Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
793 Бардыгы / БАТКЕН. Баткен облусунун транспорттук коридорлору – Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн коридорлору. Бул жөнүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда өткөрүлгөн «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» инвестициялык форумунда билдирди. Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров өз сөзүндө аталган аймактын артыкчылыктарын жана инвестициялык потенциалга ээ багыттарын санактады. Ал баса белгиленгендей, облустун негизги артыкчылыгы анын транзиттик дарамети […]
794 Бардыгы / БАТКЕН. Баткен облусунун транспорттук коридорлору – Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн коридорлору. Бул жөнүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда өткөрүлгөн «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» инвестициялык форумунда билдирди. Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров өз сөзүндө аталган аймактын артыкчылыктарын жана инвестициялык потенциалга ээ багыттарын санактады. Ал баса белгиленгендей, облустун негизги артыкчылыгы анын транзиттик дарамети […]
АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ: «БАТКЕНДИН ТРАНСПОРТТУК КОРИДОРЛОРУ ӨЛКӨБҮЗДҮН ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮСҮНӨ ӨБӨЛГӨ ЖАРАТАТ»
19.10.2021 / Автор anarkan_kg

795 Бардыгы /
БАТКЕН. Баткен облусунун транспорттук коридорлору – Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн коридорлору. Бул жөнүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда өткөрүлгөн «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» инвестициялык форумунда билдирди. Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров өз сөзүндө аталган аймактын артыкчылыктарын жана инвестициялык потенциалга ээ багыттарын санактады. Ал баса белгиленгендей, облустун негизги артыкчылыгы анын транзиттик дарамети болуп саналат. -Баткен облусунун транспорттук коридорлору – бул Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн коридорлору. Республика аркылуу көптөгөн миллиард рыногу бар Кытайга жетүүгө болот. Атап айтканда, Кызыл-Кыя ири чектеш логистикалык борбор боло алат. «Лейлек» Эрикн Экономикалык Ааймагы концепциясы каралууда. Мында көп жеңилдиктер көбөйтүлүп, инфратүзүмгө мамлекеттик туруктуу колдоо көрсөтүлөт. Мындан тышкары өнөктөштөрдүн колдоосу аркасында заманбап фитосанитардык көзөмөл лабораториясын курууга дагы мүмкүнчүлүк жаралат. Жалпысынан алганда, транзиттик-логистикалык дарамет аймакка гана эмес, өлкөгө дагы абдан чоң пайда алып келет. Ири инвесторлорду бул жаатта кызматташууга чакырам! – деди Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров. Ушуга улай Министрлер кабинетинин төрагасы аталган аймактагы негизги инвестициялык багыттарды дагы санактады. -Баткен облусундагы инвестициялоо багыттарынын бири – энергетика. Маселен, Ак-Суу, Козу-Баглан, Кожешкен, Исфайрамсай, Ак-Сай сыяктуу ири дайраларда чакан ГЭСтердин курулушу күтүлүүдө. Жергиликтүү бийлик чакан гидроэлектростанциялар үчүн жер бөлүүгө максималдуу колдоо көрсөтөт. Мындан тышкары облус тоо-кен өнөр-жай тармагында чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Башка багыт катары айыл-чарба тармагы саналат: аймактын мүмкүнчүлүктөрүн жана кластерин эске алуу менен мында заманбап заводдор жана кургатуучу цехтер ишке киргизилүүсү мүмкүн. Бүгүнкү күндө Дүйнөлүк Банк менен биргеликте болжол менен 50-60 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестициялар тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан чагы. Ошондой эле ири инвестицияларды ирригациялык долбоорлорго багыттоо зарыл! – деп агынан жарылды Акылбек Жапаров. Мындан тышкары дагы министрлер кабинетинин төрагасы баса белгилегендей, Кызыл-Кыя, Исфана, Кадамжай жана Айдаркен шаарларындагы өнөр жай ишканалары кайра иштеп баштоосу күтүлүүдө. Ошондой эле ал климаттык өзгөрүүлөрдү эске алып, суунун чоң көлөмүн талап кылбаган долбоорлорго инвесторлордун көңүлүн бурууну өтүндү. Баткен шаарындагы бул маанилүү иш-чара Кыргыз Республикасынын президентинин «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыгынын алкагында, Баткен облусунун экономикалык дараметин жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жаңы сапатка көтөрүү максатында өткөрүлдү. Кыскасы, жогорудагы форум Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо менген гана чектелбестен, ошондой эле маанилүү макулдашууларга жетишүүгө дагы зор мүмкүнчүлүкөрдү жаратты.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
09.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШМУда ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ЖУМАЛЫК ЖҮРҮП ЖАТАТ
-
18.04.2025 / Автор anarkan_kg “КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ” ААКтын АКЦИОНЕРЛЕРИНИН ЖАЛПЫ ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ
-
26.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ АНТИКИНОТЕАТРЛАРДЫ ЖАБУУНУ ТАЛАП КЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.