Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан тарифтик саясаттын алкагында энергетика тармагын өнүктүрүү, электр энергиясындагы жоготууларды азайтуу, жаңы генерациялык кубаттуулуктарды ишке киргизүү жана эскирген жабдууларды жаңылоо боюнча системалуу иштер жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын маалымат кызматы маалымдагандай, бул багытта өлкө аймактарында электр тармактарын модернизациялоо жана керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу чаралары […]
2 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан тарифтик саясаттын алкагында энергетика тармагын өнүктүрүү, электр энергиясындагы жоготууларды азайтуу, жаңы генерациялык кубаттуулуктарды ишке киргизүү жана эскирген жабдууларды жаңылоо боюнча системалуу иштер жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын маалымат кызматы маалымдагандай, бул багытта өлкө аймактарында электр тармактарын модернизациялоо жана керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу чаралары […]
ЖАЛАЛ-АБАДДА КӨМӨК ЧОРДОНДОРДО 104 ДААНА МИКРОПРОЦЕССОРДУК ТЕРМИНАЛ ОРНОТУЛАТ
24.03.2026 / Автор anarkan_kg3 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан тарифтик саясаттын алкагында энергетика тармагын өнүктүрүү, электр энергиясындагы жоготууларды азайтуу, жаңы генерациялык кубаттуулуктарды ишке киргизүү жана эскирген жабдууларды жаңылоо боюнча системалуу иштер жүргүзүлүүдө.
Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын маалымат кызматы маалымдагандай, бул багытта өлкө аймактарында электр тармактарын модернизациялоо жана керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу чаралары ырааттуу ишке ашырылып жатат. Аталган иштердин алкагында «КУЭТ» ААКнын филиалы – Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Релелик коргоо жана автоматика кызматынын адистери тарабынан көмөк чордондордо 78 даана «Алтей» үлгүсүндөгү микропроцессордук терминал жана 26 даана «ЛАЙМ» үлгүсүндөгү «Дуговая защита» орнотулуп, жалпы саны 104 даананы түзөт. «Алтей» микропроцессордук терминалынын өзгөчөлүктөрү: — Релейлик коргоону (кыска туташуу, ашыкча жүк ж.б.) тез жана так ишке ашырат; — Авария болгон учурда ыкчам өчүрүү жана сигнал берүү функциясына ээ; — Иштөө параметрлерин реалдуу убакытта көзөмөлдөйт (ток, чыңалуу, жыштык); — Окуяларды жана аварияларды жазып сактайт (архив); — Дистанциядан башкарууга мүмкүндүк берет (SCADA системасына туташат); — Колдонууга ыңгайлуу дисплей жана менюсу бар; — Ишенимдүүлүгү жогору; — Бир нече коргоо функцияларын бир түзмөктө бириктирет. Кыскача айтканда, «Алтей» терминалы – электр жабдууларын акылдуу түрдө коргоп, башкарган заманбап санарип түзмөк болуп эсептелет. Орнотуу төмөнкү көмөк чордондордо жүргүзүлөт:
-220/110/10 кВ «Кристалл» ШГЭС – 2 даана;
-110/35/6 кВ «Таш-Көмүр» – 22 даана;
-110/35/6 кВ «Шамалды-Сай» – 18 даана;
-110/35/10 кВ «Кабылбекова» – 9 даана;
-110/10 кВ «Ак-Коргон» – 8 даана;
-110/35/6 кВ «Избаскент» – 8 даана;
-110/6 кВ «Кайынды» – 5 даана;
-110/35/6 кВ «Юг» – 3 даана;
-110/10 кВ «Бек-Абад» – 2 даана;
-110/10 кВ «Мырзажан» – 2 даана;
-110/10 кВ «Жийде» – 1 даана;
-110/35/10 кВ «Базар-Коргон» – 1 даана;
-110/35/10 кВ «Сузак» – 1 даана;
-35/10 кВ «Ренжит» – 5 даана;
-35/10 кВ «Сатымкулов» – 4 даана;
-35/10 кВ «Беш-Бадам» – 4 даана;
-35/6 кВ «Ключевая» – 2 даана;
-35/10 кВ «Кара-Үңкүр» – 1 даана;
-35/10 кВ «Благовещенка» – 1 даана;
-35/10 кВ «Терек-Суу» – 1 даана;
-35/6 кВ «Промышленная» – 1 даана;
-35/10 кВ «Жаңы-Жол» – 1 даана;
-35/6 кВ «Насосная Кугарт» – 1 даана;
-35/10 кВ «Салы Дүйшев» – 1 даана.
Күз-кыш мезгилинде электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу трансформаторлордун жүктөлүшү жогорулап, жабдууларга кошумча күч келтирилип, авариялык кырдаал жаралуу тобокелдиги көбөйөт. Учурда колдонулуп жаткан айрым трансформаторлордун релелик коргоо жана автоматика түзүмдөрү электромеханикалык типте болуп, техникалык жактан эскирип, заманбап талаптарга жооп бербей калган. Бул көйгөйлөрдүн алдын алуу максатында жаңы трансформаторлор менен катар заманбап микропроцессордук терминалдарды орнотуу каралган. Жаңы жабдуулар трансформаторлорду ар кандай бузулуулардан коргоп, алардын туруктуу жана коопсуз иштешин камсыздайт.
Мындан тышкары 2026-жылдын бекитилген бизнес-планына ылайык, 634 комплект релелик коргоо жана автоматика түзүмдөрүнө графикке ылайык техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Жүргүзүлүп жаткан бул иштер электр энергиясын үзгүлтүксүз жана сапаттуу жеткирүүнү камсыз кылууга, авариялык өчүүлөрдүн санын азайтууга жана энергетикалык жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Аталган иштер үстүбүздөгү жылдын март айында башталып, ноябрь айына чейин жүргүзүлүп, «КУЭТ» ААКнын өздүк эсебинен каржыланат.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
19.03.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ОРОЗО АЙТ НАМАЗЫ МЕЧИТТЕРДЕ ОКУЛАТ
-
19.03.2026 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
-
26.05.2025 / Автор anarkan_kg ОБЛУСТА 10 МИҢ 316 ОКУУЧУ ОРТО МЕКТЕПТИ АЯКТАДЫ
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.