Аймак

НООКЕН РАЙОНУНДА 100гө КАДАМ АТТАГАН УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН ЖАЛГЫЗ АРДАГЕРИ КАЗА БОЛДУ

НООКЕН РАЙОНУНДА 100гө КАДАМ АТТАГАН УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН ЖАЛГЫЗ АРДАГЕРИ КАЗА БОЛДУ

 3 Бардыгы /

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, ардагер Ормон ДАДАЖАНОВ быйыл, башкача айтканда 2026-жылдын июнь айында 100 жашка толук чыкмак. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдирди.

Ормон ДАДАЖАНОВ- 1926-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылында туулган. Бала кезинде мектептен билим алууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Апасы Айымтилла “Болшевик” колхозунда катардагы колхозчу болуп иштеген. Асан, Үсөн аттуу эгиз инилерин багуу үчүн Ормон ата жаштайынан бирөөлөргө жалданып иштеген. Согуш башталгандан кийин бул үй-бүлөнүн жашоосу кыйындап кеткен.

Ормон ата 1945-жылы Советтик Армиянын катарына чакыртылып, Владивостоктогу Угловая темиржол станциясында жайгашкан №1249 аскердик бөлүккө барып түшөт. Батышта Германия жеңилгенден кийин чыгышта Германиянын шериктеши болгон Японияны да биротоло талкалоо үчүн согуш башталган. Кыска мөөнөттүн ичинде Япон армиясынын үстүнөн жеңишке жетишишкен. Туткунга түшкөн Япон жоокерлери кыйраган шаарларды калыбына келтирүү иштерине тартылган. Ошол мезгилде Ормон Дадажанов конвойдо кызмат өтөгөн.

1950-жылы Ормон Дадажанов төшүнө “Японияны жеңгендиги үчүн” медалын тагынып, аскерден бошотулуп, айылына мекенге кайтып келген. Ал 1950-1980-жылдар аралыгында Масы айылындагы МТСте ширетүүчү болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин да бекер жүрбөй 1991-2012-жылдары айылындагы музейде кароол кызматында иштеген. Анын 1 уул 6 кызы, 28 небереси, 37 чебереси калды. Атанын баардык урпактары Масы айылында жашап, иштешет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17