Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
7 Бардыгы / Бүгүн, 28-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын коллегиясы өтүп, облустун 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы, 2025-жылга коюлган пландар талкууланды. Жыйынга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, район […]
8 Бардыгы / Бүгүн, 28-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын коллегиясы өтүп, облустун 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы, 2025-жылга коюлган пландар талкууланды. Жыйынга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, район […]
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН 2024-ЖЫЛДАГЫ СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮСҮНҮН АБАЛЫН КАРАГАН КОЛЛЕГИЯЛЫК ЖЫЙЫН ӨТТҮ
28.01.2025 / Автор anarkan_kg

9 Бардыгы /
Бүгүн, 28-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын коллегиясы өтүп, облустун 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы, 2025-жылга коюлган пландар талкууланды.
Жыйынга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, район акимдери жана шаар мэрлери, айыл өкмөт башчылары, саламаттык сактоо, билим берүү, салык кызматынын жетекчилери катышты.
Коллегияда белгиленгендей, 2024-жылы Жалал-Абад облусу боюнча 56 млрд. 742 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи 112,4% камсыздалган. Жалпы республиканын көлөмүнөн облустун үлүшү – 9,7 пайызды ээлеген.
Жыл ичинде 2243 ишкана ачылып, анын эсебинен 4909 жаңы жумуш орундары түзүлдү. Бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 841 ишканага көп.
Өткөн жылы облустагы өнөр жай, айыл чарбасынын өсүү темпи, негизги капиталга инвестицияларды тартуу, рыноктук кызматтардын көлөмү, чекене товар жүгүртүү, акылуу кызмат көрсөтүү, автотранспорт менен жүк ташуу багыттары боюнча 100 пайыздан жогору жумуш аткарылган.
Жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда район, шаар жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине бир жашка чейинки балдардын, энелердин өлүмүнүн алдын алуу боюнча жеткиликтүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы коюлду. Ага катар дарыгерлердин жетишсиздик көйгөйүн чечүү боюнча жумуштарды күчөтүү тапшырылды.
Мындан сырткары, Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде, Сузак районундагы №36 лицейинде кесиптик билим берүү багыттары боюнча кошумча окуу курстарын уюштуруу зарылдыгы белгиленди.
Облус башчысы Тилек Текебаев окуучулардын билим сапатын жакшыртуу, жер-жерлерде жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, укук бузуулардын алдын алуу, бул багытта окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү эскертти.
Жыйындын соңунда өз ишин жеткиликтүү аткара албаган бир катар тийешелүү жетекчилерге тартиптик чаралар көрүлдү.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
-
21.06.2024 / Автор anarkan_kg ТУРИСТТИК ЖАЙЛАРДАГЫ КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ КҮЧӨТҮЛДҮ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.