Аймак

АЛТЫ ЖАШАР ШАХМАТЧЫ КЫЗ НУРАЙЫМ

АЛТЫ ЖАШАР ШАХМАТЧЫ КЫЗ НУРАЙЫМ

 1,927 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарындагы алты жашар кичинекей Нурайым Жакыпова быйылкы жылдын башталышында Бишкек шаарында өткөн балдар арасындагы шахмат боюнча биринчиликте 3-орунду жана Бишкек шаарынын кубогуна арналган шахмат мелдешинде 1-орунду ээлеп, жалпы Жалал-Абад аймагынын намысына жарады.

Жаш шахматчы кыздын устаты Абабакир Алайев анын шахмат тактасындагы өзгөчө жөндөмдүүлүгү тууралуу жакшы пикирлерди айтат.

-Нурайым шахмат үйрөнүүгө өткөн жылы кунт койгон, бирок аз эле убакыттын ичинде шахмат теориясын да, практикасын да жакшы өздөштүрүп келатат. Буюрса, келечекте өлкөнүн намысын ири эл аралык мелдештерде коргогон чоң шахматчы чыгат деп үмүттөнөм. Себеби, азыркы учурда Нурайым өзү теңдүүлөрдүн баарын утуп жатат. Албетте, ага дагы да шахмат менен көп алектенүүгө туура келет, – дейт ал.

Быйылкы жылдын январь айынын башталышында 6-18 жаштагылар арасында өлкөнүн шахмат боюнча чемпиондугу болуп өткөн. Ага республика аймактарынан 623 жаш шахматчылар катышса, түштүк аймактардан 15 гана бала барган. Анын төртөөсү – Жалал-Абад шаарынан. Жаш категориялары боюнча өткөн мелдештердин жыйынтыгында 5 жашар Нурайым Жакыпова 3-орунду камсыз кылды. Деген менен, ал оюн учурунда 1-орунду ээлеген балага утулуп, бирок 2-орунду ээлеген баланы утуп алган. Демек, анын шахмат тактасындагы дарамети 3-орунга гана татыктуу деген туура эмес.

Ошол эле мелдештерден кийин Бишкек шаарынын кубогу үчүн да мелдештер болуп, ага да Жалал-Абад шаарынын барган балдар-кыздар катышышкан. Мында Нурайым өзүнүн атаандаштарын четинен утуп, 1-орунду ээледи жана Бишкек шаарынын башкы сыйлыгын алууга татыды. Ошондой эле Жалал-Абад шаарынын барган 8 жашар Марат Курумбеков 3-орунду ээлеген. Ошентип, өлкөнүн баш калаасынын ири мелдешинде Жалал-Абаддан барган жаш шахматчылар негизги орундарды жеңип алышкан.

Нурайымдын апасы – анын эң башкы күйөрманы. Зульфия Асилова азыркы тапта К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин математика жана маалымат технологиялар кафедрасынын башчысы болуп эмгектенет. Кызынын шахмат тактасындагы жөндөмдүүлүгүнө, ийгиликтерине абдан кубанып келет.

-Мен кызымдын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн аны мектептен сырткары да көндүмдөргө ээ болуп, кайсы бир пайдалуу нерсе менен алек болушун кааладым. Анан бийчилер ийримдерине катыштырайын деп келип, шаарыбызда балдардын шахмат ийрими бар экенин көрүп калдым. Дароо эле кызымды ал жерге берүүнү чечтим. Анткени өзүм математикмин, ошондуктан шахмат баланын логикалык, интеллектуалдык жактан өнүгүшү үчүн абдан керектигин билем. Ал эми интеллектуалдык жактан өнүккөн бала ар кандай коомдо алдыда болот эмеспи. Ошентип, кызым балдардын шахмат ийримине катышып калды. Ал шахмат үйрөнгөнүнө бир эле жыл болду, ушунча убакыттын ичинде бир катар мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп келет, – дейт ал кубанычын жашыра албай.

Нурайымдын алгачкы катышкан ири мелдеши өткөн жылы июль айында Кара-Көл шаарында болгон. Ал жерде республикалык шахмат боюнча балдар-кыздар арасында мелдештер өтүп, 5 жашар кызды устаты Абабакир Алайев жетелеп барат. Дагы бир айта кетчү нерсе, мелдештер жаш категориясы боюнча бөлүндөй, жалпы тартипте уюштурулган. Демек, Нурайым өзүнөн улуу балдар-кыздар менен шахмат тактасында күч сынашып, жыйынтыгында 4-орунду ээлеген. Бул анын биринчи чоң ийгилиги болду.

З. Асилованын айтымында, Нурайымдын шахматтагы ийгиликтерине үй-бүлөнүн да таасири бар. Үйдө ага дайыма шарт жаратышып, анын ар тараптуу өсүшүнө кам көрүшөт. Аны эркелетип, “келечектеги дүйнөнүн чемпиону” деп чакырышат, шык берип турушат. Анан калса, Нурайымдын чоң атасы Жакып Төлөбаев да өз кезегинде шахматты мыкты ойногон киши болгон экен. Демек, Нурайымга генндик маалымат чоң атасынан өткөн сыяктуу.

Азыр Нурайым Жалал-Абад шаарында түзүлгөн балдардын шахмат ийримине катышып жүрөт. Ал эми бул ийрим Жалал-Абад билим берүү жана өнүктүрүү институтунун алдында түзүлүп, келечек муундарды ар тараптуу өнүктүрүү, интеллектуалдык жактан өстүрүү максатын көздөйт. Ал эми ийримди шахмат боюнча СССР спортунун мастери, шаардагы “Билимкана” мектебинин шахмат мугалими Абабакир Алайев жетектеп, учурда 10 баланы тарбиялап жатат.

-Ийрим беш айдан бери иштеп жатат. Шахмат ойногусу келген балдарды кабыл алып жатабыз. Мурда бизде мындай ийрим болгон эмес эле, биринчи жолу түзүлдү. Жаман эмес, балдардын арасынан чоң мелдештерге катышып, ийгиликтерге жетишип жаткандары чыгып атат. Өтө кубанычтуу нерсе. Эми балдарды теориялык жана практикалык жактан абдан машыктырып, алдыдагы көп мелдештерге катышуу, алдыңкы орундарды жеңип алып, шаардын намысын коргоо максатыбыз бар, – дейт ал.

Албетте, биз балдарга, анын устатына ийгиликтерди каалайбыз. Бирок, өлкөнүн үчүнчү деп таанылган шаары Жалал-Абадда балдар шахматы боюнча абал жакшы эмес. Буга чейин жаш шахматчылар жөнүндө эч ким ойлонгон эмес, азыр да жок. Деген менен, дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү АКШда, Японияда, Европа мамлекеттеринде, Сингапурда шахмат оюну мектептеги предметтик сабактар катары илгертен эле окутулуп келет. Кошуна Өзбекстан, Казакстан жана Грузия менен Арменияда, Россияда да шахмат оюну мектептерде предметтик сабак катары киргизилип жатат. Ал эми Кыргызстанда бул тууралуу ойлонгон киши жок.

Жалил САПАРОВ.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17