Аймак

ОШТУКТАР ДОРБУШТАРЫН ДАГЫЛЕ ПАРТИЯЛАРГА САТЫП ЖИБЕРИШТИ

ОШТУКТАР ДОРБУШТАРЫН ДАГЫЛЕ ПАРТИЯЛАРГА САТЫП ЖИБЕРИШТИ

 927 Бардыгы /

          Ушул жылдын 11-апрелиндеги Ош шаардык Кеңешинин шайлоосу өтө эле орой мыйзам бузуулар менен коштолду. А түгүл добуштар базардагыдай бааланып, ачык эле сатылды. Ошол себептүү Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) саясий өнөктүктүн жыйынтыгын акырында жокко чыгарып, моминтип кайра эле 11-июлга жаңыдан шайлоо дайындаган.

          Тилекке каршы, бул ирет деле Кыргыз Республикасынын Түштүк башкалаасынын тургундары өткөндөн сөзсүз сабак алып,  кетиришкен катачылыктарын дегеле моюндашкан жок! Тескерисинче, акыркы саясий өнөктүктүн жүрүшүндө добуштар кадимки тизмелер менен ачык эле дүңүнөн соодаланды.

         

Мирлан ОРОЗБАЕВ, «Улуу Журт» партиясынын өкүлү:

– Административдик ресурстарын үзгүлтүксүз колдонуп атышып, «Ата Журт-Кыргызстан» мурунку Ош шаардык Кеңешинин шайлоосунда 45 мандаттын 28ин алган эле. А азырчы? Бул мансапкорлор өткөндөн дегеле сабак алышкан жок! Булардын тизмесине бекем үңүлсөк, бүт эле депутаттыкка аттанышкандар – Ош шаарында жалаң гана жетекчи кызматтарды аркалагандар. Бири дагы шайлоого аттанып жатып мамлекеттик кызматын тапшырган эмес! Ошону үчүн 11-июлда алардын бардык кызматкерлери шефтерин Ош шаардык Кеңешине депутаттыкка шайлатыш үчүн буту үзүлгөнчө жүгүрүп жүрүшпөдүбү…

          Ош шаарынын мурунку мэри, «Улуттар Биримдиги» партиясынын жол башчысы Мелисбек Мырзакматов 11-июлдагы эң олуттуу саясий өнөктүктүн дагыле өтө орой мыйзам бузуулар менен коштолгондугун мындайча шардана кылды.

– Кечээгил «Биримдик» жана «Мекеним – Кыргызстан» партияларынын тизмеси аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанышып, а түгүл ошогездеги  Президент Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтүнөн мурун тактан кулатылышын шартташкандар бүгүн Ош шаардык Кеңешине бийликчил «Ата Журт – Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка шайланып олтурушат, – деп аябай чырылдады     Ош шаарынын мурунку мэри, «Улуттар Биримдиги» партиясын жетектеп шайлоого катышкан Мелисбек Мырзакматов. – Президент Садыр Жапаровдун Бийликтитазалаганы, Ош шаарынын парламентине пакиза гана инсандарды апкелем деген убадасы  ушулбу? Дегиңкиси, кыргыздар Бийликти ушинтип утуру алмаштыруудан эмне таптык, ыя?

Бирок, мындай бир беткей бүтүмгө Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Бекмырза ЗУЛУЕВ дегеле кошулбайт!

– Эң башкысы: азыркы Ош шаардык Кеңешинин шайлоосунун жүрүшүндө административдик ресрустарды урунгандарды такыр эле  ооздуктадык. Мурда бизге жогортон – Ак /йдөн түздөн-түз көрсөтмө берчүлөр, а түгүл анын аткарылышын дагы тыкыр көзөмөлдөгөндөр дээрлик тыйылды! – деп кашкайган чындыкты моюндады Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Бекмырза ЗУЛУЕВ. – Бул сапар баарын тең шайлоочунун өз ыктыярына гана койдук. А добуштарын акчага саткандарды мыйзам чегинде токтоосуз жазалоо гана абзел! Анткени, бул адат ошондо гана башкаларга чындап ачуу сабак болоору шексиз!

Жамшит КУРБАНБАЕВ, шайлоочу: – Көрдүңүздөр го. Эл тээ мурункдай добуш берүүгө активдүү аралашпай эле калды. Шайлооонун илгеркидей деле шаңы жок! Анткени, мурун эптеп шайлангандар Ош шаардык Кеңешине түндүктөн эле түшүп калышкандыгын баарыбыз тең жакшы билебиз. Дал ошолор калкты биротоло түңүлдүрүп, депутаттарга элдин ишенимин ыраса өчүрүштү. Жек көрүү сезимин гана жүрөккө бекем орнотуп ташташты. Эми дал ошол илгерки ишенимди кайра жаратуу жана жүрөккө бекем орнотуу дагы кыйлалаган убакыттуу гана талап кылат…

Ал эми жергиликтүү Кеңештердин шайлоосуна такай абай салып келаткан серепчи Жыргалбек Жээнбеков 11-июлдагы саясий өнөктүк дагыле кадам сайын оркойгон мыйзам  бузуулар менен коштолгондугун жашырган жок!

– Ыя, айланайындар! Ош шаарында айрым обу жок парнтиялар шайлоочулардын тизмелерин алдын ала түзүшүп, а түгүл алардын добуштарын ачыктан ачык үргүлжүм сатып алышпадыбы. Мындан дагы өкүнүчтүүсү:  бир катар партиялар административдик ресурстарды коркпостон кадимикидей эле пайдаланышты, – дейт ата мекендик серепчи Жыргалбек Жээнбеков. – Тилекке каршы,Ош шаарынын бардык укук коргоо органдары дал ушул фактыларды эмнеге убагында аңдышып, тыкыр иликтешпеди. А үгүл дегеле көзөмөлдөшкөн жок! Демек, суроо туулат… Эмнеге?

 А түгүл «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Оштогу өкүлү Замирбек Шамидин уулу дагы добуштарды үргүлжүм сатып алууну териштирүү, башка дагы мыйзамсыз фактыларды кенен-чонон сүрүштүрүү талаптары таптакыр аткарылбаса, алардын санаалаштары мөөнөтсүз нааразычылык акцияларын жарыялашаарын дагы катуу эскертти.

Жашырып не.Ош шаарындагы бардык шайлоо тилкелеринде Бийлик бүтүндөй административдик ресурстарын коркпостон эле пайдаланбадыбы, – деп ызаланды «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Оштогу өкүлү Замирбек Шамидин уулу. – Ошентип,бул жолку Ош шаардык Кеңешинин шайлоосунда деле добуштар ачык эле сатылды. А биз, чындыгында, бул жолку шайлоо абдан таптаза өтөт деп ыраса үмүттөндүк эле. Аттиң… ошол аруу телигибиз минтип таш капты…

Соңку сааттарда БШК төрайымы Нуржан ШАЙЛДАБЕКОВА Ош шаардык Кеңешинин шайлоосунун адепки жыйынтыктарын жар салды. Ошентип,  Ош шаардык Кеңешинин шайлоосунда төрт партия жети пайыздык чекти багындарды.

     – Адепки маалыматтарга ылайык, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясына 18 мандат, «Биздин Кыргызстан» партиясына 15 мандат, «Улуттар биримдиги» партиясына 7 мандат, «Бир Бол» партиясына 4 мандат бөлүштүрүлдү, – деди  БШК төрайымы Нуржан ШАЙЛДАБЕКОВА.

Баса, шайлоонун жыйынтыгына таптакыр макул болбогон калган партиялар – «Бүтүн Кыргызстан», «Келечек-Будущее», «Нур», «Ынтамак»маселелерпн сот жана нааразычылык акциялары аркылуу чечүүгө ыкташты…

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17