Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,320 Бардыгы / БИШКЕК. «Коронавирус илдети менен күрөшүү, калктын саламаттыгын сактоо канчалык маанилүү болсо, тамак аш коопсуздугун камсыздоо, жарандарыбызга камкордук көрүү да ошончолук мааниге ээ», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-мартта өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат кызматы маалымдагандай, Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус илдетинин […]
1,321 Бардыгы / БИШКЕК. «Коронавирус илдети менен күрөшүү, калктын саламаттыгын сактоо канчалык маанилүү болсо, тамак аш коопсуздугун камсыздоо, жарандарыбызга камкордук көрүү да ошончолук мааниге ээ», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-мартта өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат кызматы маалымдагандай, Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус илдетинин […]
Президент Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: КОРОНАВИРУС ИЛДЕТИ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ, КАЛКТЫН САЛАМАТТЫГЫН САКТОО КАНЧАЛЫК МААНИЛҮҮ БОЛСО, ТАМАК АШ КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДОО, ЖАРАНДАРГА КАМКОРДУК КӨРҮҮ ДА ОШОНЧОЛУК МААНИЛҮҮ
31.03.2020 / Автор anarkan_kg

1,322 Бардыгы /
БИШКЕК. «Коронавирус илдети менен күрөшүү, калктын саламаттыгын сактоо канчалык маанилүү болсо, тамак аш коопсуздугун камсыздоо, жарандарыбызга камкордук көрүү да ошончолук мааниге ээ», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-мартта өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат кызматы маалымдагандай, Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус илдетинин таралышын токтотууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү жөнүндө маселе каралды.
Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясына жабыркаган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан дагы алдын алуу, коргонуу чараларын көрүп жатканын белгиледи.
Конституциялык мыйзамга таянып, алгач өзгөчө кырдаал, андан кийин айрым шаар, райондордо өзгөчө абал режимин киргизүүгө туура келгенин эске салды.
«Адамдар ортосундагы карым-катыш, байланышты азайтуу, эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, илдеттин андан ары жайылышын кыскартат. Карантиндик эрежеге жарандарыбыз дагы баш ийип, кыймыл кыйла азайганын көрүп жатабыз. Элдин үйдөн чыкпай, кырдаалды түшүнүү менен кабыл алганы дарыгерлерге абдан чоң жардам. Илдеттин жайылып кетпешинин бирден бир жолу», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Президент бүт дүйнө өлкөлөрүндөй эле, тилекке каршы, Кыргызстан дагы экономикалык жактан абдан жабыркап жатканын белгиледи.
«Бизнеске доо кетип жатат. Күнүмдүк жумуштарда иштеп, үй-бүлөсүн баккан абдан көп мекендештерибиз бар. Аярлуу катмардагы жарандарыбыз бар. Алар колдоого муктаж. Мунун баарын көрүп, түшүнүп турам. Жер-жерлерде колунда барлар, ишкерлер айылдаштарын колдоп жатат, аларга рахмат», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков жана Өкмөттөн да бул багытта ыкчам аракеттер талап кылынарын кошумчалады.
«Антикризистик план иштеп чыгышты. Анын негизги багыттарынын бири — ушул калктын аярлуу катмарына, жумушсуз калгандарга, тамак ашка муктаж болгондорго даректүү жардам көрсөтүү», — деп белгиледи Президент.
Мындан тышкары, Мамлекет башчысы ушул оору менен күрөшүүнүн алдыңкы сабында турган медиктерге бардык жагынан колдоону күчөтүү керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.
«Тиешелүү коргонуучу жабдыктар, иштөө шарттары, айлык акылары, сый акылары толук көлөмдө, үзгүлтүксүз берилип турушу шарт», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ 479 МЕКТЕПТЕ АКЫРКЫ КОҢГУРОО САЛТАНАТЫ ӨТТҮ
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg ҮЧ АЙ ИЧИНДЕ ОЛУТТУУ МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР АНЫКТАЛДЫ
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНА КЫТАЙЛЫК ИНВЕСТОРЛОРДУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
-
16.02.2026 / Автор anarkan_kg КОЧКОР РАЙОНУНДА МЫЙЗАМСЫЗ ЖЕР ТИЛКЕЛЕРИ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
-
02.03.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕН КУВЕЙТКЕ АБА КАТТАМДАРЫ ТОКТОТУЛДУ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.