Аймак

БУУнун ДҮЙНӨЛҮК АЗЫК-ТҮЛҮК ПРОГРАММАСЫНАН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭҢ АЯЛУУ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ ЖАРДАМ БЕРИЛЕТ

БУУнун ДҮЙНӨЛҮК АЗЫК-ТҮЛҮК ПРОГРАММАСЫНАН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭҢ АЯЛУУ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ ЖАРДАМ БЕРИЛЕТ

 1,089 Бардыгы /

Апрель айында БУУ ДАТП жана Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги биргелешкен программасы аркылуу Россия Федерациясынын колдоосу менен Кыргызстандагы эң аялуу үй-бүлөлөрүнө 1000 тоннага жакын азык-түлүк жардамын жеткирип беришет. Бул тууралуу аталган уюмдун маалыматтык кызматы маалымдады.

БУУ ДАТП жана Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги азык-түлүк таратууну аз камсыз болгон үй-бүлүлөргө колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик программасын колдоо максатында башташты. 30,500дөн ашык адам тамак-аштын негизги муктаждыктарын канааттандыруу үчүн үч айга жете турган байытылган буудай унун жана өсүмдүк майын алышат (ар бир үй-бүлөгө 150 кг буудай жана 15 литр май). Азык-түлүк жардамы элдерге коомчулук жумуштарын аткарганы, бүтүрүлгөн жана келе жаткан үчүн берилет.

БУУ ДАТП менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги COVID-19 учурунда Кыргызстандын эң аялуу катмарына азык-түлүк жардам программаларын улантуусу зарыл.

БУУ ДАТП долбоор катышуучулардын, кызматкерлеринини жана өнөктөштөрүнүн ден соолугун жана коопсуздугун сактап жергиликтүү саламаттык сактоо органдарынын сунуштарын аткарат. БУУ ДАТП тарабынан алдын-алуу чаралары көрүлүп азык-түлүк таратуу пункттарында социалдык аралык эрежелери сакталды жана бөлүштүрүү процесстерине катышкандардын баарына дезинфекциялоочу каражаттар, бет каптар жана кол каптар таратылды.

Азык-түлүк жардамын көрсөтүүдөн тышкары, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы азык-түлүк коопсуздугунун тенденциясын анализдөө үчүн, өлкөнүн 18 базарындагы азык-түлүк коопсуздугун жана азык-түлүк бааларынын мониторингин жүргүзүүдө.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17