Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
1,327 Бардыгы / Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко “Фейсбуктагы” баракчасына Министрлер кабинетинин Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр алып келүүнү казакстандык компанияга берүү тууралуу тескемени чыгарды. Ал тескемеге ылайык, “Электр станциялары” акционердик коомуна таандык Бишкек ЖЭБдин от казандарын тейлөө милдети да көмүр алып келе турган Hampton Resources Limited компаниясына берилет. Президенттин расмий сайтына бул маалыматты тастыктаган түшүндүрмө […]
1,328 Бардыгы / Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко “Фейсбуктагы” баракчасына Министрлер кабинетинин Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр алып келүүнү казакстандык компанияга берүү тууралуу тескемени чыгарды. Ал тескемеге ылайык, “Электр станциялары” акционердик коомуна таандык Бишкек ЖЭБдин от казандарын тейлөө милдети да көмүр алып келе турган Hampton Resources Limited компаниясына берилет. Президенттин расмий сайтына бул маалыматты тастыктаган түшүндүрмө […]
ӨКМӨТ ЖЭБге КӨМҮР АЛЫП КЕЛҮҮНҮ КАЗАК КОМПАНИЯСЫНА БЕРДИ
21.10.2021 / Автор anarkan_kg

1,329 Бардыгы /
Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко “Фейсбуктагы” баракчасына Министрлер кабинетинин Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр алып келүүнү казакстандык компанияга берүү тууралуу тескемени чыгарды.
Ал тескемеге ылайык, “Электр станциялары” акционердик коомуна таандык Бишкек ЖЭБдин от казандарын тейлөө милдети да көмүр алып келе турган Hampton Resources Limited компаниясына берилет.
Президенттин расмий сайтына бул маалыматты тастыктаган түшүндүрмө чыкты.
“Президент Садыр Жапаровдун Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатындагы тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында, абага чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн төмөндөтүү жана борбордогу экологиялык кырдаалды жакшыртуу, кара түтүн боюнча кырдаалды чечүү, ошондой эле 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү максатында Министрлер кабинети бир катар натыйжалуу чараларды көрүүдө”, – деп айтылат расмий маалыматта.
Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Экономика жана финансы министри болуп турганда Экология боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова менен биргеликте Казакстандын Караганда облусунда иш сапары менен болгон. Ал жакта иштеп жаткан көмүр шахталары жана байытуучу комбинаттардын ишмердүүлүгү менен таанышкандан кийин “Ко” маркасындагы көмүрдү алуу сунушталганы кабарланды.
Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Hampton Resources Limited компаниясынын атын атагысы келбеген өкүлү “Азаттыкка” бул маалыматты тастыктады.
“Ооба, биз ушул күз айларында Кыргызстанга ири өлчөмдө көмүр жеткирдик. Бирок, учурда кыргыз тараптан көмүрдүн сапаты туура келеби, келбейби тастыктоо күтүп жатабыз. Азырынча комментарий бере албайм”.
Аталган компания Карагандадан көмүр ташыйт. Депутат Никитенко жеке менчик чет элдик компанияга мындай стратегиялык маанилүү объектини берүү чечимин сынга алды.
Никитенко казакстандык Hampton Resources Limited компаниясы Кыргызстанда биринчи ирет пайда болбогонун, жыл башында, январь айында ошол кездеги вице премьер-министр Равшанбек Сабиров компаниянын өкүлдөрү менен жолукканын да жазды.
Ачык маалымат булактарында Hampton Resources Limited мекемесинин кеңсеси Лондондогу даректи көрсөтүп, Казакстандагы айрым компаниялар менен кызматташары жазылган.
Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) 2021-2022-жылдын күз-кыш мезгилдери үчүн 1 миллион 650 миң тонна көмүр менен камсыздалышы керек. Анын миллион тоннасы жергиликтүү – Кара-Кеченин көмүрү. Калганы Казакстандан импорттолот. Андан тышкары, “Газпром-Кыргызстандан” 68 миллион кубметр газга келишим түзүлгөн.
2018-жылы январда ЖЭБде авария болуп, борбор калаа бир нече күн жылуулугу жок калган. Кийин ишкананын реконструкциясы боюнча “Коррупция” беренеси менен иш козголуп, айрым мурдагы жетекчилер соттолгон.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
21.10.2025 / Автор anarkan_kg УЛАНБЕК САТИЕВ УТРКнын БАШКЫ ДИРЕКТОРУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
-
21.10.2025 / Автор anarkan_kg КЫШКЫ ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАЙЛЫ
-
01.04.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК ООРУКАНАСЫНА 7 КАБАТТУУ ИМАРАТ КУРУЛАТ
-
08.04.2025 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНУН САРЫ-БУЛУҢ ӨЗӨНҮНӨ 25 МИҢ КӨЧӨТ ОЛТУРГУЗУЛДУ
-
17.04.2025 / Автор anarkan_kg МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ДЕПАРТАМЕНТИ ТАРАБЫНАН ОКУТУУ ӨТТҮ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.