Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА 9 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА ОБЛУСТУК КОЛЛЕГИЯ ӨТТҮ

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА 9 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА ОБЛУСТУК КОЛЛЕГИЯ ӨТТҮ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 19-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин жетекчилиги алдында облустук коллегиянын жыйыны өткөрүлдү.

Жыйынга облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, район жана шаар акимдери, мэрлер, айыл өкмөт башчылары, салык кызматтарынын, билим берүү, социалдык өнүктүрүү, саламаттык сактоо, спорт жана башка тармактардын жетекчилери катышты.

Коллегияда 2025-жылдын январь–сентябрь айындагы социалдык-экономикалык абал жана облустун өнүгүү багыттары, Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын, Чаткал жана Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучулук абалы каралды.

Жалал-Абад облусу боюнча жалпы өндүрүштүк көлөм 41 млрд 458,2 млн. сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси 129,2%га жеткен. Өнөр жай тармагында, анын ичинде тоо-кен, нефть жана жаратылыш газын өндүрүү жана кайра иштетүү тармактарында өсүү сакталууда. Кичи жана орто бизнес сектору 5 млрд. 921,6 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү 154,6%ды түзгөн. Облустун аймагында 2 199 жаңы ишкана ачылган.

Мамлекеттик бюджеттин киреше планы 16 млрд. 724,9 млн. сом болсо, аткарылганы 18 млрд. 189,1 млн. сомду түзүп, 108,8%га жетти. Республикалык бюджеттин аткарылышы 15 млрд. 311,6 млн. сомду түзүп, план 109,0%га аткарылган.

Ушул жылдын 9 айында облус боюнча 16 жаңы мектеп, 4 мектептин кошумча имараты жана 21 бала бакча пайдаланууга берилген. Ошондой эле 1-октябрга карата облустагы аз камсыз болгон 2 976 үй-бүлөгө социалдык келишимдин негизинде 150 миң сомдон акча каражаттары тапшырылды.

Коллегиялык жыйында облус башчысы Тилек Текебаев салык төлөмдөрүнүн аткарылышын күчөтүүнү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууну, жол коопсуздугун камсыздоо, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагындагы кадр маселелерин жөнгө салууну, энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн алдын алуу, санаториялардын шарттарын жакшыртуу жана маалыматтык түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү белгиледи.

Мындан тышкары мектептерде Жалпы республикалык тесттин (ОРТ) жыйынтыгын жакшыртуу, “Алтын сертификат” жана республикалык олимпиадаларда байгелүү орундарды камсыздоо боюнча район жана шаар жетекчилеринин жеке жоопкерчиликтерин эскертти.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17