Аймак

БЫЙЫЛ КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНЫН 270 ЧАКЫРЫМЫНА ЗЫМ ТАРТЫЛАТ

БЫЙЫЛ КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНЫН 270 ЧАКЫРЫМЫНА ЗЫМ ТАРТЫЛАТ

 3 Бардыгы /

Коңшулаш Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекетттик чек арасына зым тартуу жараяны кайрадан  жандандырылгандыгын президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

 Маалыматка караганда, ушул тапта Баткен районунун Ууч жерлигинде иш абдан кызуу жүрүп жатат. Жалпысынан быйыл Баткен облусунда Кыргыз-Тажик чек арасынын 200 чакырымына милдеттүү түрдө зым тартуу пландаштырылууда. Анын 65 чакырымы Баткен районуна, ал эми 135 чакырымы Лейлек районуна таандык. Мындан тышкары Тажикстан менен Ош облусу аркылуу чектешкен 70 чакырым дагы сөзсүз тосулат. Ал эми буга дейре Кыргыз-Тажик чек арасына зым тартуу жараяны Баткендин Лейлек районунун Максат айылынын аймагында кызуу жүргөн. Баткен облустук бийлиги былтыр 2025-жылы чек аранын дээрлик 150 чакырымына зым тартылгандыгын билдирген.

Айтмакчы, 2025-жылы 13-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү Келишимге эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол коюшкан.  Алар бул чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашкан. Ошол эле жылдын 31-мартында эки президент Тажикстандын Кожент шаарында дагы ратификациялык Грамоталар менен алмашуу жөнүндөгү протоколго кол коюшкан. Ратификацияланган үч документтин бири Кыргыз-Тажик өкмөттөрүнүн суу чарба жана энергетика объектилерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуу эле.

Расмий маалыматка таянсак, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Булардын арасынан 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, Өкмөттүк делегациялар тарабынан бекитилген. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде гана такталды. Ушул тапта чек араны бойлото зым тартуу иштери абдан кызуу жүрүп жатат. Мамлекеттик чек араны тактоо иши 2002-жылы башталган эле.

АЛИШЕР ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17