Аймак

ӨЛКӨБҮЗДӨ ТЫНЧТЫК, ЭЛИБИЗДЕ БЕЙПИЛЧИЛИК БОЛСУН!

ӨЛКӨБҮЗДӨ ТЫНЧТЫК, ЭЛИБИЗДЕ БЕЙПИЛЧИЛИК БОЛСУН!

 1,635 Бардыгы /

Кадырман мекендештер, шаарыбыздын жашоочулары жана коноктору!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык маарекеси менен чын дилимден куттуктайм. Бул күн биздин мамлекетибиз, анда жашап жаткан ар бир жаран үчүн эң маанилүү майрам.

Эгемендигибиз — ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурасыбыз. Биз жашап жаткан эркин, көз карандысыз өлкөнүн ар бир карыш жерин сактоо үчүн, мамлекеттүүлүк үчүн, кезинде кыргыздын канчалаган чыгаан инсандары, баатырлары жанын берип, бейиштей болгон жерибизди бизге мураска калтырышкан. Өлкөбүз 30 жыл аралыгында көптөгөн сыноолорду башынан өткөрдү. Анын баарын элибиздин ынтымагы, биримдиги менен жеңип, өнүгүүгө багыт алдык. Биз көп улуттан ширелген, ынтымакты бийик тутуп, достукту кастарлаган, тарыхы терең, кылымдан кылымга уланып келе жаткан салты, маданияты бар улуу элбиз. Мунун барын келечек муунга татыктуу өткөрүп берүү ар бирибиз үчүн ыйык милдет!

Өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын 30 жылдык маарекеси барыбызга кут болсун! Өлкөбүздө тынчтык, элибизде бейпилчилик, токчулук болуп, ар бир үйдө жакшылыктар гана орун алсын! 

Эрнисбек ОРМОКОВ, 

Жалал-Абад шаарынын мэри

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17