Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,998 Бардыгы / Ноокат районунда жайланышкан Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгында ушул тапта иш абдан кычаган маалы. Анткени чөлкөмдө акыркы күндөрдө жамгыр челектеп төгүп, ага улай мөндүр дагы катуу нөшөрлөп, мунун кесепетинен дарыялар алмак-салмак ташкындап, сел коркунучу ого бетер күчөдү. Мындайда суу агымын секин тизгиндеп, бир нукка салуу абдан чоң азапка […]
2,999 Бардыгы / Ноокат районунда жайланышкан Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгында ушул тапта иш абдан кычаган маалы. Анткени чөлкөмдө акыркы күндөрдө жамгыр челектеп төгүп, ага улай мөндүр дагы катуу нөшөрлөп, мунун кесепетинен дарыялар алмак-салмак ташкындап, сел коркунучу ого бетер күчөдү. Мындайда суу агымын секин тизгиндеп, бир нукка салуу абдан чоң азапка […]
ЖАЛГЫЗ НАЙМАН ЭКИ РАЙОНДУН ЭЛИН СУГАТ СУУ МЕНЕН КАМСЫЗДАП КЕЛАТАТ
25.05.2021 / Автор anarkan_kg3,000 Бардыгы /
Ноокат районунда жайланышкан Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгында ушул тапта иш абдан кычаган маалы. Анткени чөлкөмдө акыркы күндөрдө жамгыр челектеп төгүп, ага улай мөндүр дагы катуу нөшөрлөп, мунун кесепетинен дарыялар алмак-салмак ташкындап, сел коркунучу ого бетер күчөдү. Мындайда суу агымын секин тизгиндеп, бир нукка салуу абдан чоң азапка айланып олтурат.
Аданбек МАДУМАРОВ, Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын техникалык коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси: “Биздин аймак жаратылыш катаклизмдеринин (сел, суу ташкыны, жер көчкү) тилкесинде жайланышкан. Ошондуктан, биз карманган графикти бузуп, көбүн эсе күнү-түнү кирпик ирмебестен иштейбиз. Адистерибиз, бактыга жараша, жетиштүү. Маяна аздыгына карабастан, патриоттук кылып жана эптеп чыдап гана иштеп жатышат. Ошентсе дагы, буларды жыл сайын аттестациялап, кесиптик сыноодон такай өткөрүп турабыз”.
Бектемир БЕГИШОВ, Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын башкы инженери: “Өзүңүздөр кыдырып көрдүңүздөр го, техникаларыбыз эбак эскирген. Элибиз айтат эмеспи, “Эскини эптегиче, эсиң кетет” деп. Айла жок, булардын баарын тең дагыле эптеп оңдоп-түздөп иштетип жатабыз. Ушул тапта заманбап экскватор, КАМАЗ, портерлерге аябай эле муктажбыз! Кыргыз Өкмөтү Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгына ушул жагынан дадил каралашса, куп гана сообубузга калаар эле…”
Абдылаким АБСАИТОВ, Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын суу пайдалануучулар бөлүмүнүн башчысы:“Ушул күндөрдө күнү тыным, түнү уйку көрбөстөн иштеп жатабыз. Анткени, биз тейлеген Араван жана Ноокат райондорунун дыйкандары жана жергиликтүү тургундары дал бүгүн сугат сууга чаңкап турушкан маалы.Булардын күнүмдүк муктаждыктарын бүгүн сөзсүз чечип, аларды жетиштүү көлөмдөгү суу менен үзгүлтүксүз камсыздабасак, албетте, мол түшүмдөн куржалак калабыз. А мунун кесепетинен күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк ашкере кымбаттап, өрөөнүбүздө экономикалык каатчылык жаралат. Демек, зарылчылыкка жараша баарыбыз тең эриш-аркак иштешип келатабыз”.
Кепке аралашкан Ноокат районундагы Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын жетекчиси Индижан ГАЛБАЕВ буларга кеңири токтолду.
“Биздин ишканабыз ар кандай кыйынчылыктарга карабастан Араван районунун Төө-Моюн анклавын, Ноокат районунун Жаңы-Ноокат, Бел-Карагач, Көк-Жар, Он-Эки-Бел, Төөлөс Айыл Өкмөттөрүн сугат суу менен толук кандуу жана туруктуу камсыздап келатат”, – деди Ноокат районундагы Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын жетекчиси Индижан ГАЛБАЕВ. – Көпчүлүгүтетири ойлошкондой, биз сууну эч кимге сатпайбыз! Тескерисинче, керек маалда дыйкандарды жана жергиликтүү тургундарды зарыл өлчөмдөгү сугат суу менен тынымсыз гана камсыз этип келатабыз. Былтыр Кыргыз Өкмөтү ишканабызга 7 миллион 556 миң сом акча ажыраткан. Мунун 4 миллион 986 миң сомун маянага максатуу жумшадык. 746 миң 700 сомду соцфондго чегердик. 462 миң сомду башкармалыктын абдан зарыл керектөөсүнө жумшадык. 103 600 сомду электр энергиясына төлөдүк. Айланайындар, ар бир тыйыныбыз эсептелүү. Ошондуктан, аз каражатты сарамжалдуу сарптаганга гана бекем ыктадык. Биздин мындан башка айлабыз жок!
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Ноокат районунда жайланышкан Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы тээ Союз маалында 1966-жылы курулган. Ошондо Араван районуна караштуу Төө-Моюн жергеси накта чөл эле. Бул аймакка адамдарды көчүрүп жайланыштырып, жаңы өздөштүрүлүп жаткан өрөөндү андан ары ырааттуу өнүктүрүү максатында аталган суу сактагычты курушкан. Кийинчерээк бул суу сактагычка Төө-Моюн, Кыргыз-Ата, Апшыр жана Жер каналдары дагы өзүнчө топ катары бириктирилген.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДАН ОШКО ДЭЭРЛИК 400 ТОННА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ
-
13.02.2024 / Автор anarkan_kg ЧОҢ-АЛАЙДА МЕТАЛЛУРГИЯЛЫК ЗАВОД КУРУЛАТ
-
19.02.2024 / Автор anarkan_kg СУЗАК РАЙОНУНДА 2015-ЖЫЛЫ АДАМ ӨЛТҮРГӨН КИШИ КАРМАЛДЫ
-
27.02.2024 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ӨКМӨТ БАШЧЫ ДАЙЫНДАЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.