Аймак

МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ

МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ

 3 Бардыгы /

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Орозо айында бериле турган битирсадаганын өлчөмүн бекитти.

Битир садаганын өлчөмүнө ылайык, буудай 1,6 кг – 60 сом, ун 1,6 кг – 90 сом, арпа 3,2 кг – 100 сом, мейиз 1,6 кг – 880 сом, курма 3,2 кг – 1200 сомду түзөт.

Ошондой эле зекетти алтын менен да берсе болот. Эсептөөлөр боюнча 1 грамм алтындын орточо баасы 8500 сом. 85 грамм алтын 722 миң 500 сомду түзөт, анын 2,5%ы 18,062 сом деп белгиленди.

Муфтият белгилегендей, битир-садаганы ар бир адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын каалаганына жараша, өз ыктыяры менен жан башына бере алат. Муктаждарга көбүрөөк пайда тийиши үчүн, мүмкүнчүлүгү барлар баасы кымбатыраак азыктардан берүүсү жакшыраак болот.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17