Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
2,530 Бардыгы / Урматтуу Жалал-Абад облусунун тургундары жана коноктору! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жалпы аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан 31-август- Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм! Бул мамлекетибиз үчүн улуу күн. Көз карандысыздыгыбыз–эң ыйык дөөлөтүбүз, эң бийик сыймыгыбыз. Эгемендигибиз–ыйык мурасыбыз. Эркиндигибиз–ар бирибиздин жүрөгүбүздүн тереңинде жашай турган сезимибиз. Улуулардан […]
2,531 Бардыгы / Урматтуу Жалал-Абад облусунун тургундары жана коноктору! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жалпы аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан 31-август- Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм! Бул мамлекетибиз үчүн улуу күн. Көз карандысыздыгыбыз–эң ыйык дөөлөтүбүз, эң бийик сыймыгыбыз. Эгемендигибиз–ыйык мурасыбыз. Эркиндигибиз–ар бирибиздин жүрөгүбүздүн тереңинде жашай турган сезимибиз. Улуулардан […]
АСМАНЫБЫЗ АЧЫК, ТҮНДҮГҮБҮЗ БИЙИК БОЛСУН!
31.08.2021 / Автор anarkan_kg

2,532 Бардыгы /
Урматтуу Жалал-Абад облусунун тургундары жана коноктору!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жалпы аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан 31-август- Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм! Бул мамлекетибиз үчүн улуу күн. Көз карандысыздыгыбыз–эң ыйык дөөлөтүбүз, эң бийик сыймыгыбыз. Эгемендигибиз–ыйык мурасыбыз. Эркиндигибиз–ар бирибиздин жүрөгүбүздүн тереңинде жашай турган сезимибиз. Улуулардан алып, урпактарга өткөрүп берчү аманатыбыз.
Өлкөбүз эгемендүүлүк алып мамлекет катары калыптануудагы 30 жыл аралыгында бир топ татаал күндөрдү баштан өткөрдү. Кыйын күндөрдө акылман кыргыз элибиз биримдигин чыңдап, өнүгүүгө карай бет алып келет. Жыл өткөн сайын Кыргызстан бардык тармактарда дүйнө элдери менен тең тайлаша өнүгүү жолунда десек болот. Алсак, билим берүү, маданият жана спорт тармагы.
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгынын алкагында тургундарыбызга майрамдык көтөрүңкү маанай тартуулоо максатында бир топ маданий жана спорттук иш-чаралар уюштурулуп келүүдө. Ушул жылдын 20-август күнү республикалык ири масштабдагы “Алтын өрөөн” кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин фестивалы, аны менен бирге 28-август күнү Ноокен районунда “Ноокен–мистенин мекени” аталышындагы эл аралык фестивал өттү. Бул облусубузда өндүрүлгөн мистени кайра иштетүү менен экспортко алып чыгууга чоң шарт түзүү максатын көздөйт. Фестивалдын алкагында дыйкандарыбыз бир нече келишимдерди түзүүгө жетишишти. Ошондой эле жаштарды спортту сүйүүгө жана сергек жашоого үндөөдө 28-август күнү Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында алыш күрөшү боюнча өкүлдүн кубогу өткөрүлдү.
Жалал-Абад облусунун аймактарын өнүктүрүү, калктын социалдык муктаждыктарын камсыздоо, инфратүзүмдү жакшыртуу максатында бир катар иш аракеттер көрүлүүдө. Айта кетсек, жыл башынан бери 6 балдар бакчасы ачылып, дагы төрт имараттын курулушу аяктоо алдында турат. Билим берүү, саламаттыкты сактоо жаатында да ири курулуштар жүзөгө ашты. Азыркы учурдагы биздин эң башкы багыт өндүрүштү жандантып, калкты жумуш менен камсыздоо. Ушул жылдын алты айында облус аймагында 500дөн ашуун жаңы жумуш орундары түзүлдү. Облустун ар тараптуу өнүгүүсүндөгү аракеттерибиз мындан ары да күчөтүлөт.
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен дагы бир жолу чын жүрөктөн куттуктайм! Көз карандысыздыгыбыз түбөлүккө уланып, элибиздин ден соолугу бекем, бардарчылыкта өмүр сүрсүн! Асманыбыз ачык, түндүгүбүз бийик болсун!
Абсаттар СЫРГАБАЕВ,
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
09.03.2026 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН МЭРИ ҮЧ ЭМ ТӨРӨЛГӨН ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ
-
18.03.2026 / Автор anarkan_kg ЛЕЙЛЕКТЕ 3 МИҢДЕН АШЫК ЖАШООЧУ ТАЗА СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ ЭТИЛЕТ
-
09.04.2025 / Автор anarkan_kg КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ СТРАТЕГИЯНЫ ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГДЕР БОЛУП ӨТТҮ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.