Аймак

СУЗАКТА БЫЙЫЛ 824 ЧАКЫРЫМ ЭЛЕКТР АБА ЧУБАЛГЫСЫ ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨДӨН ӨТКӨРҮЛӨТ

СУЗАКТА БЫЙЫЛ 824 ЧАКЫРЫМ ЭЛЕКТР АБА ЧУБАЛГЫСЫ ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨДӨН ӨТКӨРҮЛӨТ

 3 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү боюнча коюлган талаптарына ылайык Сузак район электр тармактары тарабынан электр жабдууларын оңдоо, техникалык тейлөө жана реконструкциялоо иштери планга ылайык жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад электр тармактар ишканансынын маалымат кызматы билдиргендей, анын алкагында быйыл жалпы 824 чакырым электр аба чубалгысын техникалык тейлөөдөн өткөрүү мерчемделген.

2026-жылдын төрт айындагы аткарылган иштер

10 кВ электр аба чубалгылары:

Жыл ичинде 318 чакырым линияны техникалык тейлөөдөн өткөрүү пландалган. Анын 107 чакырымы тейленип, 211 чакырымы калды.

0,4 кВ электр аба чубалгылары:

Жылдык план 505,845 чакырымды түзөт. Анын 98,3 чакырымы техникалык тейлөөдөн өткөрүлүп, 407,545 чакырымы калды.

Трансформатордук пункттарды оңдоо жана техникалык тейлөө:

2026-жылы 81 даана трансформаторду оңдоо пландалган жана 436 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт. Бүгүнкү күнгө чейин 11 даана оңдоп-түзөөдөн өтүп, 70 даанасы калды жана 113 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өтүп, 323 даанасы калды.

Жаңы трансформатор орнотуу:

Пландалган 2 даана трансформатордун 1 даанасы Барпы айыл өкмөтүнүн Ырыс айылына орнотулду.

Электр мамычаларын жаңылоо

2026-жылы жалпы 460 даана электр мамычасын орнотуу каралган. Учурда 124 даанасы орнотулуп, 336 даанасы калды;

Анын ичинде:

– Ачы айылында – 42 даана;

– Кара-Дарыяда – 40 даана;

– Найман айылында – 22 даана мамыча жаңыланды.

0,4 кВ электр тармактарын реконструкциялоо:

Найман айылында 650 метр СИП-2 зымы тартылды.

Бак-дарактардан тазалоо иштери:

– 10 кВ линияларында – 19 чакырым;

– 0,4 кВ линияларында – 36 чакырым электр линияларга тоскоолдук жараткан бак-дарактар буталып, пландар толугу менен аткарылды.

Сузак район электр тармактарында оңдоо жана реконструкциялоо иштери графикке ылайык улантылып, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иш-чаралар күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Жогоруда аталган жумуштар 2026- жылдын ноябрь айына чейин толугу менен аяктайт. Ишкана тейлеген 1203,83 чакырым электр аба чубалгысы, 1070 даана трансформатор бар. Алар аркылуу 40 080 абонент электр энергиясы менен камсыздалат.

Аткарылган жумуштардын натыйжасы эмне берет!

– Электр берүү линияларынын техникалык абалы жакшырып, авариялык өчүрүүлөр 10 пайызга азаят;

– Керектөөчүлөргө электр энергиясы туруктуу жана сапаттуу жеткирилет;

– Эскилиги жеткен электр мамычалары менен жабдуулар жаңыланып, тармактын ишенимдүүлүгү жогорулайт;

– Трансформатордук пункттарды оңдоо жана тейлөө аркылуу электр жабдууларынын иштөө мөөнөтү 6 жылга узарат жана электр тармактарындагы жүктөмдү азайтып, чыңалуунун сапаты талапка жооп берет;

– Бак-дарактарды тазалоо электр линияларына болгон тоскоолдуктарды жоюп, өзгөчө шамал жана жаан-чачын мезгилиндеги авариялык кырдаалдардын алдын алат.

– Электр тармактарын реконструкциялоо жана жаңылоо күз-кыш мезгилинен үзгүлтүксүз өтүүгө шарт түзөт.

Электр энергиясы боюнча суроолор же авариялык өчүрүүлөр жаралган учурда төмөнкү байланыш номерлерине сутка бою кайрылсаңыздар болот:

☎️ 105 — акысыз чалуу

 +996 772 001209

+996 556 001209

WhatsApp: +996 702 001209

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17