Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЭТТИН БААСЫ АРЗАНДАЙБЫ?
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
1 Бардыгы / Өзгөн шаары – Кыргызстандагы эң эле байыркы жана дагы тарыхый калаа. Ошентсе деле Аймактык-Административдик реформанын жүрүүшүндө эч кандай өзгөртүүсүз гана калтырылды. Анткени менен шаардын мэри Залкарбек КАРИМОВ кабарчыбызга курган маегинде калаа дал ушул тапта абдан кеңейтүүгө муктаж экендигин жашырган жок! – Залкарбек мырза, Өзгөн шаары – Ош облусундагы эң ири жана дагы […]
2 Бардыгы / Өзгөн шаары – Кыргызстандагы эң эле байыркы жана дагы тарыхый калаа. Ошентсе деле Аймактык-Административдик реформанын жүрүүшүндө эч кандай өзгөртүүсүз гана калтырылды. Анткени менен шаардын мэри Залкарбек КАРИМОВ кабарчыбызга курган маегинде калаа дал ушул тапта абдан кеңейтүүгө муктаж экендигин жашырган жок! – Залкарбек мырза, Өзгөн шаары – Ош облусундагы эң ири жана дагы […]
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТКЕНГЕ ЖЕР ТАРТЫШ!”
28.02.2025 / Автор anarkan_kg

3 Бардыгы /
Өзгөн шаары – Кыргызстандагы эң эле байыркы жана дагы тарыхый калаа. Ошентсе деле Аймактык-Административдик реформанын жүрүүшүндө эч кандай өзгөртүүсүз гана калтырылды. Анткени менен шаардын мэри Залкарбек КАРИМОВ кабарчыбызга курган маегинде калаа дал ушул тапта абдан кеңейтүүгө муктаж экендигин жашырган жок!
– Залкарбек мырза, Өзгөн шаары – Ош облусундагы эң ири жана дагы байыркы калаа. Тилекке каршы, Аймактык-Администраптивдик реформага ылайык эч кандай өзгөртүүгө тушуккан жок! Эмне үчүн?
– Аймактык-Администраптивдик реформа – мезгилдин эч кечиктирилгис талабы. Бирок, дал ошого жараша Өзгөн шаарына ага канатташ жайланышкан Өзгөн району6ндагы Дөң-Булак жана Баш-Дөбө айыл өкмөттөрүн дагы кошушса, албетте, мындан баарыбыз тең утмакпыз!
– Эмне үчүн?
– Биринчиден, биздин калкыбыздын саны барган сайын өсүп гана баратат. Экинчиден, Өзгөн шаарында деле ички миграция абдан күч! Анткени, райондордон келишип базарда жана башка тармактарда мээнеттенишкендер кичинекей калаада дагыле тыгылып гана жансактап келатышат.
– Демек, социалдык акыбал деле абат эмес экен да?
– Ооба. Дал ушул тапта калаабызда 1000 чакты балага мамлекет тарабынан пособие төлөнөт. А булардын арасынан 240 үй-бүлөгө «Социалдык келишимдин» негизинде 100 миң сомдон таратылган эле. Булар негизинен бутуна дадил турушуп, ишкерлигин андан ары өнүктүрүп кетишти.
Ал эми калган 760 үй-бүлө менен дагы ушул тапта «Социалдык келишим» түзүү даражасында турабыз. Буларды ушул тапта ар тараптуу иликтеп, кеңири үйрөнүп дагы атабыз.
– Жамбаштап жатпастан, шаарды экономикалык жактан ырааттуу өнүктүрбөйт белеңиздер?
– Өзгөн шаарын кеңейтүүгө, чындыгында, жер тартыш! Эгерде бизге ирегелеш жайланышкан Өзгөн районунун Дөң-Булак жана Баш Дөбө Айыл Өкмөттөрү бүтүндөй кошулса, биз деле көп кабаттуу үйлөрдү катарынан курмакпыз. Бул аркылуу эң ириде турак жай маселесинен биротоло кутулмакпыз. Ушуга улай эле кендирибизди кескен бир катар социалддык көйгөйлөрдөн (маселен, бала бакча, мектеп, эс алуу жайлары д. у. с.) дагы арылмакпыз. Эң акырында орто жана чакан ишканалар дагы катарынан курулуп, булар аркылуу жумушсуздук маселеси дагы тегиз чечилмек.
– Эң байыркы жана тарыхый Өзгөн базарын андай кай жакка көчүрөсүздөр?
– Албетте, Өзгөн шаарынын байыркы базары тегиз Төрт-Көчө маалесине көчүрүлөт. Ага тендер дагы жарыяланган. Уткан курулуш компаниясы быйыл өз ишин баштамакчы.
– Залкарбек мырза, Сиз деле аткаруу бийлигинде көп жылдар бою иштеп, акыры такшалдыңыз. Келерки Жогорку Кеңеш шайлоосунда депутаттыкка аттанбайсызбы?
– Жо-жок! Мен – аткаруу бийлигинин гана жоокермин! Ошол бойдон каламын.
МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
Өзгөн шаарынын мэри Залкарбек КАРИМОВ 1984-жылы 10-октябрда Ош облусунун Алай районундагы Тамга-Терек айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук унвиенрситетинин экономика адистигин бүтүргөн. Алай районундагы Будалык жана Коңур-Дөбө айыл өкмөттөрүн ийгиликтүү жетектеген. Соңку тапта Өзгөн райондук мамлекеттик акимчилгинде дагы чоң бөлүмдү башкарган.






Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
28.02.2025 / Автор anarkan_kg КЫЗМАТТЫК ЖАСАЛМАЧЫЛЫК БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
-
28.02.2025 / Автор anarkan_kg Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТКЕНГЕ ЖЕР ТАРТЫШ!”
-
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg ТОЙ КОРТЕЖИНДЕ АСМАНГА ОК ЧЫГАРГАН ЖАРАНДЫ КАРМАДЫ
-
-
26.03.2024 / Автор anarkan_kg ТИМ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ АЗЫРЫНЧА ОРУСИЯГА БАРБАЙ ТУРУУГА ЧАКЫРДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТКЕНГЕ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Өзгөн шаары – Кыргызстандагы эң эле байыркы жана дагы…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.