Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА 34 ОБЬЕКТ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА 34 ОБЬЕКТ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

 3 Бардыгы /

Жалал-Абад облусунда Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусу менен 34 социалдык объект пайдаланууга берилди.

Ачылган социалдык объекттер:

Жалал-Абад шаарында:
-№1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты;
-Айым-Арал аймагындагы жаңы бала бакча имараты;
-100 орундуу перинаталдык борбор;
-“Скай” эл аралык мектеби;

Аксы районунда:
-Жаңы-Жол айыл аймагындагы Ак-Жол айылында маданият үйү;

Ала-Бука районунда:
-Ынтымак айыл аймагындагы Көк-Таш айылында оорукана имараты;
-Теңги айылында жаңы спорт залы;

Базар-Коргон районунда:
-Бешик-Жон айыл аймагындагы Карача айылында №8 Карача атындагы мектеп имараты;
-Арстанбап-Ата айылындагы Арстанбап айылындагы №19 мектептин спорт залы;
-Кеңеш айыл аймагынын 1-Май айылындагы бала бакча имараты;
-Арстанбап-Ата айылынын Кара-Ой айылындагы №41 мектепке кошумча окуу корпусу;
-Сайдыкум айыл аймагынын Хаджир-Абад айылында бала бакча;
-Базар-Коргон шаарындагы жаңы бала бакча;

Кара-Көл шаарында:
-Жазы-Кечүү айылынын Т.Темиров атындагы №6 мектеп-гимназиясынын имараты;

Ноокен районунда:
-Шайдан айыл аймагынын Бирдик айылындагы 275 орундуу №27 мектеп;
-Шамалды-Сай шаарындагы оорукана имараты;
-Д. Садырбаев айыл аймагынын Черемушка айылындагы 150 орундуу №43 Ак-Жол мектеби;

Сузак районунда:
-Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жаңгак айылында бала бакча;
-Сузак айылындагы №16 С.Акбаров мектебинин кошумча имараты;
-Көк-Арт айыл аймагынын Кара-Чолок айылындагы Исмаил атындагы мектептин актовый залы;
-Кара-Дарыя айыл аймагынын Чангыр-Таш айылындагы №12 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана филиалынын имараты;
-Багыш айыл аймагындагы №52 Т.Арзыкулов мектеби;
-Каду айылындагы №67 мектептин спорт залы;
-Сузак райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү;
-Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жаңгак айылындагы 375 орундуу С.Казакбаев мектеби;
-Кызыл-Туу айыл аймагынын Ак-Баш айылындагы Э.Төрөбаев мектебинин кошумча имараты;
-Садда айыл аймагындагы №103 мектеп;
-Барпы айыл аймагынын Төөлөс айылындагы бала бакча;

Токтогул районунда:
-Кызыл-Өзгөрүш айылындагы А. Ибраимов мектеби;
-Арал айылындагы 225 орундуу Т.Тешебаев мектеби;
-Үч-Терек айылындагы №29 М. Нургазиев мектебинин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнү;
-Бала-Чычкан айылындагы №8 А. Иманбаев мектебинин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнү;

Чаткал районунда:
-Каныш-Кыя айыл аймагынын Кайың-Суу айылында жаңы мектеп имараты ачылды.

Бул социалдык объекттердин ачылышы аймактардагы билим берүү, саламаттык сактоо жана маданий инфратүзүмдү чыңдоого багытталган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17