Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,051 Бардыгы / Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде Ош шаардык Кеңешинин депутаттарын шайлоо абдан кызуу жүрдү. Добуштар ачык эле сатылып, ал эми административдик ресустар ашкере пайдаланылды. Андыктан, айрым партиялар бул саясий өнөктүктүн жыйынтыгын таптакыр тааныбай турушкандыгын жарыялашты. Баса, башка жергиликтүү Кеңештердеги шайлоолор сыяктуу эле Ош шаардык Кеңешин тандоо дагы бир катар олуттуу нааразычылыктар менен коштолду. Добуштарды ачык сатып […]
1,052 Бардыгы / Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде Ош шаардык Кеңешинин депутаттарын шайлоо абдан кызуу жүрдү. Добуштар ачык эле сатылып, ал эми административдик ресустар ашкере пайдаланылды. Андыктан, айрым партиялар бул саясий өнөктүктүн жыйынтыгын таптакыр тааныбай турушкандыгын жарыялашты. Баса, башка жергиликтүү Кеңештердеги шайлоолор сыяктуу эле Ош шаардык Кеңешин тандоо дагы бир катар олуттуу нааразычылыктар менен коштолду. Добуштарды ачык сатып […]
ДОБУШТАР САТЫЛДЫ. АДМИНИСТРАТИВДИК РЕСУСТАР АШКЕРЕ ПАЙДАЛАНЫЛДЫ
13.04.2021 / Автор anarkan_kg

1,053 Бардыгы /
Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде Ош шаардык Кеңешинин депутаттарын шайлоо абдан кызуу жүрдү. Добуштар ачык эле сатылып, ал эми административдик ресустар ашкере пайдаланылды. Андыктан, айрым партиялар бул саясий өнөктүктүн жыйынтыгын таптакыр тааныбай турушкандыгын жарыялашты.
Баса, башка жергиликтүү Кеңештердеги шайлоолор сыяктуу эле Ош шаардык Кеңешин тандоо дагы бир катар олуттуу нааразычылыктар менен коштолду. Добуштарды ачык сатып алуу, бюллетендерди ашыкча берүү жана башка фактылар тууралуу арыз-даттануулар күн өткөн сайын арбып баратат. Ошентип, добуш берүү соңуна чыккандан кийин эле шайлоого барган тогуз партиянын алтоо анын жыйынтыгын таптакыр тааныбай турушкандыгын жарыялашты.
Ош шаардык Кеңешинин депутаттыгына талапкердин өкүлдөрү азык-түлүк түрүндө продуктуларды шайлоочуларга таратышып, алардын добуштарын сатып алуу менен алектенип жатышкандыгы тууралуу маалымат Ички иштер министрлиги тарабынан ушул тапта текшерилип жатат. Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 8-апрель күнү сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкердин атынан 2003-жылы туулган экинчи топтогу майып З.С.га азык-түлүк түрүндө продуктуларды беришкен Ж.А. менен биргеликте жеке жактоочу 1960-жылы туулган Э.Ш. аныкталды. Ушул эле күнү жеке жактоочу Э.Ш.га Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмү боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама берилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
-11-апрелге чейин эле шайлоочулардын ар тилкедеги тизмелери алдын ала түзүлүп, а аларга үгүтчүлөр тарабынан кадимкидей акчалар дагы таратылды, – деп аябай чырылдады “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Ош шаарындагы шатбынын өкөлү Замирбек ШАМИДИН уулу. – Биз бул фактыларды видео жана сүрөткө тартып БШКга дароо жөнөткөнбүз. Чукул чара көрүлгөн жок!
Ал эми Ош шаардык Кеңешинин шайлоосунан акыркы сааттарда четтетилген “Тилектешик” партиясынын жол башчысы Төлөгөн Келдибаев буларды ачыктап тызылдады: – Адегенде биздин партиябызды Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоосунан жөнсүз эле четтетип коюшту. Тиешелүү мекемелер мунун жүйөөлүү себебин бизге эч түшүндүрүшкөн дагы жок! Сыягы, биздин туруктуу оппозициялык маанайды тутунганыбыз азыркы бийликке чындап эле жакпай калган өңдөнөт. Убакыт чукулдугунан улам БШКга жана сотторго калыстык үчүн даттанган деле жокпуз… Ошентсе дагы бул шайлоонун жүрүшүнө такай абай салып турдук. Мен мындай орой мыйзам бузууларды өмүрүмдө көргөн эмесмин! Ачыгын айтайынчы, бардык партиялар добуштарды базардагыдай кадимкидей эле сатып алышты. А айрымдары административдик ресустарын дагы ашкере пайдаланашты. Эми дал ушулар Ош шаарынын парламентине келишип биздин жыргатат дейсиңерби? Тескерисинче, мэрдин ордун сооодалашып, анадан кийин деле аны иштетишпейт.
Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы анклавга айланган айтылуу Алмалык айылынын башчысы Кудайберди Маматов сүйлөсө, дитиң чыдабай, көңүл айткандан башка арга дагы таппайсың…
-Алмалык анклавында 365 шайлоочубуз бар. Ош шаардык Кеңешинин депутаттыгына аттанышкан партиялардын бири дагы үгүт маалында айылыбызга баш багып, ал-акыбалыбызды сураштырып, муң-зарыбызды тыңдап койгонго жарашкан жок! Булардын План-Программаларын дегеле көрбөдүк, – деп кейип-кепчиди Ош шаарына караштуу Алмалык айылынын башчысы Кудайберди Маматов. – Бизди тээ Союз маалында Ноокат районунан ажыратып, Ош шаарына кошушкандан бери эч нерсеге жарый элекпиз. Таза сууга өтө зарбыз! А отун-көмүр өзүнчө проблема? “Шаардыктар” деген эле атыбыз болбосо, калаадан кыштагыбызга же автобус, же маршрутка каттабай, таза курудук….
Ош шаарынын мурунку мэри, “Улуттар Биримдиги” партиясынын жолбашчысы Мелисбек Мырзакматов 11-апрелдеги саясий өнөктүк орой мыйзам бузуулар менен коштолгондугун шардана кылды.
-Кечээгил эле “Биримдик” жана “Мекеним-Кыргызстан” партиясынын тизмеси аркылуу Жогорку Кеңешке аттанышып жыдып, а түгүл Президент Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтүнөн мурда кулатылышын шарттагандар бүгүн Ош шаардык Кеңешине бийликчил “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынан депутат болуп шайланышпадыбы, – деп аябай чырылдады Ош шаарынын мурунку мэри, “Улуттар Биримдиги” партиясынын жолбашчысы Мелисбек Мырзакматов. – Президент Садыр Жапаровдун тазаланганы ушулбу, ыя? Минтип бийликтин эптеп алмашуудан эмне таптык?
Акыркы сааттарда “Республика” партиясынан Разак Мусаев, “Ишеним” партиясынан Абдувазар Канов, “Улуу журт” партиясынын өкүлү Мирлан Орозбаев, “Бир бол” партиясынан Кушбак Сайиев жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын өкүлү Сейитбек Довлотов дагы аталган жүйөөлөрдү тизмектешип, шайлоо тилкелеринде тургундарды мажбурлап добуш бердиртүү жана жашоочуларга кадимкидей акча таратуу аракети жасалгандыгын кошумчалашты.
А түгүл “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын өкүлү Сейитбек Довлотов алардын добуштарды сатып алууну териштирүү, бюллетендерди ашыкча берүүнү кылдат иликтөө жана башка дагы орой фактыларды кенен-чонон сүрүштүрүү талаптары таптакыр аткарылбаса, мөөнүтсүз нааразычылык акцияларды башташаарын дагы катуу эскертти.
-Бардык жерде административдик ресурстар ачык эле колдонулду. Буга улай добуштарды жөн эле сатып алуу катуу жана ачык жүрдү. Ошентип, бул шайлоо арам формада өттү. Биз, чындыгында, шайлоо таза өтөт деп абдан катуу үмүттөндүк эле. Тилекке каршы, мурдагы жаңылылыштыктар, мурдакыдай одоно мыйзам бузуулар дагыле катталды. Мурунку “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак” партиялары акча таратуу менен, жергиликтүү бийликти колдонуу менен шайлоону кир өткөрүштү, – деди “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын өкүлү Сейитбек Довлотов. – Биз мындай шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз жана анын жыйынтыгын жокко чыгарууну, ошондой эле кайрадан жаңы шайлоону дайындоону токтоосуз талап кылабыз! Мындай жыйынтыктардын артында жергиликтүү бийликтин жетекчилери, ошонун ичинде шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов өзү турат. Анткени, бардык жерде кварталдык комитеттин жетекчилери, үй комитет башчылары, дегеле шаардагы муниципалдык мекемелердин бардык жетекчилери бүт саналуу партияга буту-бутуна тийбей чуркап жүрүштү.
Бул арада Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова өзү үн катты.
-Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШКнын) ушул жылдын 12-апрелге караган түнкү саат 01:00дөгү маалыматына ылайык, Ош шаарындагы шайлоочулардын 48 пайыздан ашыгы добуш берүүгө катышты. Тактап айтканда, 151 960 шайлоочудан 72 841 киши келди. Бул баштапкы маалыматтар автоматтык эсептөөчү урналар менен кол эсеп толук аяктагандан кийин дагы өзгөрмөкчү, – деди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова. – Ош шаардык Кеңешине шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча төрт партиянын алган добуштары жети пайыздык босого чектен ашты. Булар: «Ата-Журт Кыргызстан» 48,82 пайыз, «Улуттар Биримдиги» 17,79 пайыз, «Ыйман Нуру» 8,38 пайыз, «Ынтымак» 7.03 пайыз.
Баса, акыркы сааттарда БШК Ош шаардык Кеңешинин болочок чакырылышынын алдын ала курамын аныктады. Автоматташтырылган системанын (АСУ) алдын ала маалыматынга караганда, мандаттар төмөнкү төрт партия арасында гана өз ара бөлүштүрүлөт.
- «Ата-Журт Кыргызстан» — 27 мандат;
- «Улуттар биримдиги» — 11 мандат;
- «Ыйман Нуру» — 4-5 мандат;
- «Ынтымак» — 3-4 мандат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
23.07.2025 / Автор anarkan_kg БИР ЖУМА ИЧИНДЕ ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА 318 МАС АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ
-
-
21.07.2025 / Автор anarkan_kg МУНАРБЕК СЕЙИТБЕК УУЛУ АЛГАЧКЫ БЕТТЕШИНДЕ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИ
-
-
-
26.03.2025 / Автор anarkan_kg БАТКЕН ОБЛУСУНДА МАНДАРИН ӨСТҮРҮЛӨТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.