калган 13 миң гектарды жайыт пайдалануучуларга узак мөөнөткө берүү сунушталган. Кыз-Көл айыл аймагындагы жана ага чектеш Орток, Кара-Алма токой чарбаларында жаңгак, мисте, алма, бадам, алча, долоно, ит мурун, сары долоно, кара өрүктү кайра иштетүүчү цехтерди, мөмө-жемиш комбинатын, кургатуу жана сактоо кампаларын куруу сунушталган.
Ноокен району боюнча Момбеков айыл аймагын, Бүргөндү-Достук айыл аймагындагы Теңдик, Кудук-Сай, Чуйут-Сай, Кашкулак-Сай, Кызыл-Алма айылдарын, ошондой эле Бостон, Көк-Таш, Кормоцех, Сельхозхимия, Чиртек-Сай, Курулуш, Бирке, Кызыл-Жылдыз, Кара-Булак айылдарын таза суу менен камсыздоо маселесин чечүү айтылган. Э. Алиев айыл аймагынын Чек, Кыргызстан, Сай-Бою, Чоң-Багыш, Пас-Маала айылдары аркылуу өткөн, Өзбекстандын балансындагы 14 чакырымдык сыйымдуулугу секундасына 25 куб/метр Сталин каналын тазалоо сунушталган.
Мындан тышкары, Кара-Үңкүр жана Шайдан-Сай дарыяларына суу сактагыч куруу, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарларын ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун жакшыртуу, жер семирткичтердин баасынын сезондук өсүүсүнө чара көрүү жана жер семирткич өндүрүүчү завод куруу көрсөтүлгөн.
Жолугушуулардын соңунда көтөрүлгөн ар бир маселе боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилип, ыкчам чечимдер кабыл алынууда.
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
27.02.2024 / Автор anarkan_kg КУРГАК УЧУКТУ ЭРТЕ АНЫКТАП, ДАРЫЛАСА, АЙЫГАТ!
-
-
04.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ЧАТКАЛДА “ЫР КЕСЕ” МАЙРАМЫ ТАРТУУЛАНДЫ
-
04.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКЕНДЕ ЭТ ЖАНА КАРТОШКАГА БОЛГОН БААЛАР КӨЗӨМӨЛДӨНҮҮДӨ
-
-
26.09.2024 / Автор anarkan_kg БАРПЫ ТЕАТРЫНА ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ
-
02.10.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА КИЧИ ГЭС КУРУЛАТ
Маек
Темиржан КОЗУЕВ: “ДЕНИ САК УЛУТ – БАКУБАТ МАМЛЕКЕТ!”
“Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Темиржан КОЗУЕВ бош убактысында спорт менен…
-
28.01.2025 / Автор anarkan_kg Аскарбек АХМАТОВ: “АРАВАН ООЖАЛЫП БАРАТАТ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.