Аймак

ТҮЗҮЛГӨН КЫРДААЛГА БАЙЛАНЫШТУУ УЛУУ ЖЕҢИШТИН 75 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА МАССАЛЫК ИШ-ЧАРАЛАР ӨТКӨРҮЛБӨЙТ

ТҮЗҮЛГӨН КЫРДААЛГА БАЙЛАНЫШТУУ УЛУУ ЖЕҢИШТИН 75 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА МАССАЛЫК ИШ-ЧАРАЛАР ӨТКӨРҮЛБӨЙТ

 2,038 Бардыгы /

БИШКЕК. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдагандай, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында «Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу биз 9-Майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата массалык иш-чараларды өткөрө албайбыз», -деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары элдин кеңири колдоосуна ээ болгон массалык акция —  «Өлбөс полк» иш-чарасын онлайн форматта өткөрүү сунушталып жатканын кошумчалады.

Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана тылдын катышуучуларына, өткөн жылдардагыдай эле өзгөчө көңүл бөлүнөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарында Улуу Жеңишке арналган долбоорлор кеңири чагылдырыларын белгиледи.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17