Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
862 Бардыгы / БЕРН. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Швейцария Конфедерациясына расмий сапарынын алкагында Швейцария Конфедерациясынын Президенти Ули Маурер менен жолугушту. Мамлекет башчылары адегенде өлкөлөр үчүн кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташтыктын азыркы абалын жана келечегин кең-кесири талкуулашты. Сооронбай Жээнбеков менен учурашуу учурунда Швейцария Президенти Ули Маурер 25 жыл өлкөлөр ортосундагы өз […]
863 Бардыгы / БЕРН. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Швейцария Конфедерациясына расмий сапарынын алкагында Швейцария Конфедерациясынын Президенти Ули Маурер менен жолугушту. Мамлекет башчылары адегенде өлкөлөр үчүн кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташтыктын азыркы абалын жана келечегин кең-кесири талкуулашты. Сооронбай Жээнбеков менен учурашуу учурунда Швейцария Президенти Ули Маурер 25 жыл өлкөлөр ортосундагы өз […]
ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ЖАНА ШВЕЙЦАРИЯ ПРЕЗИДЕНТИ УЛИ МАУРЕР ЭКИ ТАРАПТУУ КЫЗМАТТАШТЫКТЫН КЕЛЕЧЕКТҮҮ БАГЫТТАРЫН ТАЛКУУЛАШТЫ
12.07.2019 / Автор anarkan_kg

864 Бардыгы /
БЕРН. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Швейцария Конфедерациясына расмий сапарынын алкагында Швейцария Конфедерациясынын Президенти Ули Маурер менен жолугушту.
Мамлекет башчылары адегенде өлкөлөр үчүн кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташтыктын азыркы абалын жана келечегин кең-кесири талкуулашты. Сооронбай Жээнбеков менен учурашуу учурунда Швейцария Президенти Ули Маурер 25 жыл өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана достуктун духунда өткөндүгүн баса белгиледи.
– Биз Кыргыз тарап менен биргелешкен кызматташтык документтерине кол койгубуз жана Сиздер үчүн эң олуттуу болгон абдан артыкчылыктуу багыттарды уккубуз келет, — деп баса белгиледи Швейцария Конфедерациясынын Президенти Ули Маурер.
Андан ары Швейцария Президенти Сооронбай Жээнбековду акыркы жылдардагы өлкөдөгү позитивдүү өзгөрүүлөр менен куттуктап, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларга тыштан дагы көңүл бурулуп жаткандыгын белгиледи.
– Кыргызстанда өнөктөштөрдүн ишенимин бекемдөө үчүн көп нерселер жасалды. Бул кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүү үчүн кошумча өбөлгө гана жаратат. Сиз 2023-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын бардык негизги багыттарын кеңири чагылдырдыңыз жана адам ресурсуна басым жасадыңыз. Биз жаштардын активдүү аракеттерин жана алардын умтулууларын көрүп жатабыз. Бул өлкөнү алдыга сүрөөдө өбөлгө болуучу башкы фактор, – деп баса белгиледи Швейцария Конфедерациясынын Президенти Ули Маурер.
Ушуга улай Ули Маурер өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн алкагында өз ара аракеттенүүнү мындан ары карай тереңдетүүгө дагы даярдыгын билдирди. Ал эми Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Швейцария ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташуу жыл өткөн сайын өнүгүп жаткандыгын баса белгиледи. 25 жылдан ашкан мезгил ичинде өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер туруктуу бекемделүүдө. Саясий диалог жогорку деңгээлде. Кыргыз Президенти азыр Швейцария Кыргызстанда саламаттык сактоо, экономикалык өнүктүрүү, мамлекеттик башкаруу, айыл чарбасы, энергетика, суу ресурстары жана климат чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду ишке ашырып жатканын канааттануу менен белгиледи. Ошондой эле экспортту илгерилетүү жана өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды жаратуу, мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүү эң олуттуу багыттар экендигине токтолду.
– Тигүү тармагы жана айыл чарбасы сыяктуу секторлордо Кыргызстандын экспорттук жакшы эле дарамети бар. Азыр дүйнө жүзүндө керектөөчүлөрдүн таза жана сапаттуу тамак-ашка талабы өсүп бараткандыгы белгилүү. Биз Швейцария рыногуна экологиялык таза жашылча-жемиштерди, жаңгакты, балды, төө буурчакты жеткирүүгө даярбыз. Ошондуктан, бул багытта кызматташуу эки тарап үчүн өз ара пайдалуу болот деп эсептейм, — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Кыргызстанда демократияны өнүктүрүү жараяны абдан ургалдуу уланып жаткандыгын кошумчалады. Эки өлкөнүн табиятынын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен туризм чөйрөсүндө өз ара кызматташууну өнүктүрүүнүн абдан маанилүү экендиги дагы белгиленди. Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын активдешээрине жана мындан ары карай уланаарына ишеним гана артышты.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
18.04.2025 / Автор anarkan_kg МЫЙЗАМСЫЗ ЖЕР БЕРҮҮ ФАКТЫЛАРЫ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
-
-
12.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ПРЕЗИДЕНТ ИШ САПАРЫ МЕНЕН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНА БАРАТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.