Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
4 Бардыгы / Аялдар мамлекеттин ɵнʏгʏшʏнɵ салым кошууда негизги тарап болуп эсептелет. Алар жакындарынын колдоосу менен татыктуу билим алып, татыктуу балдарды тарбиялап коомго кошот. Айрым учурда аялдарга карата басым, ар тараптуу кысуулар, зомбулук фактылары катталып келʏʏдɵ. Мына ушундай кɵрʏнʏштɵрдʏ алдын алып, аярлуу катмардагы айымдарга колдоо кɵрсɵтʏп келе жаткан “Седеп” долбоору тууралуу кеп кылууну туура кɵрдʏк. Гʏлсана […]
5 Бардыгы / Аялдар мамлекеттин ɵнʏгʏшʏнɵ салым кошууда негизги тарап болуп эсептелет. Алар жакындарынын колдоосу менен татыктуу билим алып, татыктуу балдарды тарбиялап коомго кошот. Айрым учурда аялдарга карата басым, ар тараптуу кысуулар, зомбулук фактылары катталып келʏʏдɵ. Мына ушундай кɵрʏнʏштɵрдʏ алдын алып, аярлуу катмардагы айымдарга колдоо кɵрсɵтʏп келе жаткан “Седеп” долбоору тууралуу кеп кылууну туура кɵрдʏк. Гʏлсана […]
ЭМГЕК МЕНЕН ӨНҮККӨН АЙМАК: “СЕДЕП” ДОЛБООРУ АЙЫМДАРГА ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК АЧУУДА
18.05.2026 / Автор anarkan_kg6 Бардыгы /
Аялдар мамлекеттин ɵнʏгʏшʏнɵ салым кошууда негизги тарап болуп эсептелет. Алар жакындарынын колдоосу менен татыктуу билим алып, татыктуу балдарды тарбиялап коомго кошот. Айрым учурда аялдарга карата басым, ар тараптуу кысуулар, зомбулук фактылары катталып келʏʏдɵ. Мына ушундай кɵрʏнʏштɵрдʏ алдын алып, аярлуу катмардагы айымдарга колдоо кɵрсɵтʏп келе жаткан “Седеп” долбоору тууралуу кеп кылууну туура кɵрдʏк.
Гʏлсана Абытова, “Аялдар тынчтык банкы” коомдук фондунун жетекчиси:
-Биздин коомдук фонд 2014-жылы декабрда тʏзʏлгɵн. 10 жылдан ашуун убактан бери элеттик аялдардын экономикалык мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏн кеңейтʏʏнʏн ʏстʏндɵ иштеп келет. Аялдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу, анын кесепеттерин чечʏʏ жолдору тууралуу иш алып барып, кийинчерээк аялдардын кирешесин кɵбɵйтʏʏ керектигин ойлондук. Аярлуу катмардан кʏчтʏʏ катмарга чыгарсак аң-сезими ɵɵрчʏп, ɵзʏнɵ ишеним пайда болуп, аларга коомдун мамилеси ɵзгɵрʏп, зордук-зомбулуктан арылат деп ойлогонбуз. Ошондуктан акыркы беш жылдан бери экономикалык проектилерди аткарып жатабыз. Токтогул, Тогуз-Торо, Арстанбап, Кыргыз-Ата айыл аймактарында тоо жана окуялуу туризмди ɵнʏктʏрʏʏгɵ басым жасап келʏʏдɵбʏз. Ал эми калган райондордо креативдʏʏ индустрияларды ɵнʏктʏрʏʏ аракетиндебиз. Креативдʏʏ индустриялар 20дан ашуун багыттан турат. Алардын ичинен кол ɵнɵрчʏлʏктʏ тандап алып, кыргыздын унутта калып бараткан баалуулуктарын жаш кыз-келиндерге ʏйрɵтʏʏдɵбʏз. Алар жаңы дизайн, жаңыча кɵз караш менен креативдʏʏ продукттарды алып чыгып, сатып, ʏй-бʏлɵлʏк кирешеге чыкса болот. Бул иш-аракеттер “СЕДЕП” долбоору Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен “Аялдар тынчтык банкы” коомдук фонду тарабынан “Pro.NGO! e.V.” уюму (Кельн, Германия) менен ɵнɵктɵштʏктɵ аткарылууда.
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары менен Кулунду жана
Интернационал айылдарында ишке ашырылып жаткан “СЕДЕП” долбоору аймактагы жүздөгөн аялдардын турмушуна өзгөрүү алып келип жатат. Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен “Аялдар тынчтык банкы” коомдук фонду тарабынан Pro.NGO! e.V. уюму (Кельн, Германия) менен өнөктөштүктө жүзөгө ашырылып жаткан бул демилге айрыкча чек ара аймактарындагы аялдардын иш менен камсыз болушуна, алардын экономикалык көз карандысыздыгына жана улуттук баалуулуктарды өнүктүрүүгө чоң салым кошууда.
12–13-май күндөрү аталган аймактардагы долбоордун ишмердүүлүгү менен жеринен таанышуу мүмкүнчүлүгү болду. Анда жергиликтүү айымдардын кол өнөрчүлүк аркылуу өз жашоосун өзгөртүп жаткандыгына күбө болдук. Мурда жумуш издеп чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон көптөгөн аялдар бүгүн өз мекенинде эмгектенип, киреше таап, үй-бүлөсүн багып жатышат.
Долбоордун алкагында айымдар улуттук кийимдерди, килемдерди, көрпө-төшөктөрдү жана ар кандай кол өнөрчүлүк буюмдарын жасап келишет. Өзгөчө көңүл бурдурганы — салттуу кыргыз оймо-чиймелеринин заманбап технология менен айкалышып, жаңыча өңүттө өнүгүп жатканы болду. Бул эмгектер жөн гана тиричилик булагы эмес, кыргыз элинин маданий мурасын даңазалаган улуттук брендге айланып бара жатат.
Кол өнөрчүлүк цехтеринде эмгектенген айымдардын айтымында, долбоор аларга жаңы кесип үйрөнүүгө, заман талабына ылайык иш жүргүзүүгө жана өз күчүнө ишенүүгө шарт түзгөн. Айрымдары чакан ишкерликти баштап, өз алдынча кардар топтой баштаган. Мындай аракеттер аймактагы социалдык туруктуулукту бекемдеп, миграциянын азайышына өбөлгө түзүүдө.
“СЕДЕП” долбоорунун дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү — аялдардын чыгармачылык дараметин ачуу менен катар алардын коомдогу ордун бекемдөөсү. Анткени экономикалык жактан күчтүү аял — бул бекем үй-бүлө, өнүккөн коом дегенди билдирет.
Бүгүн Баткенде жаралып жаткан улуттук буюмдар Кыргызстанды дүйнөгө таанытуучу брендге айланып, өлкө экономикасына салым кошуп жатат. Демек, “СЕДЕП” сыяктуу долбоорлор аймактарды өнүктүрүүнүн, жумуш орундарын түзүүнүн жана улуттук баалуулуктарды сактоонун ийгиликтүү үлгүсү болуп калды.
Султанбек уулу Адилет
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
18.05.2026 / Автор anarkan_kg ИСЛАМБЕК УВАЙДИЛЛАЕВ ОБЛУС БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
-
18.05.2026 / Автор anarkan_kg БЫЙЫЛ ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭНЕРГЕТИКАЛЫК 5 ДОЛБООР ИШКЕ АШЫРЫЛАТ
-
22.05.2025 / Автор anarkan_kg “ЖАЛАЛ-АБАД” САНАТОРИЯСЫНДА МИНЕРАЛДЫК СУУ АРАЛАШКАН БАССЕЙН АЧЫЛДЫ
-
12.06.2025 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ МИЛИЦИЯНЫН МАЙОРУ АКЧА ТОПТОП ЖАТКАНДА КАРМАЛДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.