Аймак

АЛА-БУКА РАЙОНУНДА КООМДУК АБАЛ ТУРУКТУУ

АЛА-БУКА РАЙОНУНДА КООМДУК АБАЛ ТУРУКТУУ

 1,640 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 2020-жылдын 28-мартында Ала-Бука районунда  COVID-19 илдетин алдын алуу боюнча райондук штаб өткөрүлдү жана тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди. 

Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылдык аймагында жайгашкан обсервацияда жаткан 5 жаран үй карантинине чыгарылды. Райондук мамлекеттик администрацисы тарабынан обсервацияда жана госпиталда эмгектенген 4 дарыгерге акчалай жардам берилди, ошондой райондук ишкерлер ассоциациясы тарабынан 21 дарыгердин үй-бүлөлөрүнө азык-түлүктөр таркатылып ар бир үй-бүлөгө (1 кап ун, 2 пачка чай, 3 кг сахар, 6кг макарон) берилди. Андан тышкары атайын посттордо турган милиция кызматкерлерине суу өткөрбөөчү түнкүсүн чагылдырылып турган атайын формалар жана 200 даана бет каптар алып берилди. Жер жерлерде түзүлгөн ыкчам ыктыярчылар тобу тарабынан жалпы 664 обьекте дезинфекциялык жумуштар аткарылды. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору тарабынан 2465 үй-бүлөгө, б.а. 12817 адамга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Умрага барып келген үйдүк обсервацияда турган  10 үй-бүлөнү медициналык көзөмөлгө мониторинг алуу үчүн  6 атайын  мобилдик группа түзүлдү.

 

 

Абдымомун КАЛБАЕВ, Ала-Бука району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17