Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
4 Бардыгы / Кечээ, 13-февралда белгилүү журналист — Идинов Нарынбек Айыпович 72 жаш курагында Бишкек шаарында көз жумду. Нарынбек Айыпович — 1952-жылы 6-ноябрда Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1969-жылы Бишкектеги №44 орто мектепти аяктап, 5 жылдан кийин Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин 1974-жылы кызыл диплом менен бүтүргөн. Дипломдук ишин Новосибирск алдындагы Академ шаарчасында Новосибирск мамлекеттик университетинин физика факультетинде […]
5 Бардыгы / Кечээ, 13-февралда белгилүү журналист — Идинов Нарынбек Айыпович 72 жаш курагында Бишкек шаарында көз жумду. Нарынбек Айыпович — 1952-жылы 6-ноябрда Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1969-жылы Бишкектеги №44 орто мектепти аяктап, 5 жылдан кийин Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин 1974-жылы кызыл диплом менен бүтүргөн. Дипломдук ишин Новосибирск алдындагы Академ шаарчасында Новосибирск мамлекеттик университетинин физика факультетинде […]
БЕЛГИЛҮҮ ЖУРНАЛИСТ НАРЫНБЕК ИДИНОВ 72 ЖАШЫНДА ДҮЙНӨ САЛДЫ
14.02.2025 / Автор anarkan_kg

6 Бардыгы /
Кечээ, 13-февралда белгилүү журналист — Идинов Нарынбек Айыпович 72 жаш курагында Бишкек шаарында көз жумду.
Нарынбек Айыпович — 1952-жылы 6-ноябрда Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1969-жылы Бишкектеги №44 орто мектепти аяктап, 5 жылдан кийин Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин 1974-жылы кызыл диплом менен бүтүргөн.
Дипломдук ишин Новосибирск алдындагы Академ шаарчасында Новосибирск мамлекеттик университетинин физика факультетинде аткарган.
1975-1976-жылдары Москвадагы Ломоносов атындагы университеттин физика факультетинде стажировкадан өтүп, Кыргыз улуттук университетинде мугалим болуп иштеген.
Андан кийин 1977-1980-жылдары СССР Илимдер академиясында аспирантураны аяктап (Н.Намёткин атындагы Нефтехимиялык синтез институту — ИНХС), Москвада 1982-жылдан 1993-жылга чейин СССР Илимдер академиясында илимий кызматкер болуп иштеген.(Жогорку температуралар институту — ИВТАН).
1980-жылы Ташкен жана 1981-жылы Минск шаарларында СССРдин Спорт жана дене тарбия комитети тарабынан уюштурулган мамлекеттик аттестациядан өткөн. Каратэ боюнча машыктыруучу деген наам алган жана кийин Бишкек менен Москвада, илимий иштер менен кошо, спорт мектебинде машыктыруучу болуп эмгектенген.
1990-жылдын ноябрынан тартып, Нарын Айып өз каражатына Москвада «Мүрөк» аттуу көз карандысыз эки тилдүү (кыргызча-орусча) гезит чыгарып, ага эки жыл баш редакторлук кылган.
1993-жылдын башында Мюнхен шаарында жайгашкан «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна чакырылып, интервьюдан өтүп келген жана анын аралыгында Бишкекке убактылуу келип, 1993-жылдын апрелинен октябрга чейин «Res Publiсa» эркин гезитинде баш редактордун орун басары болуп иштеген.
1993-жылдын ноябрынан тартып, Нарын Айып Мюнхенде «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Кыргыз кызматында иштей баштаган жана 1995-жылы (радио Мюнхенден Прагага көчкөндөн соң) ал кызматтын директорунун орун басары болгон.
2000-2002 жылдары «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Кыргыз кызматынын баш редактору болуп эмгектенген.
2003-2007-жылдары Прагада Нарын Айып Кыргызстандагы окуяларды камтыган «Kyrgyz Weekly» аттуу көз карандысыз жумалык электрондук бюллетенди орус жана англис тилдеринде чыгарып келген (https://kyrgyz-weekly-e.livejournal.com/ жана https://kyrgyz-weekly-r.livejournal.com/).
2007-жылдын ноябрында радиодон кетип, 2008-жылдын апрелине чейин Прага шаарында орусча чыкчу «ApбатNews» гезитине баш редакторлук кылган.
2008-2010-жылдарда Бишкекте Улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору болуп иштеген, 2010-жылдан 2014-жылга чейин Бишкектеги Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) «Ала-Тоо» маалымат-аналитикалык дирекциясынын директору, 2014-2015-жылдары НТС телеканалынын аналитикалык программаларынын баш редактору, 2015-жылы «Вечерний Бишкек» гезитинин саясат боюнча шеф-редактору болуп эмгектенген. «Вечерний Бишкек» гезити рейдерлик жол менен тартып алынганда, 2015-жылдын август айында андан кетип, Zanoza.kg сайтын чыгарган «ПроМедиа» коомдук фондунун үч негиздөөчүсүнүн бири болгон (калган экөө — Геннадий Кузьмин жана Дина Маслова).
2016-жылдын апрелинде «ПроМедиа» фондунун президенти болуп шайланган.
СССР Илимдер академиясында иштеп жүргөн кезде, Нарын Айып бир нече илимий макаласын Москвадан чыгуучу СССРдин алдыңкы илимий журналдарында жарыялаган жана бир катар эл аралык илимий конференцияларда доклад жасаган.
Кийин, Прагада иштеп жүргөндө, Чехия, Улуу Британия, Германия жана АКШда өткөн конференцияларга катышып, Кыргызстандагы абал тууралуу англисче доклад жасаган, анын Кыргызстан жөнүндөгү макалалары Чехия, Швеция, Россия жаш АКШ маалымат каражаттарында жарыяланган.
2024-жылдын 18-январынан тартып, өмүрүнүн аягына чейин 7-каналда баш редактор болуп иштеди.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
-
01.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна МУШКЕР МУНАРБЕК СЕЙИТБЕК УУЛУ ЧЕЙРЕК ФИНАЛГА ЧЫКТЫ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.