Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
1,039 Бардыгы / Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аскар Шадиевди Жазык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгү (“Мыйзамсыз баюу”) боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун канцелярия бөлүмүнөн “Азаттыкка” ырасташты. Бул берене менен Шадиев эки жылга чейинки мөөнөткө мамлекеттик кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылып, 60 миң сом айып салуу менен беш жылга кесилди. Мурдагы […]
1,040 Бардыгы / Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аскар Шадиевди Жазык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгү (“Мыйзамсыз баюу”) боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун канцелярия бөлүмүнөн “Азаттыкка” ырасташты. Бул берене менен Шадиев эки жылга чейинки мөөнөткө мамлекеттик кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылып, 60 миң сом айып салуу менен беш жылга кесилди. Мурдагы […]
АСКАР ШАДИЕВ СЫРТЫНАН СОТТОЛДУ
11.06.2020 / Автор aymak

1,041 Бардыгы /
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аскар Шадиевди Жазык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгү (“Мыйзамсыз баюу”) боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун канцелярия бөлүмүнөн “Азаттыкка” ырасташты.
Бул берене менен Шадиев эки жылга чейинки мөөнөткө мамлекеттик кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылып, 60 миң сом айып салуу менен беш жылга кесилди.
Мурдагы Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин 4-бөлүгүнүн (“Бир нече кылмыш жасаганы үчүн жаза белгилөө”) негизинде, Аскар Шадиевдин жалпы абактагы жаза өтөө мөөнөтү 13 жыл болуп, мүлкү конфискацияланмакчы.
Аскар Шадиевге карата башында КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы үчүн 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганына байланыштуу «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Шадиевдин качып кеткени жана анын АКШда жүргөнү кабарланып, «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча да иш ачылган. 2018-жылдын 25-декабрында Биринчи май райондук соту бул иштер боюнча чечим чыгарып, Шадиевди он жылга эркинен ажыраткан. Үй мүлкү конфискацияланып, өзүнө издөө жарыяланган.
Мындан тышкары, Шадиевге «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып коюлган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 22-майда «2010-2017-жылдары Шадиев «мүлктүн кылмыштуу булагын жашыруу максатында жубайы Асел Шадиевага каттатып койгон» деп маалымдап, азыркы тапта буга байланыштуу кылмыш иши тергелип жатканын маалымдаган. Ага ылайык, Асел Шадиева арам акчаны адалдаштырууга аралашкан деп шек саналууда.
www.
Автор aymak
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
31.03.2026 / Автор anarkan_kg ЭДИЛБЕК ТАЖИМЫРЗАЕВ КАРА-КӨЛ ШААРЫНЫН МЭРИ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.