Аймак

АЯЛЗАТ- ААЛАМ АЖАРЫ

АЯЛЗАТ- ААЛАМ АЖАРЫ

 3 Бардыгы /

Баарыбызга өмүр тартуулап, чоң түйшүктү мойнуна артып, жоопкерчилик менен бала тарбиялап, үзүлгөндү улап, улуулукту, сулуулукту даңазалап, үйдүн куту, түндүктүн түркүгү болуп келе жаткан – айымдар экенин эч ким тана албайт. Ар бир айымдын жүзүндө жылмаю өчпөсүн! Айымдардын сүйүүсү, мээрими түгөнбөсүн. Майрамыңыздар куттуу болсун!

Жалал-Абад облусунда мамлекеттик кызматтарда иштеп башы көрүнгөн абройлуу, иш билги айымдар менен –

1.“Аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу боюнча сиздин оюңуз кандай?

2.Айымдар эркектерге караганда узак жашайт деп илимде айтылгандын себеби эмнеде? 3.Кыргызстан энелердин өлүмү көп катталган Борбор Азиядагы биринчи өлкө. Бизде энелердин ден соолугуна кам көрүү начарбы?.

4. Бүгүнкү күндөгү аялзатынын коомдогу орду жана ролун кандай баалайсыз? Аялдык бакыт деп эмнени түшүнөсүз?”- деген суроолор тууралуу азын оолак кеп курдук.

Анаркүл Машаева, Багыш айыл аймагынын аялдар комитетинин төрайымы:

1. Айымдар менен эркектердин укугу мыйзамда тең эле каралган. Медалдын эки бети бар сыяктуу бир жактуу кароого болбойт. Чындыгында аялдар менен эркектер билим алууга, эс алууга, кызматтарда иштөөгө бирдей эле укуктуу да. Айрым учурларда тең укуктуулук сакталбаганы байкалат. Мисалы, үй-бүлөдө тең укуктуулук сакталбайт. Анткени үй-бүлөлүк чыр-чатак, зордук-зомбулукка айымдар кездешет. Биздин менталитетте эркек үй-бүлөдө баш болушу керек, анын жоопкерчилиги жогору белгиленген. Ошону эркектер салмактуу пайдалана албай аша чабып кетишет. Мырзаларга энелик кеңешимди бергим келет, ата-эненин эртеңин биздин балдарыбыз түзөт. Биздин келечегибиз балдарыбыз. Алардын тарбиясын энелерге гана таштап койбостон аталар көбүрөөк алектениши зарыл. Тең укуктуулукту сактап, ынтымакта жашоо жакшылыктарды гана алып келет.

2. Чындыгында акыркы жылдары өлүм жашаргандай. Айрыкча мырзалар арасында эрте каза болуу практикада көп кездешип келет. Анын себеби, эркек адам баардык кубанычын, кайгысын сыртка чыгарбай ичине сактаганында. Андан сырткары азыркы мырзалар кара жумуш менен такыр алектенишпейт. Машинеде, креслодо чалкалап олтура беришип, ашыкча салмактуулук менен бирге көптөгөн жүрөк ооруларына кабылышууда. Айымдар болсо үйдө жүрүп, үй жумуштарын аткаруу менен күнүнө 10-15 километр басып жүрушөт экен.

3. Азыркы жаш кыз-келиндер өздөрүн мурдагылар сыяктуу энеликке даярдашпайт. Жаш кыздардын ден соолугу начар. Нормалдуу тамактанышпайт. Андыктан алсыз, аз кандуулук жана башка ооруларга эрте кабылышкан. Кош бойлуулук учурунда да өзүнө, курсактагы балага туура кам көрүүнү билишпейт. Ошону менен бирге бизде кендирди кескен кадр маселеси бар. Айрыкча медицина тармагында сапатсыз, сабатсыз медиктердин шалаакылыгы менен да энелердин өлүмү катталууда. Албетте, бул кейиштүү маселе.

4. Коомдо айымдардын ээлеген ролу өз нугунда. Эркектерден айырмаланып турушат. Бирок бата берүү, мечиттерге барбоо сыяктуу салт, жөрөлгөлөргө келгенде айымдар бир аз басмырланат.

5. Аялдык бакыт бул сенин үй-бүлөдө кыз болуп жаралып ата-энеңдин сүйүнүчү болушуң, өзүң үй-бүлө куруп балалуу болушуң, дегеле бул жашоодо сүйүктүү жар, эне болуу, жашоодо бар болуунун өзү бакыт.

Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары:

1.Кыргызстанда тең укуктуулук баардык мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик  мекемелерде, ишканаларда Кыргыз Республикасынын “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзамына ылайык тең укуктуулук сакталышы керек. Ал эми оор жана шарттары татаал жумуштарды биз айымдар эркектерден талашпай эле өзүбүзгө ылайык жумуштарда иштесек туура болот деп эсептеймин. Бирок кайсыл бир жумушта гендердик кодулоого туш болгон адамдар жогоруда айткан мыйзамга ылайык, Акыйкатчыга (Омбудсменге), прокуратура органдарына, сот жана башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууга укуктуу.

2. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда Кыргызстанда аялдар эркектерге салыштырмалуу орточо сегиз жылга узак жашайт экен, мунун себеби эркектердин жумушуна жана эркектердин аялдарга салыштырмалуу тамеки менен алкоголдук ичимдиктерди көбүрөөк колдонуусу болушу мүмкүн деп ойлоймун.

3. Мамлекет тарабынан энелердин ден соолугуна кам көрүү жакшы, бирок кээ бир энелер өздөрүнүн ден соолугуна кайдыгерлик менен мамиле кылышат, тактап айтканда кош бойлуу кезинде өз убагында дарыгердин каттоосуна турушпагандыктан улам анализдерди тапшырбай, УЗИге өз убагында түшпөй жүрө беришкендиктен эненин, ымыркайдын дагы ден соолугуна зыян болуп калууда. Ошондой эле аялдар кош бойлуу кезинде туура жана жетиштүү тамактанбай, дарыгерлердин көзөмөлүндө болбой, сабатсыздык менен мамиле жасоодо жана ооруп калышса ооруканаларга өз убагында кайрылбай, качан гана оору өтүшүп кеткенде кайрылып жатышат. Учурдан пайдаланып кайрылып кетким келет, урматтуу айымдар, энелер кош бойлуу кезде өз убагында барып үй-бүлөлүк дарыгерлердин каттоосуна туруңуздарды суранат элем.

4. Бүгүнкү күндө бардык кызматтарды, жалпы эле коомду айымдарсыз элестетүү мүмкүн эмес. Кайсы тармакта болбосун, аялзаты өз ишин керек болсо мырзалардан да мыкты аткарып, бардык нерсе колунан келерин далилдеп келишет. Ошол эле автобустун айдоочусу аял, укук коргоо органдарында, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарында да аялдар эмгектенип келет.

5. Аялдык бакыт – бул бардык нерседе салыштырмалуу гармония, өзү жана айланадагы адамдар менен түшүнүү, каалоолоруңузду жетектөө жана мүмкүнчүлүктөрүңүздү билүү, мунун баары бакыттын элементтери. Жашоонун ар кандай мезгилдеринде жана ар кандай курактагы гармония өзгөчө, жекече болот. Аял аны сезгенде гана ал чындап бактылуу экенин айта алат.

Асел Сансызбаева, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- акимдин орун басары:

1. Азыркы учурда айымдар көп тармактарда ийгиликтерди жаратууда жана чоң жетишкендиктерди көрсөтүүдө. Алар бизнести, саясатты, билим берүүнү, маданиятты жана башка көптөгөн чөйрөлөрдү багынтууда. Мисалы, дүйнө жүзүндөгү белгилүү аялдар – саясий лидерлер, илимпоздор, ишкерлер өзүнүн лидерлик сапаттары менен үлгү болуп жатышат.

Тең укуктуулук үчүн негизги чечимдерди кабыл алуу жана практикалык кадамдарды жүргүзүү керек. Бул укуктарды мыйзам менен бекитүү, ошондой эле коомдогу түшүнүктөрдү өзгөртүү аркылуу ишке ашат. Айымдардын лидерлик сапаттарын, алардын эне катары татыктуу ролун жана ишкердик, саясаттагы салымдарын баалоо үчүн коомдук аң-сезимде тең укуктук принциптерин көтөрүү маанилүү. Мен ишенем, тең укуктуулук жалпыга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу жана ар бир адамдын өзүнүн жеке мүмкүнчүлүктөрүнө ишенүүгө шарт түзүү дегенди билдирет. Айымдардын эркектер менен бирдей укуктарга ээ болушу алардын жөндөмдүүлүктөрүн кеңири колдонууга, инновацияларды киргизүүгө жана коомду алга жылдырууга чоң өбөлгө түзөт.

2. Айымдардын эркектерге караганда узак жашоосунун себеби көп факторлорго байланыштуу жана биологиялык, социалдык, экологиялык жана генетикалык аспектилердин өз ара таасиринен келип чыгат. Кээ бир негизги себептер социалдык жана турмуштук факторлор, жашоо образы, жоопкерчилик жана үй-бүлө, жашоонун социалдык жана гендердик аспекттери. Жашоонун кээ бир аспектилери мисалы, эркектер көбүнчө кооптуу жумуштарда иштешет (мисалы, курулуш, өнөр жай) же жүрүм-туруму жана ооруну көтөрүү жөндөмдүүлүгү боюнча айырмачылыктар бар. Мындай жагдайлар эркектердин өмүрүнүн узактыгына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Жалпысынан айымдардын узак жашоосунун себептери көп катмарлуу жана ар түрдүү факторлорго негизделген. Генетикалык, биологиялык, жана социалдык аспектилердин аракети айымдарды жашоо узактыгы боюнча эркектерге караганда бир аз артыкчылыкка ээ кылат. Бирок, бул жерде коомдук шарттар жана жеке тандоолор дагы чоң роль ойнойт.

3. Кыргызстандагы энелердин өлүмү деңгээлинин жогору болушу өтө олуттуу көйгөй. Бул жерде айрым аспектилерди карап көрүү керек. Көпчүлүк аймактарда тиешелүү медициналык кызматтар, адистештирилген дарыгерлер жана жабдуулар жок. Бул энелердин ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүдө негизги тоскоолдук болуп келет. Дарыгерлердин, айрыкча айылдык аймактарда иштегендердин квалификациясы дагы бул маселеге таасир этет. Кээ бир аймактарда аялдардын өз ден соолугуна кам көрүү, тукумдуу болууга даярдык жана төрөттү туура көзөмөлдөө боюнча билим жана түшүнүк жетишсиз.

Энелердин өлүмүнүн жогору болушу Кыргызстанда коомдук жана медициналык көйгөйлөрдү көрсөтөт. Бул маселени чечүү үчүн бардык деңгээлде – мамлекеттин, медициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн, коомдун жана аялдардын өздөрүнүн кызматташтыгы керек. Перинаталдык кам көрүү, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгү жана сапаты, ошондой эле коомдук билим берүү иштери маанилүү экенин көрсөтүп турат. Текшерүүлөрдү жана алдын алуу чараларын күчөтүү, медициналык адистердин билимин жогорулатуу жана элдин арасында ден соолукту сактоо боюнча туура түшүнүктөрдү калыптандыруу Кыргызстанда энелердин өлүмүн азайтууга жардам бере алат.

4. Бүгүнкү күндө айымдардын коомдогу орду жана ролу көптөгөн тармактарда олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Айымдар коомдун бардык чөйрөлөрүндө активдүү роль ойной башташты: саясатта, ишкерликте, илимде, билим берүүнүн ар кандай деңгээлдеринде жана башка көптөгөн тармактарда. Алар жеке турмушунда да, коомдук иштерде да чоң жоопкерчиликти алып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Алар коомду түзүүчү, өнүктүрүүчү жана жаңылануучу күч катары көрүлүүдө. Айымдар өздөрүнүн лидерлик сапаттарын, өзгөчө жөндөмдүүлүктөрүн жана күчтөрүн көрсөтүп, өнүгүүнү каалаган тармактарда ийгиликтерге жетишүүдө. Бирок, толук гендердик теңдикке жетишүү үчүн дагы көп аракеттерди көрүү керек. Айымдарга болгон урматтоо жана алардын жетишкендиктерин баалоо өлкөнүн жана дүйнөнүн социалдык, экономикалык жана саясий өнүгүшүнө чоң салым кошот.

5. Аялдык бакыт- бул көп кырдуу түшүнүк, ал жеке адамдын ички дүйнөсүн, эмоционалдык абалын, турмуштагы канааттануусун жана коомдогу ордун камтыйт. Аялдардын бакыты ар биринин жашоо тажрыйбасына жана баалуулуктарына жараша өзгөрүп турат. Ички тынчтык жана өзгөчө жан дүйнөдө күчтүү болушу, аялдын бактысы үчүн негизги шарттардын бири болуп саналат. Көпчүлүк айымдар үчүн үй-бүлө, балдар менен байланыштуу бакыт чоң мааниге ээ. Бала тарбиялоо, сүйүктүү адамы менен жигердүү байланыш куруу жана бирге ийгиликтерди белгилөө, жакшы карьера куруу, өзүнүн өнүгүүсү жана иште ийгиликке жетишүүсү көпчүлүк айымдар үчүн маанилүү.

Зияда Юлдашева, Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысы- акимдин орун басары:

1. Аялдар коомдо зор күч – бул талашсыз. Айымдар аркылуу чечилип жаткан мамлекетибиздин өнугүүсүнө болгон чоң-чоң маанилүү окуялар көп. Шайлоолордо да депутаттардын 30 пайызын аялдар түзгөн квота сакталып жатат. Ошондой эле ар кандай тармактардын басымдуу бөлүгүн айымдар түзүп келет. Бирок, жетекчиликке келгенде айымдар аз санда. Буга карабастан эркектер менен айымдардын ортосундагы тең укуктуулук сакталып эле жатат.

2. Чындыгында эркектер аялдарга караганда ар кандай оорулардын кесепетинен жүрөк кан-тамыр оорулары, кант диабети жана башка ооруларды эсепке алганда жаш курактагы эркектер эрте кайтыш болгон фактылар көп. Анткени аялдар өз ден соолугуна кам көрүп медициналык жардам алып, байма-бай текшерилип турушат. Ал эми эркектер өз ден соолугун текшерүүдөн өткөрүп, дарыланып туруудан алыс. Негизги себеби ушул деп ойлойм. Эркектер мекенди, үй-бүлөнү коргоочу болгон инсандар. Сиздер өз ден соолугуңуздарга да кам көрүүңүздөр демекчимин.

3. Энелердин өлүмүнүн көп болуусунун да түрдүү себептери бар. Алардын бирден бири бул- миграция. Анткени мигранттардын басымдуу бөлүгү айымдар. Алар барган жеринде кош бойлуу болушса, каттоого турушпайт. Ошону менен курсактагы балага, өзүнүн ден соолугуна керектүү дары-дармек, витаминдерди өз убагында кабыл алышпайт. Кесепетинен аз кандуулук жана баланын туура эмес калыптануусуна алып келип жатат. Ошентип балдар ара төрөлүп же энелердин өлүмү менен коштолууда. Бул маселе багытында жаш кыз-келиндерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен алектенип жатабыз, бирок ал да жетишсиз болуп жатат.

Албетте ден соолукту мыкты алып жүрүү факторлору бар. Анын негизгиси туура тамактануу. Ага көпчүлүк маани беришпейт. Мындан сырткары энелердин өлүмүнө үй-бүлөнүн социалдык абалы, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр түздөн-түз таасирин тийгизет. Бизде дагы деле жакырчылыктын деңгээли бар.

4. Аял – бул эне. Аялдар өз балдарын билимдүү, мекенчилдикке, жоопкерчиликке тарбиялап берип, мамлекетке өз салымдарын кошуп келе жатышат. Ар бир аялдын энелик ролу бийик. Анткени эненин тарбиясы менен балдар келечекке бет алат. Ошону менен бирге айымдар эркектер менен тең тайлаша жетекчилик кызматтарды аркалап мамлекеттин өнүгүшүнө зор салым кошуп келген биз сыймыктанган энелер көп болгон. Алардын жолун улап келе жатышат. Баса белгилей кетчү нерсе, айымдарда аракетчилдик, өжөрлүк, тактык, жоопкерчилик күчтүү болот.

5. Аялдык бакыт – бул ар түрдүү факторлордун жыйындысы. Анын ичинде жеке турмушта, үй-бүлөдө, карьерада, ден соолуктун чыңдыгында жана коомдогу ордундагы канааттануу жатат. Бир нече тармактардын бардыгы аялдын бактысын түзүп, аны сезүүсүнө таасир этет. Аялдын бактысы ошол аялдын жашоо максаттары, баалуулуктары жана ал ордуна жараша өзгөрүп турат. Эң негизгиси – аял өзүн толук кабыл алып, жашоосун ырахаттануу жана ички тынчтык менен өткөрүү мүмкүнчүлүгүн табышы керек.

Ыкыбал Алимбекова, Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнүн башкы адиси:

1. Ооба, айымдардын ийгиликке көп жетишкендиги барыбызга эле белгилүү. Өткөн бир мезгилдерде тең укуктуулук болбогон чыгар, бирок азыркы биз жашап жаткан убакта айымдар менен эркектер бирдей эле укукка ээ деп ойлойм. Албетте бул менин жеке көз карашым.

2. Абдан кызыктуу суроо экен. Биринчи себеби, айымдар менен эркектердин табияты эки түрдүүлүктөн болушу мүмкүн. Экинчиден, мырзалар стресске туруктуу эмес. Кандайдыр бир көйгөй жаралса, тез эле жүрөгүнө алып, жан дүйнөсү жабыркайт. Ал эми айымдар болсо, бардыгына сабырдуулук, токтоолук  менен карап, чечүү жолдорун издейт. Айымдар кең пейил, алар жүрөгүнө ааламды батырат.

3. Албетте энелердин өлүмүнүн көп катталышы кейиштүү көрүнүш. Ар бир эне боло турган айым ден соолугу үчүн өзү кам көрүп, витаминдүү азыктарды пайдаланып, дарыгердин көзөмөлүндө болуусу керек. Ошондой эле жолдошу, жакын адамдары кош бойлуу кезинде жанында болуп, оор турмуш тиричиликтен жеңилдетип, жакындан жардам берүүсү зарыл деп ойлойм. Эне аман болсо, анан бала аман болот.

4. Айымдар – бул коомдогу зор күч. Аялдардын коомдогу орду чоң. Алардын саясатка, мамлекеттик иштерге аралашып жүргөндөрүнө көз карашым түз. Айымдар өзүнүн жоопкерчилиги, тактыгы менен мырзалардан кем калбастан бардык тармактарда ат салышып иштеп келе жатышат. Аял мамлекеттин жумушун аткарып, үйүнө келип бала тарбиялап, үй жумуштарына жетишип активдүү образда жашайт.

5. Аялдык бакыт – бул эң башкысы үй-бүлө. Өмүрлүк жарың менен биргеликте балдарыңды тарбиялап, алардын мыкты болуп өсүп келе жатканын көрүү энелик чоң бакыт. Андан соң күнүгө эртең менен шашып баруучу кызматың болуп, кечинде жумуштан үйгө шашсаң ошол бакыт. Элге сапаттуу кызмат көрсөтүп, ыраазычылык алсаң ошол бакыт. Аткарган жумушуңдан жакшы көрсөткүчтөргө жетсең, ошол бакыт мен үчүн.

Даярдаган: Нургүл АБДЫЛДАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17