Аймак

МИЛИЦИЯ АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ЖАНА МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАРГА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮШТҮ

МИЛИЦИЯ АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ЖАНА МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАРГА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮШТҮ

 1,689 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Мыйзамдагы өзгөртүүлөрдүн негизинде милициянын үстүнөн айтылган бир топ сын-пикирлерге карабастан жер-жерлерде милиция өзүнүн милдеттерин так аткарып, коомдук тартипти көзөмөлдөөдө жана ар кандай мыйзам, укук, тартип бузуулардын алдын алуу максатында тиешелүү иш-чараларды байма-бай жүргүзүп келүүдө.

Жалал-АбадОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Базар-Коргон РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекторлору райондук спорт комитети менен биргеликте, район жана шаар аралык мектепо куучуларыа расында, спорттун бокс түрү боюнча А.Худайбердиев мектебинин спорт залында жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында мелдеш өткөрүштү. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр уюштуруучулар тарабынан даярдалган баалуу белектер жана грамоталар менен сыйланышты.

Ал эми ошол эле мезгилде Аксы РИИБдин КККнын участкалык инспекторлору өздөрүнүн тейлеген аймагында жашаган аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жакындан жардам көрсөтүшүп аруу, таза, назик болгон көңүлдөрдү көтөрүүгө жетишип, жергиликтүү тургундардын алкышына татышты.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17