Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,072 Бардыгы / Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) эски буу казандарды тейлөө жана байытылган көмүр менен камсыздоо үчүн казакстандык Hampton Resources Limited компаниясы менен келишим түзүү тууралуу эч кандай иштер жүргүзүлгөн жок. Бул тууралуу “Электр станциялар” ишканасынын директору Талайбек Бектенов 3-ноябрда өткөн маалымат жыйынында билдирди. “Бишкек ЖЭБинин эски буу казандары башкарууга берилет деген кагаз бизге түшкөн […]
1,073 Бардыгы / Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) эски буу казандарды тейлөө жана байытылган көмүр менен камсыздоо үчүн казакстандык Hampton Resources Limited компаниясы менен келишим түзүү тууралуу эч кандай иштер жүргүзүлгөн жок. Бул тууралуу “Электр станциялар” ишканасынын директору Талайбек Бектенов 3-ноябрда өткөн маалымат жыйынында билдирди. “Бишкек ЖЭБинин эски буу казандары башкарууга берилет деген кагаз бизге түшкөн […]
БЕКТЕНОВ: КАЗАК КОМПАНИЯСЫ МЕНЕН КЕЛИШИМ ТҮЗҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГӨН ЖОК
04.11.2021 / Автор anarkan_kg

1,074 Бардыгы /
Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) эски буу казандарды тейлөө жана байытылган көмүр менен камсыздоо үчүн казакстандык Hampton Resources Limited компаниясы менен келишим түзүү тууралуу эч кандай иштер жүргүзүлгөн жок.
Бул тууралуу “Электр станциялар” ишканасынын директору Талайбек Бектенов 3-ноябрда өткөн маалымат жыйынында билдирди.
“Бишкек ЖЭБинин эски буу казандары башкарууга берилет деген кагаз бизге түшкөн эмес. Казакстандык Hampton Resources Limited компаниясынан тендер аркылуу 7 миң тонна көмүр алып жагып көргөнбүз. Илимий институт көмүрдүн күйүшү боюнча тыянагын чыгарган. Жалпысынан көмүр күйөт, бирок ташып келүү жана сактоо маселе жаратат. Буга чейин жагып жүргөн көмүргө караганда күлү көп чыгат. Бул көмүрдү дагы жакшылап билүү үчүн узак убакыт жагып көрүш керек”, – деди Бектенов.
Буга чейин Министрлер кабинетинин Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) көмүр менен камсыздоо жана буу казандарын тейлөө үчүн казакстандык Hampton Resources Limited компаниясы менен келишим түзүү тууралуу Энергетика министрлигине жөнөткөн тескемеси жарыяланган.
Президенттин расмий сайтына аталган тескеме тууралуу түшүндүрмө жарыяланып, анда казакстандык компания менен келишим түзүү жылуулук борборуна көмүр жеткирүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана ыш маселесин чечүү максатында жүрүп жатканы айтылган.
Hampton Resources Limited компаниясы тууралуу маселе 20-октябрда парламент отурумунда дагы көтөрүлгөн. Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Министрлер кабинетинин тапшырмасы боюнча так жооп бере албай, болгону жумушчу топ түзүлүп иштеп жатканын айтуу менен чектелген.
Ал эми Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Азиз Аалиев казакстандык компания менен келишим түзүү маселеси чечилгенин, техникалык жагдайларды гана сүйлөшүү калганын айткан.
3-ноябрга чейин Бишкек ЖЭБине Кара-Кечеден 210 миң тонна, Казакстандан 268 миң тонна, Таш-Көмүрдөн 6,5 миң тонна көмүр келген. Учурда Бишкек ЖЭБинде 203 миң тонна көмүр бар.
Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) 2021-2022-жылдын күз-кыш мезгилдери үчүн 1 миллион 650 миң тонна көмүр менен камсыздалышы керек. Анын миллион тоннасы жергиликтүү – Кара-Кеченин көмүрү. Калганы Казакстандан импорттолот.
Жайында Казакстандан импорттолчу көмүр боюнча тендерди казакстандык компания утуп, 643 миң тонна Кара-Жыранын көмүрүн алып келери белгилүү болгон.
Октябрдын башындагы маалыматка ылайык, борбордо 281 миң тонна көмүр бар болчу.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
25.04.2025 / Автор anarkan_kg АЛАЙКУУ ЖОЛУ – КЫЯМАТТЫН КЫЛ КӨПҮРӨСҮНДӨЙ
-
08.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ТОО КОЙНУНДАГЫ БОРБОРДО
-
26.05.2025 / Автор anarkan_kg БҮГҮН МЕКТЕПТЕРДЕ АКЫРКЫ КОҢГУРОО КАГЫЛАТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.