Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,629 Бардыгы / Ош шаарынын мэриясы Төрөбай Кулатов атындагы кичи шаарчада жайланышкан эң ири Батыш базарындагы бардык соода түйүндөрүн жана кафе-ресторандарды чекесинен буздуруп, бул аймакты сейил бакка айландырууга абдан батыл киришти. Бирок бул жерде эптеп тиричилигин өткөрүп жатышкан жеке ишкерлер-бизнесмендер калаа бийлигине олуттуу каршылык көрсөтүшүп, а түгүл айласы таптакыр куруганда Президент Сооронбай Жээнбековго дагы кайрылуу жолдоп […]
2,630 Бардыгы / Ош шаарынын мэриясы Төрөбай Кулатов атындагы кичи шаарчада жайланышкан эң ири Батыш базарындагы бардык соода түйүндөрүн жана кафе-ресторандарды чекесинен буздуруп, бул аймакты сейил бакка айландырууга абдан батыл киришти. Бирок бул жерде эптеп тиричилигин өткөрүп жатышкан жеке ишкерлер-бизнесмендер калаа бийлигине олуттуу каршылык көрсөтүшүп, а түгүл айласы таптакыр куруганда Президент Сооронбай Жээнбековго дагы кайрылуу жолдоп […]
ОШ ШААРЫНДАГЫ БАТЫШ БАЗАРЫН СЕЙИЛ БАККА АЙЛАНДЫРУУ МЕНЕН АЯКТАДЫ
11.01.2019 / Автор anarkan_kg

2,631 Бардыгы /
Ош шаарынын мэриясы Төрөбай Кулатов атындагы кичи шаарчада жайланышкан эң ири Батыш базарындагы бардык соода түйүндөрүн жана кафе-ресторандарды чекесинен буздуруп, бул аймакты сейил бакка айландырууга абдан батыл киришти. Бирок бул жерде эптеп тиричилигин өткөрүп жатышкан жеке ишкерлер-бизнесмендер калаа бийлигине олуттуу каршылык көрсөтүшүп, а түгүл айласы таптакыр куруганда Президент Сооронбай Жээнбековго дагы кайрылуу жолдоп ийишти.
Айтолкун АБДЫБЕКОВА, жеке ишкер: – Тээ 1991-жылы Союз ыдырап, бул жеп таптакыр эле каралбай калганда, биз моминтип кыйла каражат коротуп араң өздөштүргөнбүз. Буга улай кыдырата иретке келтирип, атайын кредит алып, заманбап соода түйүндөрүн дагы чоң мээнет менен курганбыз. Жергиликтүү бюджетке салык, ижара акысын, электр энергиясы жана суу үчүн убагында акча төлөп турабыз. Батыш базарында жалпысынан эки жүз чакты жеке ишкер эмгектенишет. Биз баарыбыз жалпы жонунан банктардан 200 миллион сом кредит дагы алганбыз. Ушул жерде үзгүлтүксүз иштеп, аларды дагы төгүп турабыз. Эми кантебиз, ыя? Андан көрө, Ош шаарынын жетекчилиги аталган аллеянын курулушун 2025-жылга чейин токтотуп турушсун!
Элнура АБДЫЛДАЕВА, жеке ишкер:
– Батыш базарында жыйырма жылдан бери үзгүлтүксүз олтурам. Өзүм жалгыз бой энемин. Үч баламды ушул Батыш базарынан тапкан акчам менен гана багып, кийиндирим келатам. Менин мындан башка тиричилик кыла турган булагым жок! “Сейил бак курабыз!” деп булар жанын жешпесин! Ыя айланайын, Ош шаарында бопбош жаткан жерлер толтура го. Бизден башка жагына деле кура беришпейби? Албетте, Ош шаар бийлигинин мындай өзүм билемдигин Президентибиз Сооронбай Жээнбеков таптакыр билбейт өңдөнөт. Болбосо, мурдун балта кеспеген аймактардагы аткаминерлеринин тизгинин тартып коет эле го…
– Мейли, сейил бак курушсун, анысына биз каршы эмеспиз! Мурун өздөрү бизге уруксат берип коюшуп, эми бутубузга туруп баратканда гана моминтип соода түйүндөрүбүзгө жана кафе-ресторандарыбызга кол салышпай эле коюшсун! Булар буюм эмес да, деги каякка жылдырабыз! Биз өңдөнгөн мээнеткечтер шаар бюджетин толтуруп, а түгүл айланабызды тынымсыз көрктөндүрүп-жашылдандырып дагы келатабыз. Эми минтип “Мурда эскерткенбиз!” деп шылтоолоп, ишканабызды тегерете милиция менен тосуп, кафе-ресторандарыбыздын коргондорун көз көрүнөө эле бузуп, бирөөнүн менчигине кол салган дегеле Оштун тарыхында болгон эмес, айланайындар!
Деген менен Ош шаарынын жетекчилиги Батыш базарындагы ишкерлерге-бизнесмендерге мурдатан бир нече ирет эскертүүлөр тапшырылгандыгын, тилекке каршы, каршылашкан тараптар дагыле тоңмоюндукка салып жатышкандыгын ачыктады.
-Биз буларга мурдатан эле бир нече ирет эскертүүлөрдү тапшырганбыз! – деп чырылдады Ош шаарынын биринчи вице-мэри Асылбек Топчубаев. – Тилекке каршы, “Ордуңуздарды бошотуп коюңуздар!” деген мэриянын суранычына булар тоңмоюндук кылышып, дагыле моминтип бет тырмаактык жасап жатышат. Анан айлабыз таптакыр куруганда кафе-ресторандардын коргондорун, соода түйүндөрүн тиешелүү кызматтар аркылуу моминтип мыйзам чегинде эле, бирок, мажбурлап буздуруп жатабыз. Жаздан баштап бул аймакка заманбап сейил бак курмакчыбыз. Ошентип, шаар тургундарынын эс алуусуна гана шарт жаратып жатабыз. Башка оюуз жок!
Бирок жергиликтүү серепчилер Ош шаар бийлиги жаңы базарга бардык шарттарды түзүп, анан гана ишкерлерди ошол жакка көчүрүшсө, бийлик мындан утмак деген пикирди карманышууда.
-Чындыгында, Батыш кичи районунун калкы шаардыктардын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Ошондуктан биринчиден, Ош шаарынын мэриясы жаңы базар куруп, анда бардык шарттарды жаратып көчүрүшсө, анда азыркылардын эч кимиси “Кың!” демек эмес! Экинчиден, жанагыл базарды шылтоолоп тополоң салгандардын “Кредитибизди кантип төлөйбүз?” дешкени жөн эле шылтоо. Бул жагынан шаар бийлиги чекилик гана кылып жатат. Мындан көрө калк арасында түшүндүрүү жана ынандыруу жараянын күчөткөн оң. Ошондо гана утат. Болбосо, бул баш оорутмадан жакын арада кутулушубуз кыйын…
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Ош шаарындагы Төрөбай Кулатов атындагы кичи шаарчадагы жолду бойлото жайгашкан Батыш базарындагы соода жайларын токтоосуз көчүрүп, ордуна сейил бак-аллея куруу тууралуу буйрукка Ош шаар мэри Таалайбек Сарыбашев өткөн жылдын 25-ноябрында эле кол койгон. Бул буйрук үстүбүздөгү жылдын 8-январынан тартып толук кандуу күчүнө кирди. Ош шаарында тээ Союз мезгилинен бери калыптанган Токтогул жана Навои атындагы эки ири сейил бак бар. Мындан тышкары бир нече майда скверлер дагы жайланышкан.
Алшер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
14.07.2025 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКА РАЙОНУНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАЙЛАРДЫН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
-
31.07.2024 / Автор anarkan_kg ЭЛЧИБЕК ЖАНТАЕВ КАРА-СУУДАГЫ «ЖЕР КОРРУПЦИЯСЫН» КЕСКИН СЫНДАДЫ
-
07.08.2024 / Автор anarkan_kg ОШ КӨП ПРОФИЛДҮҮ КОЛЛЕДЖИ ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ГАНА БЕЛЕНДЕЙТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.