Аймак

ШАЙЛООНУ ЖАЛЫНДУУ, БИРОК ӨРТСҮЗ ӨТКӨРӨЛҮ

ШАЙЛООНУ ЖАЛЫНДУУ, БИРОК ӨРТСҮЗ ӨТКӨРӨЛҮ

 6 Бардыгы /

Урматтуу мекендештер, үстүбүздөгү жылдын 30ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өтөт. Буга көп деле убакыт калган жок. Бул маанилүү өнөктүктү ийгиликтүү өткөрүүдө бардык коопсуздук маселелери менен бир катар өрт коопсуздугу маселеси да орчундуу орунду ээлейт.

Шайлоо учурунда өрт кокустуктарына жол бербөө үчүн кандай иш-чараларды аткаруу керек? Мына ушул темада адис катары ой бөлүшмөкчүбүз.

Эң оболу, добуш берүү бөлмөлөрүн жайгаштырууда экиден кем эмес сыртка алып чыгуучу эшиги бар бөлмөлөр тандап алынуусу талапка ылайык. Добуш берүүчү бөлмөлөр баштапкы өрт өчүрүүчү шаймандар жана байланыш каражаттары менен камсыз кылынуусу зарыл. Шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү мезгилинде сутка бою нөөмөтчүлүк уюштуруу максатка ылайык. Добуш берүү бөлмөлөрүнүн электр жабдуулары адис аркылуу кароодон өткөрүлүп, зарылчылык туулса оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү зарыл. Добуш берүү бөлмөлөрүндө тамак даярдоо же болбосо чай кайнатуу ж.б. чарбалык керектөөлөр үчүн электр жылыткыч приборлорун, газ жана ошондой эле ачык жалынды колдонууга тыюу салынат. Добуш берүү бөлмөлөрүндө тамактануу, эс алуу жана тамеки тартууга болбойт. Дагы бир айта кетчүү орчундуу маселе – эгерде кокусунан электр жарыгы өчүп кала турган болсо, добуш берүү бөлмөлөрүн жарык кылуу үчүн шам, керосин жана солярка менен иштөөчү ломпаларды колдонууга мүмкүн эмес. Мындай учурда аккумулятордук батареялардын жардамы менен иштөөчү фонарларды гана колдонууга уруксат берилет.

Шайлоо участокторунун объекттеринде өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү:

1. Ар бир шайлоо участогунда иш башталганга чейин 10 күндөн кечиктирбестен шайлоо участогу жайгашкан коргоо объектинин (имарат, жай) жетекчисинин буйругу менен тийиштүү өрткө каршы режим белгиленет, ушул эрежелердин жоболорун аткаруу камсыз кылынат, анын ичинде:

1) Ички жана тышкы өрткө каршы суу түтүктөрүнүн (милдеттүү түрдө сууну агызуу менен), жарык берүүчү жана ток берүүчү электр тармактарынын оң экендиги, түтүнгө каршы желдетүүнү иштетүү, автоматтык өрт сигнализациясы жана өрт өчүрүү системалары текшерилет, ошондой эле акт түзүү менен зарыл текшерүүлөр жүргүзүлөт. Бардык кемчиликтер шайлоо участогунун иши башталганга чейин четтетилет. Аныкталган кемчиликтерди четтетүүнүн натыйжалары боюнча же алар жок болгондо шайлоо участогу иштөөгө даяр экендиги жөнүндө акты түзүлөт (актылар шайлоо участогунун иши аяктаганга чейин коргоо объектинин өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жооптуу адамда сакталат);

2) алгачкы өрт өчүрүү каражаттарынын, өрт автоматикасынын, байланыш жана кабарлоо каражаттарынын болушу, оң болушу жана колдонууга туруктуу даярдыгы камсыз кылынат;

3) участоктук шайлоо комиссиясынын төрагасы шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана тейлөө үчүн тартылган персонал менен өрт коопсуздугунун чаралары жана өрт учурундагы иш-аракеттер жөнүндө инструктаж өткөрөт;

4) өрт чыккан учурда адамдарды кабаттар боюнча эвакуациялоо пландарын (схемаларын) жана тейлөөчү персоналдын жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн адамдарды, бюллетендерди жана мүлктү эвакуациялоону камсыз кылуу боюнча иш-аракетин аныктаган нускамалар иштелип чыгат жана көрүнүктүү жерге илинет, адамдарга өрт жөнүндө кабарлоо тартиби аныкталат, ошондой эле иш-чаралар башталганга чейин эвакуациялоо планын жана кабар берүү системасын иштеп чыгуу боюнча окуу машыгуулары өткөрүлөт;

5) тамак-аш даярдоо үчүн жер белгиленет жана жылытуучу приборлорду пайдалануунун тартиби аныкталат;

6) тамеки чегүү үчүн жер аныкталат жана жабдылат;

7) жайларды карап чыгуунун жана жабуунун тартиби белгиленет.

Шайлоо участокторунун өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдарына ылайык коргоо объектинин (имараттын, жайдын) жетекчиси тартат.

2. Шайлоо участоктору I–II өрткө туруктуулук даражасындагы
имараттардын экинчи кабатынан жогору эмес жайгаштырылат. Цоколдук кабатта жана шайлоо участогунун жайларынын астында шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана тейлөөчү персонал үчүн жумушчу кабинеттер, эс алуу жана тамактануу бөлмөлөрү жайгаштырылат.

Өрткө туруктуулук даражасы боюнча имараттарды классификациялоо ченемдик укуктук актылар жана архитектура, курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү эрежелер менен аныкталат.

3. Айыл жеринде III–V өрткө туруктуулук даражасындагы имараттарга бир гана шайлоо участогун жайгаштырууга уруксат берилет. Ошол эле учурда шайлоо участогу биринчи кабатка жайгаштырылат, ал эми убактылуу соода жүргүзүү жана буфеттер имараттан тышкары уюштурулат.

4. Шайлоо участогу телефон байланышы менен камсыз кылынат. Ар бир телефон аппаратына жакын жердеги өрт өчүрүү бөлүгүнүн телефон номери менен табличка жайгаштырылат (илинет).

5. Добуш берүү үчүн арналган столдорду, кабиналарды, урналарды жана жабдууларды жайгаштыруу адамдарды жана материалдык баалуулуктарды коопсуз эвакуациялоону камсыз кылууну эске алуу менен имараттын периметри боюнча жүргүзүлөт.

6. Шайлоо участоктору иштеген мезгилде авариялык-калыбына келтирүү иштерин кошпогондо, ачык отту пайдаланууга байланышкан (от жагуу, таштандыларды, калдыктарды, идиштерди өрттөө жана электр-газ ширетүү жумуштарын жүргүзүү) курулуш, оңдоо жана башка иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат. Аталган иштер тейлөөчү персоналдын туруктуу контролу астында жүргүзүлөт.

7. Шайлоочуларды каттоочу, бюллетендерди берүүчү жер, добуш берүүчү кабиналар, убактылуу соода түйүндөрү (буфеттер, лотоктор жана башка ушул сыяктуу жайлар) экиден кем эмес эвакуациялык бөлөк-бөлөк жайгаштырылган чыгуу эшиктери бар жайларга жайгаштырылат. Имараттын вестибюлдарына жайгаштырылган жабдуулар эвакуациялоо жолдорунун туурасын кичирейтпеген жана өрт учурунда адамдарды эвакуациялоого тоскоолдук кылбаган шартта ачык гардеробдорду орнотууга жана убактылуу соода түйүндөрүн уюштурууга уруксат берилет.

8. Шайлоочулардын кыймылы кесилишкен жана беттешкен агымдар болбой тургандай уюштурулат. Адамдардын агымынын кыймылынын багыттары көрсөткүчтөр менен белгиленет.

9. Шайлоочуларды каттоочу, бюллетендерди берүүчү, добуш берүүчү жайлардын эвакуациялык эшиктеринин көрсөткүчтөрү оң абалда болууга жана шайлоо участогу иштеген убакта күйгүзүлүүгө тийиш. Эгерде “Чыгуу” деген жарык көрсөткүч түзүлүшү долбоордо каралбаса, аталган жайлар эвакуациянын багытынын көрсөткүчтөрү менен камсыз кылынат.

10. Шайлоо участокторун эксплуатациялоодо эвакуация жолдорун, өрт өчүрүү жана байланыш каражаттарына, электр энергиясын өчүрүүчү түзүлүштөрүнө баруучу жолдорду тосууга, ошондой эле добуш берүү менен байланышкан иш-чараларды өткөрүү убагында эвакуациялык запастык эвакуациялык чыгуу эшиктерин тосууга тыюу салынат.

11. Электр энергиясы өчүрүлгөн учурда шайлоо участогунун имараты авариялык жарыктандыруу менен жабдылат.

Добуш берүү бөлмөлөрү тез күйүп кетүү касиеттерге ээ заттардан таза болуусу керек.

Эскерте кетебиз, райондук өрткө каршы кызматынын телефону «101-112».

Урматтуу мекендештер, алдыбызда турган шайлоону ийгиликтүү өткөрөлү. Бул үчүн башка коопсуздук маселелери катары өрт коопсуздугуна да кылдаттык менен көңүл бөлүп, кайдыгерликке жол бербейли.

Айбек ИМАНОВ, КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ӨӨААжАКИБнүн улук офицери, майор                                               

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17