Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА 2 ЭНЕРГЕТИКАЛЫК ОБЬЕКТ КУРУЛАТ

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА 2 ЭНЕРГЕТИКАЛЫК ОБЬЕКТ КУРУЛАТ

 3 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин аймактардагы эскирген энергообьектилердин административдик имараттарын жаңылоо боюнча берген тапшырмасына ылайык, Аксы РЭТинин Кербен бөлүмүнүн жана Токтогул РЭТинин Үч-Терек бөлүмүнүн административдик имараттары жаңыланып, заманбап талаптарга жооп берген жаңы имарат курулат.

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын маалымат кызматы билдиргендей, аталган обьектилердин курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталып, ноябрь айында аяктайт. Негизги каражат  «КУЭТ» ААК тарабынан жалпы 16 млн. сом өлчөмүндө каржыланат.

Бул эки жаңы имаратты куруу демилгеси Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан көтөрүлүп, 2026-жылдын пландуу иш-чаралар мерчемине киргизилген. Азыркы тапта курулуш иштерине байланыштуу тендер жарыяланып, долбоорлор такталып, уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңы курула турган имараттар кызматкерлер үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүп, керектөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана энергетика тармагындагы техникалык базаны бекемдөөгө өбөлгө болот.

Мындан тышкары Чаткал район электр тармактар ишканасынын жаңы 2 кабаттуу административдик имаратынын курулушу өткөн жылы башталган. Курулуш иши үстүбүздөгү жылдын июнь айына чейин аяктап, пайдаланууга берилет. Эске салсак Чаткал РЭТинин эски административдик имараты айыл ортосунан өткөн дарыянын жээгинде жайгашып, имарат авариялык абалда болгон.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17