Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,342 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 13-сентябрь күнү Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагында кенге байланыштуу турак жайлары санитардык зонага кирип калган жашоочулар менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Алтынбек Сеңирбаев, компания өкүлдөрү жолугушту. Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагындагы жергиликтүү эл кен казууга тартылган техникалардын үнү түнкүсүн дагы тынчтык […]
1,343 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 13-сентябрь күнү Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагында кенге байланыштуу турак жайлары санитардык зонага кирип калган жашоочулар менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Алтынбек Сеңирбаев, компания өкүлдөрү жолугушту. Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагындагы жергиликтүү эл кен казууга тартылган техникалардын үнү түнкүсүн дагы тынчтык […]
ТЕРЕК-САЙДАГЫ САНИТАРДЫК ЗОНАГА КИРГЕН 62 ҮЙ БАР
14.09.2021 / Автор anarkan_kg

1,344 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 13-сентябрь күнү Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагында кенге байланыштуу турак жайлары санитардык зонага кирип калган жашоочулар менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Алтынбек Сеңирбаев, компания өкүлдөрү жолугушту.
Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагындагы жергиликтүү эл кен казууга тартылган техникалардын үнү түнкүсүн дагы тынчтык бербей, күндүз көчөгө суу убагында себилбей, тоодон сапырылган чаң дем алууда ыңгайсыздык жаратып жатканын айтып, нааразы болушту. Ыйгарым укуктуу өкүл А. Сыргабаев элге баары мыйзам чегинде жүргүзүлүүсү керектигин белгилеп, компания өкүлдөрүн элдин айткан пикирлерин да эске алууга чакырды.
“Биз да сиздер айткан маселени компания өкүлдөрүнө коюп жатабыз. Азыр да айтабыз, компания өкүлдөрү элге жумушуңардын зыяны тийбесин. Чаң басып жатканын айтып жатасыздар. Бүгүндөн тарта район акими сиздер менен кошо ушул жерде жашайт. Сиздер дем алган абадан дем алат”, – деди өкүл.
Облус башчынын айтымында, аким санитардык зонадагы 62 түтүн эл менен калды. Бүгүн да ар бир үйгө кирип, алардын ой-пикирлерин угуп, компания сатып алууну көздөп жаткан үйлөрдүн короо жайларына чейин жеринен көрүп чыгууда.
62 үй-бүлөнүн 22си гана документтери толук алынып бүткөн. Турак жай, короолорун баалоо үчүн барган көз карандысыз баалоочулардын жумушуна тоскоолдук болгон учурлар да орун алган. Тактап айтканда короосуна киргизбей же үй документтерин көрсөтпөй койгон үй-бүлөлөр да болгон. Ошондуктан акимге санитардык зонага кирип калган ар бир үй-бүлө менен жакындан сүйлөшүп чыгуу тапшырмасы берилди.
Облус башчысы жакынкы күндөрү жергиликтүү тургундардын ден соолугун текшерүүдөн өткөрүү боюнча облустан аталган жерге атайын дарыгерлер жөнөтүлө турганын белгиледи.
Тактай кетсек, Терек-Сай айыл аймагындагы Терек-Кан кенине «Эти Бакыр Терек-Сай» компаниясы ачык жана жабык түрдө казуу ишин жүргүзөт. Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан аталган компанияга ачык карьерге лицензия берилген. Лицензия алынган аймакка Мырзабаев көчөсүнүн тургундары жакын болуп калгандыктан 62 үй санитардык зонага кирген. Мындан улам компания үйлөрдү сатып алмак болушкан. Учурда көз карандысыз баалоочулар тарабынан бааланууда.
Учкрда “Эти Бакыр Терек-Сай” ишканасында 646 адам иштейт, алардын 90%ы жергиликтүү тургундар.
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫН БИРИНЧИ СПУТНИГИ ОРБИТАГА ЧЫГАРЫЛДЫ
-
21.10.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫЛ ТҮМӨНБАЕВАНЫН 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ
-
03.12.2025 / Автор anarkan_kg ОБЛУС БАШЧЫ БАЛДАРДЫН СОЦИАЛДЫК-СТАЦИОНАРДЫК МЕКЕМЕСИНЕН КАБАР АЛДЫ
-
27.01.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ИНКЛЮЗИВДҮҮ ПЛАТФОРМА ЛИФТИ ОРНОТУЛДУ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.