Аймак

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮН КУТ БОЛСУН!

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮН КУТ БОЛСУН!

 6 Бардыгы /

Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу Жалал–Абад облусунун тургундары!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдык майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Эгемендүүлүк — элибиздин кылымдар бою кыялданып, муундан–муунга өтүп келген эң бийик үмүтү жана баа жеткис байлыгы. Бул күн — эркиндигибиздин, биримдигибиздин жана келечекке болгон ишенимибиздин символу.

Бүгүнкү күндө дүйнөлүк аренада өз ордун таап, өнүгүү жолунда бара жаткан өлкөбүздүн ар бир ийгилиги — элибиздин эмгеги менен жеткен жеңиши.

Баарыңыздарды бүгүнкү Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Мекенибизге тынчтык, элибизге ынтымак, ар бир үй–бүлөгө бакыт–таалай каалайм!

Тилек ТЕКЕБАЕВ, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17