Аймак

БИШКЕК, ОШ, ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЛАРЫНДА ЖАНА АТ-БАШЫДА ӨЗГӨЧӨ АБАЛ 10-МАЙГА ЧЕЙИН УЗАРТЫЛМАЙ БОЛДУ

БИШКЕК, ОШ, ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЛАРЫНДА ЖАНА АТ-БАШЫДА ӨЗГӨЧӨ АБАЛ 10-МАЙГА ЧЕЙИН УЗАРТЫЛМАЙ БОЛДУ

 1,246 Бардыгы /

Эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылат. Мындай чечим 28-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков өткөргөн Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында кабыл алынды.

Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

Жыйында президент: «Өкмөт, бардык мамлекеттик органдар, Коопсуздук кеңеши сунуш кылган тийиштүү антикризистик иш-чараларды улантышы зарыл. Планга өзгөртүү киргизгенде комендатуралардын, жергиликтүү бийликтин бизнеске жеңилдик берүүгө тиешелүү сунуштарын, ой-пикирлерин эске алуу керек», – деп баса белгиледи.

Өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилип, кийин 30-апрелге чейин узартылган. Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 15-апрелден 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген болчу.

28-апрелге карата коронавирус жуккандардын жалпы саны 708 болду, алардын ичинен 8 бейтап каза тапты. 416 бейтап айыгып чыкты. 708 адамдын 185и медицина кызматкери.

Коронавирус жуккандар аймактар боюнча:

  • – Бишкек шаарында 167 адам,
  • – Ош облусунда 160 адам (алардын 113ү Ноокатта),
  • – Жалал-Абад облусунда 113 адам (алардын 85и Сузакта),
  • – Ош шаарында 110 адам,
  • – Нарын облусунда 88 адам (алардын 65и Ат-Башыда),
  • – Чүй облусунда 52 адам (алардын 16сы Аламүдүндө),
  • Ысык-Көл облусунда 10 адам (алардын алтоо Караколдо),
  • Баткен облусунда сегиз адам (алардын төртөө Баткен районунда).

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17