Аймак

USAID КОЛДООСУНДА БАТКЕНДЕ ЭҢ ЧОҢ КИЙИМ ТИГҮҮ ФАБРИКАСЫ ИШТЕП ЖАТАТ

USAID КОЛДООСУНДА БАТКЕНДЕ  ЭҢ ЧОҢ КИЙИМ ТИГҮҮ ФАБРИКАСЫ ИШТЕП ЖАТАТ

 1,419 Бардыгы /

          БАТКЕН. Cool Bros компаниясы Кызыл-Кыя шаарындагы фабриканын бир жылдыгын белгиледи.  Кыргызстандын түштүгүндөгү эң ири тигүү фабрикаларынын бири АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча Агенттигинин (USAID) колдоосу аркасында былтыр ишке киришкен. USAID “Конкуренттүү ишкана” долбоорунун алкагында заманбап тигүү жабдууларына 214 миң АКШ долларын бөлүп берсе, ал эми Cool Bros компаниясы оңдоо жана башка капиталдык чыгымдарга 260 миң АКШ долларын инвестициялаган.

Кызыл-Кыя шаарындагы тигүү фабрикада ушул тапта500дөн кем эмес адам эмектенет. Ошентип, ал Баткен облусундагы эң ири жумуш берүүчү ишканага айланды. Жумушчулардын көпчүлүгү – жергиликтүү аялдар жана жаштар. Жакынкы келечекте бул ишкана эки нөөмөттүк тартипке өтүп, жумушчулардын санынын дагы эки эсе көбөйүшү күтүлүүдө. 

-Быйыл биз Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын 30 жылдыгын белгилеп жатабыз. Ушул жылдар аралыгында экономиканы өнүктүрүү жана кыргызстандыктар үчүн жумуш орундарын түзүү – биздин башкы приоритет болуп эсептелет, – деди USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директорунун милдетин аткаруучу Кит Симмонс. – Ал эми биздин жардам Баткен облусун өнүктүрүүгө салым кошуп жатканынына дагы биз өзгөчө кубанычтабыз! Баарыбыз билгендей эле, бул эң алыскы облусттун ырааттуу өнүгүшү азыр Кыргыз Өкмөтү үчүн өзгөчө маанилүү.

Кызыл-Кыя шаарындагы тигүү фабрикасы ай сайын 500 миң бирдикке чейин кийимди өндүрө алат. Өндүрүмдүн сапаты эл аралык стандарттарга толук кандуу жооп бергендиктен, Cool Bros компаниясы экспорттоого чоң тапшырыктарды аткара алат. Компания өндүрүмдү ушул тапта коңшу өлкөлөргө экспорттоодо жана европалык кардарлар менен дагы келишим түзүүнү көздөп жатат.

-Биздин кызматкерлер – негизинен Кызыл-Кыя шаарынын жана ага жакын жайланышкан аймактардын тургундары.  Дээрлик Ноокат, Кадамжай жана Айдаркен калааларынан келип иштеп жатышат. Биз транспорт кызматтарын уюштуруу жана күнүнө эки маал тамак берүү менен кызматкерлерибизге жакшы эмгек шарттарын түзүп бердик, – дейт Кызыл-Кыядагы шаарындагы Cool Bros фабрикасынын директору Улукбек Кожоев.

Айтмакчы, Кыргыз Республикасынын президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдыкарим Алимбаев дагы кубанычы чоңдугун жашырган жок: – Бул ишканада жумуш орундары көбөйүп, ички жана тышкы миграциянын сээлдешине гана өбөлгө жаратып олтурат. Баткен облусунун экономикалык жаатында колдоо көрсөтүп жатканыңыздарга мен өтө кубанычтамын. Мен мындан ары дагы USAID жана Кыргыз Республикасы биргелешип, өлкөнү социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө кызматташат деп ишенем!

Айтмакчы, Cool Bros компаниясы – 14 жылдан ашуун тажрыйбасы бар өлкөдөгү эң ири кийимдерди өндүрүүчүлөрдүн бири. Компания токулган кийимдердин кеңири ассортиментин, мунун ичинде ички жана эл аралык рынок үчүн балдар, эркектер жана аялдар кийимдерин өндүрөт.

Ошентип USAIDдин “Конкуренттүү ишкана” долбоору текстиль, тамак-аш өндүрүшү, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, финансы жана башка чөйрөлөрдөгү чакан жана орто ишканалардын өндүрүшүн кеңейтүүгө жардамдашат. Долбоордун эң башкы максаты – ишканаларды кеңейтүү аркылуу Кыргызстанда жаңы жумуш орундарын түзүү. Программа буга чейин жалпысынан Кыргызстандагы 90дон ашык ишканага колдоо көрсөттү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17