Аймак

ОРГАНИКАЛЫК ЖЕР СЕМИРТКИЧ ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ АЧАТ

ОРГАНИКАЛЫК ЖЕР СЕМИРТКИЧ ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ АЧАТ

 1,938 Бардыгы /

Кийинки жылдарда республиканын бир катар аймактарындагы дыйкандардын кызыгуусун жараткан «Реал органик» деп аталган комплекстүү органикалык жер семирткичтин негиздөөчүсү, «КР Реал Ресурс Продукт» ЖчАК компаниясынын башчысы Асел Жамакеевна ТЫНАЕВАга  жолугуп, андан өзүбүз кызыккан бир катар суроолорго жооп алганбыз.

  Сөздү Кыргызстанда аналогу да, атаандашы да жок «Реал органик» органикалык жер семирткичинин тарыхынан баштасак?

  – Кыргызстандын аймагында суюктук түрүндө өндүрүлүп жаткан «Реал органик»  органикалык жер семирткичин жасоого болгон аракет мындан 8 жыл мурда башталган. Ачыгын айтыш керек, адегенде бир топ кыйынчылыкты баштан өткөрдүк. Ишенбөөчүлүк жагдайды, шектенүүчүлүк маанайды жеңип өтүүгө туура келди. «Реал органик»  нанотехнологиянын негизинде жасалгандыктан Кыргызстанда аналогу да, атаандашы да жок экендигин мезгил тастыктап берди.  Бул жылдардын аралыгында биздин жер семирткичти Талас, Ысык-Көл,Чүй, Жалал-Абад, Ош облусунун дыйкандары пайдаланышып, анын натыйжалуулугун өздөрүнүн  практикасынан ынанышты.

Азыркы учурда Кыргызстандагы айдоо жерлер арыктап кеткендигин моюнга алууга тийишпиз. Агротехникалык эрежелерге  ылайык,  арык жердин 1 гектар аянтына 10 тоннадан  40 тоннага чейин  кык  себилет. Ал  натыйжасын 1-1,5 жылдан кийин берет. Мына ушул  40 тонна кыкты  сатып алганга, талаага алып барып чачканга, аны жүктөп түшүрүүгө  кеткен чыгымды,  ага жумшалган кол күчүн, убакытты  эсептеп көрсөңүздөр. 5 литр өлчөмдөгү «Реал органик» комплекстүү органикалык жер семирткичи  ошол 40 тонналык кыктын күчүнө ээ болуп, 15 күндүн ичинде өз натыйжасын берип жатат. «Реал органик» органикалык жер семирткичи  көмүрдөн жана  кыктан  жасалат.

 – Сөзүңүзгө аралжы, бул жерде мыйзам ченемдүү суроо туулат. Көмүрдүн химиялык  курамында оор металлдар бар эмеспи. Мына ушул оор металлдар толугу менен  тазаланабы?

 – Туура айтасыз. Бул процесс көп эмгекти талап кылса да,  заманбап технологиялык жабдуулардын жардамы менен көмүрдүн курамындагы ошол оор металлдар толугу менен  тазаланат.  Агрономдор жакшы билет, малдын кыгында да көптөгөн бактериялар болот. Заманбап жабдуулар мына ушул бактерияларды  да жок кылып, жер семирткичти кыртыш  жана айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн жагымдуу  шартты түзүүчү азыкка айлантат.

   – Сиздер тарабынан сунушталган органикалык жер семирткичти  пайдаланып, анын натыйжасын практика жүзүндө көргөн  дыйкандардын  ой-пикири кандай?

   -Дыйкан менен фермерди биринчи кезекте сапаттуу айыл чарба продукциясын өндүрүү, аны сатып өткөрүү  маселеси кызыктырат эмеспи. Республиканын ар кайсы аймактарындагы биз менен кызматташып жаткан дыйкандар  «Реал органик» органикалык жер семирткичинин  натыйжалуу экендигине көздөрү жетип калышкан. Эң негизгиси, алардын кызыгуусун ойгото алдык. Алардын биздин  дарегибизге жылуу пикирлерин айтып жаткандыгы  кубандырууда. «Реал органикти» колдонгон дыйкандар аны   башкаларга да сунуш кыла башташты.   Бул жер семирткич айыл чарба өсүмдүктөрүнүн  өнүгүү,  бышып жетилүү мөөнөтүн ылдамдатуу менен түшүмдүүлүктү 20%га жогорулата  ала тургандыгын   мисалдар менен далилдеп беришти. Алар өздөрүнүн жакындарына, тааныштарына  жер семирткичтердин ушундай тибин колдонуу – экологиялык жактан таза продукция өстүрүүгө, кыртышты байытууга, гумустун топтолуусуна оң таасир эте тургандыгын,  анын жыйынтыгында түшүмдүүлүк  көбөйүп жаткандыгын айтып, түшүндүрүп жатышат.

  –Азыркы учурда «Реал органик» органикалык жер семирткичине  болгон суроо талап кандай?

   -Биз агротехникалык пестициддерди  жана агрохимикаттарды саткан дүкөндөр менен келишим түзсөк болмок, бирок андан баш тартканбыз. Себеби айрым учурда сатуучулар товар жакшы өтө баштаса, анын баасын дароо көтөргөнгө аракет кыла баштайт.  Сатуучулар пайда табуу үчүн биздин продукцияга суу  же башка  кошулмаларды аралаштырып  жибербейт деп ким  кепилдик бере алат. Ошондуктан республиканын бардык облустарында ишенимдүү өкүлдөрүбүз менен түз иштешүүнү туура таап,  өзүбүздүн жер семирткичибизди дыйкандарга туруктуу баа менен  өзүбүздүн диллерибиз  аркылуу  жеткирип берүүгө  аракет  жасап жатабыз. 

 Мактангандай болбойлу, бул жер семирткич дыйкандар тарабынан бир топ жыл  сыноодон өткөрүлүп, анын натыйжалуулугуна көзүбүз жеткенден кийин, КР айыл чарба жана мелиорация министрлигинин химиялаштыруу жана  өсүмдүктөрдү коргоо департаменти тарабынан атайын сертификат алганбыз. Айрымдарга окшоп, акчанын артынан түшкөнүбүздө, биз көп пайда тапмакпыз. Бирок, антпедик. Биздин максат – дыйкандардын бизге болгон ишенимин бекемдөө.

  – Экологиялык жактан таза продукты өндүрүү маселеси дүйнө жүзүндө биринчи планга чыгып турган учурда  органикалык жер семирткичтин ролуна токтоло өтсөңүз?

   -Жашырбай ачык айтканда азыркы айыл чарба азык-түлүктөрү ар кандай зыяндуу нитраттарды колдонуу менен өстүрүлүп, анын кесепетинен адам баласы ар кандай оорулар менен ооруп жатат. Ошондуктан органикалык жер семирткич менен азыктанган айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жаркын келечекке жол ачуу болуп саналат. Мындай маселе дүйнө жүзүндө биринчи планга чыгып турган учурда  бул көйгөйдү  чечүүгө көмөк берип жаткандыгына сыймыктанып жатабыз. Биз тагдырын жерге байлаган дыйкандарга реалдуу жардам берип жаткандыгыбызды байкап, жасаган ишибизден кадимкидей канагаттануу алып, мындан ары да жигерденип иштөөгө бел байладык. 

Жердин кыртышы деле адамдын денеси сыяктуу. Аны канчалык басептеп карасак, ал ошончолук оң натыйжасын берет. Сөз аягында «Реал органик» органикалык жер семирткичин сатып алууга  кызыккан  дыйкандарга кайрылып,  0507 910 801,  0707  99 08 01, 0559 91 08 01 (вотсап) уюлдук телефондоруна чалып, өздөрү кызыккан суроолоруна керектүү  жооп ала тургандыгын эскертип кетмекчибиз.

Сүрөттөрдө: Нанотехнологиянын негизинде жасалган   «Реал органик»  комплекстүү органикалык жер семирткичи

Маекти уюштурган:  Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17