Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,042 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын Оут жана Тегерек айылдарда жашаган эл электр жарыгы жок жашап келген, үстүбүздөгү жылдын 5 -апрелинде элге электр жарыгы берилди. Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын Оут -Сай айылында жашаган элге электр жарыгы жетпей, депутат болчулар, партиялар убада берип аткарылбай, эл каражат топтоп 2 миллион 400 миңге долбоору даярдалып, […]
1,043 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын Оут жана Тегерек айылдарда жашаган эл электр жарыгы жок жашап келген, үстүбүздөгү жылдын 5 -апрелинде элге электр жарыгы берилди. Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын Оут -Сай айылында жашаган элге электр жарыгы жетпей, депутат болчулар, партиялар убада берип аткарылбай, эл каражат топтоп 2 миллион 400 миңге долбоору даярдалып, […]
ТОО КОЙНУНДАГЫ ЭЛГЕ ЭЛЕКТР ЖАРЫГЫ КЕЛДИ
07.04.2020 / Автор anarkan_kg

1,044 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын Оут жана Тегерек айылдарда жашаган эл электр жарыгы жок жашап келген, үстүбүздөгү жылдын 5 -апрелинде элге электр жарыгы берилди.
Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын Оут -Сай айылында жашаган элге электр жарыгы жетпей, депутат болчулар, партиялар убада берип аткарылбай, эл каражат топтоп 2 миллион 400 миңге долбоору даярдалып, аны ишке ашырууга да каражат табылбай келген. Авлетим айыл аймагынын башчысы Нурмырза Абдырамановдун талбаган аракетинин натыйжасында бул долбоор ишке ашырылды. Акыйкаттык үчүн белгилеп кетүү керек, Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов каржылык маселесинин чечилишине чоң жардам берип бир миллион сом акча бөлүнүп, курулушту Камалбек Сапаров жетектеген “Үмүт + КС” электр монтаждоо ишканасынын куруучулары жаңы трансформаторду орнотуп, электр мамыларын тартып, курулушту ишке ашырды. Авлетим айыл өкмөтү 5 электр мамыны алып берип 55 миң сомдук салым кошушту. Куруучулардын тамак ашын айыл башчысы Мунарбек Жоробеков уюштуруп куруучуларга көмөк көрсөттү. Ошентип Оут жана Тегерек айылдарынын 74 кожолугу электр жарыгы менен камсыз болду. Курулуш монтаждоо иштерине 1 миллион 154 миң сом каражат сарпталды. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу ачылыш аземи кийинкиге калтырылды.
Быйылкы эле жылда айыл аймагында участкалык оорукана капиталдык ремонттон сапаттуу чыгарылды. Итагар суусуна чоң көпүрөнүн курулушу бүтүп пайдаланууга берилди. Учурда дагы бир спорт зал менен Калмат Алымкулов орто мектебинин курушу жүрүп жатса, Дейрес айылында таза суу түтүктөрү тартылууда. Буйруса быйылкы жылда дейрестиктер таза суу менен да камсыз болмокчу. Учурдагы акыбалга байланыштуу коронавирустун алдын алуу иштери жүрүүдө. Айыл бир сыйра дезификциялоодон өткөрүлдү. Айылдын негизги көчөлөрүндө блок посттор коюлду.
Эл депутат Алмазбек Эргешовго терең ыраазычылык билдирүүдө. Анткени ар дайым эл менен болуп, кыйын күндөрдө элдин жеңилин жерден,оорун колдон алып өз жардамын берип жатат. Атап айтканда 2800 бет кабы акысыз алып келип элге таркатылды. Жогоруда аталган иштердин өз убагында чечилишине, каржы менен камсыздоодо депутаттын салымы өзгөчө экендигин айтуу керек. Рахмат Алмазбек Манасбекович, эл уулу сиздей болуш керек демекчимин!
Абдымомун КАЛБАЕВ, журналист, Аксы району
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ 479 МЕКТЕПТЕ АКЫРКЫ КОҢГУРОО САЛТАНАТЫ ӨТТҮ
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg ҮЧ АЙ ИЧИНДЕ ОЛУТТУУ МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР АНЫКТАЛДЫ
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНА КЫТАЙЛЫК ИНВЕСТОРЛОРДУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКАДА ЫЗАР АЙМАКТЫК МИЛИЦИЯ БӨЛҮМҮНҮН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.