Аймак

АЛАЙКУУ ӨРӨӨНҮНҮН КҮЙӨӨ-ТАШ АЙЫЛЫНДА СЕЛ ЖҮРҮП, 12 ҮЙДҮ СУУ КАПТАДЫ

АЛАЙКУУ ӨРӨӨНҮНҮН КҮЙӨӨ-ТАШ АЙЫЛЫНДА СЕЛ ЖҮРҮП, 12 ҮЙДҮ СУУ КАПТАДЫ

 1,701 Бардыгы /

          ОШ. Акыркы күндөрдө Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар Айыл Өкмөтүнө караштуу Күйөө-Таш айылында катарынан катуу сел жүрдү. Бул жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ошентип, нөшөрлөп абдан катуу жааган жандын кесепетинен кокту-колоттордон катуу сел жүрүп, 12 үйдүн короосун каптап жана 1,5 чакырым аралыктагы ички чарбалык жолду дагы кум-шагылга толтуруп, керектен чыгарды.  Бактыга жараша жаратылыш кырсыгынын кесепетинен жапа чеккендер жок.

Ушул тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын отряды жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин бара-бара жоюунун  үстүндө абдан катуу иштеп жаткан чагы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17