Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
1,561 Бардыгы / НЬЮ-ДЕЛИ. Индиянын башкалаасында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына арналган салтанаттуу кече аяктады. Бул маанилүү иш-чарага Индия Өкмөтүнүн, министрликтеринин жана ведомстволорунун, Нью-Делиде аккредиттелген дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Индиянын бизнес чөйрөсүнүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү активдүү катышышты. Кечеде Кыргыз жарандарын дарылап жаткан индиялык дарыгерлер жана жергиликтүү ЖОЖдордун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстан менен түрдүү долбоорлор […]
1,562 Бардыгы / НЬЮ-ДЕЛИ. Индиянын башкалаасында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына арналган салтанаттуу кече аяктады. Бул маанилүү иш-чарага Индия Өкмөтүнүн, министрликтеринин жана ведомстволорунун, Нью-Делиде аккредиттелген дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Индиянын бизнес чөйрөсүнүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү активдүү катышышты. Кечеде Кыргыз жарандарын дарылап жаткан индиялык дарыгерлер жана жергиликтүү ЖОЖдордун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстан менен түрдүү долбоорлор […]
НЬЮ-ДЕЛИДЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮНҮН 30 ЖЫЛДЫГЫ ЭМИ БЕЛГИЛЕНДИ
03.11.2021 / Автор anarkan_kg

1,563 Бардыгы /
НЬЮ-ДЕЛИ. Индиянын башкалаасында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына арналган салтанаттуу кече аяктады. Бул маанилүү иш-чарага Индия Өкмөтүнүн, министрликтеринин жана ведомстволорунун, Нью-Делиде аккредиттелген дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Индиянын бизнес чөйрөсүнүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү активдүү катышышты.
Кечеде Кыргыз жарандарын дарылап жаткан индиялык дарыгерлер жана жергиликтүү ЖОЖдордун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстан менен түрдүү долбоорлор боюнча кызматташкан академикалык чөйрө дагы катышышты. Бул иш-чаранын негизги коногу Индиянын тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри/Маданият боюнча мамлекеттик министри Менакши Лехи айым болду. Ал эми өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси Асеин Исаев Эгемендүүлүк адамзат тарыхындагы эң чоң сыймыктардын бири экенин баса белгиледи. Кыргыз Республикасынын эли, ошондой эле өлкөдөгү бардык улуттар жана этностор мамлекетибизди сактап калууга, ошондой эле Эл аралык коомчулуктун жооптуу мүчөсү болууга бекем умтулушат. Кыргыз Элчиси мындан тышкары Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасы бардык тармактарда тыгыз жана жемиштүү кызматташып жаткандыгын жана бүгүнкү күндө дагы булар дос өлкөлөр гана эмес, ошондой эле стратегиялык шериктештер экендигин дагы унуткан жок!
Индиялык тараптан куттуктоо сөзүн Тышкы иштер мамлекеттик министри М.Лехи айым өзү ачыктады. Айым Индия өкмөтүнүн атынан жалпы Кыргыз элин Эгемендүүлүк мааракеси менен чын ыкластан куттуктап, бул жылдар аралыгында Кыргызстан менен Индиянын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктүн жакшы, достук мамилелери өнүгүп келе жаткандыгын өзгөчө белгиледи. М.Лехи айым ошондой эле өз сөзүндө Кыргыз-Индия мамилелердин ырааттуу өнүгүшүнө жогору баа берип, Индия тарап аны өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө дагыле даяр экендигин билдирди.
«Элдердин достугу» аттуу концерттик программанын алкагында «Mirrors» бий театрынын укмуштуудай таланты, Кыргыз өнөрпоздору А.Джумакунова менен Ж.Мурат кызынын аткаруусундагы элдик ырлар иш-чаранын конокторуна улуттук колориттен зор ырахат алууга бекем шарт жаратты. Аталган иш-чаранын конокторуна өзгөчө Кыргыз аткаруучуларынын улуттук аспапта – комузда аткарган Индия ырлары абдан чоң таасир калтырды. Ошондой эле меймандарга Улуттук ашкананын түрдүү даамдары жана улуттук суусундуктар сунушталды. Кыргыздын мыкты каада-салттары менен тартууланган улуттук тамак-аштар иш-чаранын конокторунун арасында чоң алкышка арзыды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
19.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖАМУнун СТУДЕНТИ ОКУУ ЖАЙ ҮЧҮН ЭЛЕКТРОМОБИЛЬ ЖАСАДЫ
-
-
-
20.01.2026 / Автор anarkan_kg АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУ ЖАНА БААЛАРГА КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨТҮЛҮҮДӨ
-
09.02.2026 / Автор anarkan_kg ӨЛКӨ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК 48 АВТОМЕКТЕП АЧЫЛДЫ
-
19.02.2026 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН МЭРИНИН ҮЧ ОРУН БАСАРЫ КЫЗМАТЫНАН КЕТТИ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.